• English
  • Кыргызча
  • Русский
«Интеллектуалдык менчик жөнүндө силер эмне билесиңер?» аттуу мектеп окуучулары үчүн викторина
Жайындалган күнү : 
2009-04-10

2009-жылдын 10-апрелинде саат 10.00 дө Кыргызпатент Мамлекеттик патентик-техникалык китепкана (МПТК) менен бирдикте мектеп окуучулары үчүн викторина өткөрдү.

Иш-чара 2009-жылдын «Жашыл инновациялар» аттуу урааны алкагында 26-апрель – Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүн майрамдоого карата өттү.

Иш-чаранын максаты мектеп окуучуларын алардын күндөлүк турмушунда интеллектуалдык менчик деген эмне экендигин түшүнүүгө тартуу жана аларда чыгармачылыкка кызыгууну ойготуу болду.

Викторинага шаардык мектептердин 9-класстарынын окуучулары катышты. Алар тарабынан ойлоп табуулар, товардык белгилер, автордук укук ж.б. жөнүндө суроолор берилди, андан кийин мектеп окуучулары Кыргызстандын кызыктуу адамдары, чыгармачыл ишмерлери жана ойлоп табуучулары жөнүндө кабардар болушту жана викторинаны «Жашыл инновациялар» деген тема боюнча плакаттардын сынагы жыйынтыктады.

Иш-чаранын аягында бардык катышуучуларга сыйлыктар: Кыргызпатенттин жана Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнүнүн символдук белгилери бар футболкалар, пазлдар, ручкалар менен блокноттор тапшырылды.

Андан кийин алар үчүн китепкананын бай фондусунан ойлоп табуучулук боюнча адабияттардын көргөзмөлөрү уюштурулду.