• English
  • Кыргызча
  • Русский
Укук коргоо жана контролдоочу органдар үчүн окутуу курстары
Жайындалган күнү : 
2009-03-27

2009-жылдын 20-мартында саат 11.00дө “Интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоо” деген тема боюнча кыска мөөнөттөгү үч күндүк курстарды өткөрүүнүн жыйынтыктары боюнча укук коргоочу жана контролдоочу органдардын кызматкерлерине алгачкы күбөлүктөрдү тапшыруу аземи болуп өттү.
Бул окутуу курстарын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик укуктарын бузууларга каршы аракеттер боюнча ведомстволор аралык комиссиянын чечимдерин аткаруу үчүн Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы уюштурду.
Максат: Интеллектуалдык менчикке укуктарды кыйла натыйжалуу коргоо жана ушул тармакта укук бузууларга каршы аракеттенүү үчүн интеллектуалдык менчик жөнүндө жана анын объектилерин коргоо жөнүндө билимдерди кеңейтүү.
Курстарды 2009-жылдын мартынан баштап ай сайын өткөрүү пландаштырылууда.
Алгачкы бүтүрүүчүлөрдүн арасында Мамлекеттик бажы комитетинин, Финансылык полиция кызматынын жана Сот департаментинин өкүлдөрү болушту.
Курстарды өткөндүктөрү жөнүндө күбөлүктөрдү Кыргызпатенттин Интеллектуалдык менчик объектилерин камтуучу продуктуларды жана товарларды изилдөө жана экспертизалоо башкармалыгынын начальниги Тимур Адилов салтанаттуу тапшырды.