• English
  • Кыргызча
  • Русский
Ойлоп табуучу-рационализаторду сыйлоо жөнүндө
Жарыяланган күнү : 
08/04/2009

2009-жылдын 7-апрелинде Кыргызпатенттин имаратында рационализатор-ойлоп табуучу Владимир Григорьевич Килинди техникалык чыгармачылык жана рационализатордук тармактагы көп жылдык үзүрлүү эмгеги үчүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү.

Ойлоп табуучу-рационализаторго Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын Ардак грамотасын жана акчалай сыйлыгын Кыргызпатенттин деректири Улан Мелисбек тапшырды.

В.Г.Килин өзүнүн бүтүндөй эмгек ишмердүүлүгүндө рационализатордук-ойлоп табуучулук ишмердүүлүк менен алектенип келген жана 200гө жакын рационализатордук сунуштарды өздөштүргөндүгү үчүн “Кузбасстын мыкты рационализатору” деген наамга ээ болгон.

Владимир Григорьевич “Эмболияга каршы чыктагыч” аттуу ойлоп табуунун авторлорунун бири болуп эсептелет. Ушул ойлоп табуунун натыйжасында кан тамырларга бөтөнчө операцияларды жасоо мүмкүн болуп калды.

Ал хирургияда жетишкендик деп эсептелүүчү операцияларды жүргүзүү үчүн зарыл болгон жаңы түзүлүштөрдү түзүп гана жөн болбостон, бул түзүлүштөрдү алуу үчүн жабдууларды өзү конструкциялаган жана түзгөн. В.Г.Килин тарабынан түзүлгөн түзүлүштөрдүн аркасында адамдардын өмүрлөрү узартылган, диссертациялар жакталган, зарыл болгон түзүлүштөрдү жана аспаптардын деталдарын чет өлкөдөн алып келүүгө көз карандылык жоюлган.