31.03.2009, Москва 09:17:39 Россияда “Патенттин ишенимдүү өкүлдөрү жөнүндө” мыйзам күчүнө кирди. Бул мыйзам 2008-жылдын 24-декабрында Мамлекеттик дума тарабынан кабыл алынып, 2008-жылдын 29-декабрында Федерациялык Кеңеш тарабынан жактырылган жана РФнын президенти Д.Медведев тарабынан кол коюлган.
Документ интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын, ошондой эле жекелештирүү каражаттарын укуктук коргоо жөнүндө мыйзам ченемдерин жакшыртат. Документте интеллектуалдык менчикти коргоо тармагындагы адистерге – патенттин ишенимдүү өкүлдөрүнө коюлуучу талаптар аныкталган. Патенттин ишенимдүү өкүлүнүн квалификациясы РФнын Патенттин ишенимдүү өкүлдөрүнүн реестриндеги каттоо менен жана ылайыктуу күбөлүк менен ырасталууга тийиш экендиги белгиленген. Документке ылайык патенттин ишенимдүү өкүлүнүн РФда туруктуу жашаган жери, жогорку билими жана төрт жылдан кем эмес иш тажрыйбасы болууга тийиш. Патенттин ишенимдүү өкүлдөрү өз ишмердүүлүктөрү менен өз алдынча (жеке практика) жана ошондой эле жумуш берүүчү менен эмгек келишимин түзүүнүн негизинде иш жүргүзө алышат.
Документ аттестациянын, патенттин ишенимдүү өкүлдөрүн каттоонун жана алардын ишмердүүлүгүн көзөмөлдөөнүн тартибин белгилейт.
Патенттин ишенимдүү өкүлү катары ишмердүүлүгү соттун чечими менен белгилүү бир мөөнөткө убактылуу токтотулган жана РФнын Патенттин ишенимдүү өкүлдөрүнүн реестринен чыгарылган жөндөмсүз граждандар патенттин ишенимдүү өкүлү катарында аттестациядан өтө алышпайт. Аталган кызматка мамлекеттик жана муниципиалдык кызматкерлер каттала алышпайт.
Патенттин ишенимдүү өкүлдөрү коомдук бирикмелерди, ошондой эле өзүн-өзү жөнгө салуучу уюмдарды түзө алышат.
Маалымат булагы: http://www.rbc.ru/rbcfreenews/20090331091739.shtml
