• English
  • Кыргызча
  • Русский
“Кыргыз Республикасынын патент мыйзамдарын жакшыртуу жолдору” аттуу тегерек стол
Жарыяланган күнү : 
07/04/2009

2009-жылы 2-апрелде Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы тарабынан “Кыргыз Республикасынын патент мыйзамдарын жакшыртуу жолдору” аттуу тегерек стол өткөрүлдү.
Тегерек стол 26-апрель – Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүн майрамдоо алкагында уюштурулду.
Тегерек столдун ишине белгилүү ойлоп табуучулар, патент таануучулар, патенттин ишенимдүү өкүлдөрү, ошондой эле Кыргызпатенттин кызматкерлери катышты.
Тегерек столду өткөрүүнүн максаты – улуттук патенттик мыйзамдарды жакшыртуунун мүмкүн болгон жолдорун белгилөө жана кызыкдар болгон жактар менен Кыргыз Республикасынын Патент мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө сунуштарды талкуулоо.
Талкууда отурумдун катышуучулары тарабынан үч сунуш киргизилди:
1. Ойлоп табууларга кирбеген объектилердин чөйрөсүн кеңейтүү.
2. Маңызы боюнча экспертиза жүргүзбөстөн өтүнмөнү кароо учурунда өтүнмөнү жарыялоону алып таштоо.
3. Патенттин аракетин калыбына келтирүү жана пайдалануудан кийинки укук жөнүндө ченемдерди киргизүү.
Баяндамалар менен чыгып сүйлөөлөрдү, ошондой эле талкуунун жүрүшүндө келип түшкөн сунуштарды жана эскертүүлөрдү угуп жана талкуулап, тегерек столдун катышуучулары жогоруда аталган багыттар боюнча колдонуудагы патенттик мыйзамдарды жакшыртууга өздөрүнүн кызыкдар экендиктерин көрсөтүштү жана жаңы мыйзам долбоорун иштеп чыгууда интеллектуалдык ишмердүүлүк чөйрөсүндөгү бардык катышуучулардын пикирлерин эске алууну сунуш кылышты.