• English
  • Кыргызча
  • Русский
Укук коргоо жана контролдоочу органдардын кызматкерлерине сертификаттарды тапшыруу
Жарыяланган күнү : 
30/04/2009

2009-жылдын 30-апрелинде саат 11-00де «Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо» темасы боюнча кыска мөөнөттүү үч күндүк курстарды өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча укук коргоо жана контролдоочу органдардын кызматкерлерине күбөлүктөр тапшырылды.

Бул 2009-жылдын 27–30-апрелинде өткөн ушул курстун угуучуларынын экинчи тобу.

Бүтүрүүчүлөрдүн арасында Мамлекеттик бажы комитетинин, Финансы полициясы кызматынын жана Сот департаментинин кызматкерлери болушту.

Бул окуу курстарын КРнын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик укуктарын бузууларга каршы аракеттенүү боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин аткаруунун алкагында КРнын Мамлекеттик патент кызматы уюштурду.

Максаты: интеллектуалдык менчик жөнүндө жана интеллектуалдык менчикке укуктарды кыйла натыйжалуу коргоо жана ушул тармактагы укук бузууларга каршы аракеттенүү үчүн анын объектилерин коргоо жөнүндө билимдерди кеңейтүү.

Курстар 2009-жылдын мартынан баштап ай сайын өткөрүлөт.

Курстарды өткөндүгү жөнүндө күбөлүктөрдү Кыргызпатенттин Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган продуктуларды жана товарларды изилдөө жана эксперттөө башкармалыгынын начальниги Тимур Адилов салтанаттуу тапшырды.