• English
  • Кыргызча
  • Русский
Евразиялык патенттик уюмунун Административдик Кеңешинин XXI (VI кезексиз) отуруму
Жайындалган күнү : 
2009-04-02

Кыргызпатенттин деректири Улан Мелисбек 2009-жылдын 30-31-мартында Москвадагы Евразиялык патенттик уюмдун (ЕАПУ) штаб-квартирасында өткөн Евразиялык патенттик уюмдун Административдик Кеңешинин (ЕАПУнун АК) (VI кезексиз) XXI отурумуна катышты.
ЕАПУ АКтын төрагасы болуп Молдова Республикасынын ыйгарым укуктуу өкүлү Дориан Кирошка эсептелет.

Күн тартибине ылайык отурумда Евразиялык патенттик конвенцияга карата Патенттик нускамага өзгөртүүлөрдүн долбоору каралды.
Административдик Кеңеш ЕАПУ АКтын ХХ отурумунун чечиминин негизинде экинчи алты жылдык мөөнөткө Евразиялык патенттик ведомствонун Президенттигине А.Н.Григорьевдин дайындалышын бир добуштан кабыл алды.
Ошондой эле 2009-жыл үчүн “Ойлоп табуучулук жана патенттик ишке кошкон салымы үчүн” Блинников атындагы алтын медалдын лауреаттары бекитилди.