• English
  • Кыргызча
  • Русский
user warning: Table 'patent.semaphore' doesn't exist query: SELECT expire, value FROM semaphore WHERE name = 'locale_cache_kg' in /var/lib/drupal/includes/lock.inc on line 154.
Кыргызпатенттин жаңылыктары

Эмгек сиңирген артист Таттыбүбү Турсунбаеванын календары чыгарылды

Жайындалган күнү : 
2010-03-09

Кыргыз ССРинин Эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаеванын юбилейине карата агасы Нуркан Турсунбаев анын автордук календарын чыгарды.

Арта салма календарда театр менен кинодогу Таттыбүбү Турсунбаеванын бардык кейипкерлери, ошондой эле таланттуу актриса жөнүндө белгилүү инсандардын, анын ичинде көрүнүктүү жазуучу Чынгыз Айтматовдун эскерүүлөрү чагылдырылган.
Календарларды сатуудан түшкөн бардык каражатты Нуркан Турсунбаев юбилейлик иш-чараны өткөрүүгө жумшайт.

Календардын параметрлери: 22х25 см

Илимдер өспүрүмдөрдү гана эмес, өлкөнүн экономикасын дагы азыктандырат.

Жайындалган күнү : 
2010-03-04

Ата мекендик иштеп чыгуучулардан өндүрүшчүлөргө чейинки жолду кандайча курабыз? Ушул суроо ата мекендик окумуштууларды жана өлкөнүн өкмөтүн көптөн бери түйшөлтүп келүүдө. Советтер Союзунан Кыргызстанда суктанарлык илимий-техникалык потенциал мураска калган, бирок мамлекеттик колдоо системасынын жоюлушу менен биздин илим кыйын мезгилди башынан кечирүүдө.

Финансы министрлигиндеги жолугушуу

Жайындалган күнү : 
2010-03-03

2010-жылдын 3-мартында Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын (КРнын ИММК) жетекчилиги жана Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) делегациясы Кыргыз Республикасынын финансы министринин орун басары Эрик Усубалиев жана министрликтин кызматкерлери менен жолугушту.

ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир мамлекеттери боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер КРнын ИММКсы менен интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча стратегияны иштеп чыгуу боюнча биргелешкен долбоор жөнүндө айтып берди.

Кыргызстан эл аралык ченемдердеги ИМ чөйрөсүндө мыйзамдарды эриш-аркак келтирүү боюнча лидерлердин бири болуп эсептелет

Жайындалган күнү : 
2010-03-03

Бул жөнүндө бүгүн, 2010-жылдын 3-мартында ИМБДУнун делегациясынын Жогорку Кеңештин вице-спикери Чолпон Баекова менен болгон жолугушуусунда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Европанын жана Азиянын кээ бир мамлекеттери боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер билдирди.

Ал интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү кыргыз мыйзамдары мурдагы советтик мейкиндиктегилердин эң прогрессивдүүсү болуп санала тургандыгын белгиледи. Ал эми «Салттуу билимдерди коргоо жөнүндө» Мыйзам сыяктуу ченемдик документти кабыл алгандыгы менен өнүккөн өлкөлөрдүн ар бири эле мактана албайт.

Интеллектуалдык менчик боюнча стратегияны иштеп чыгуу үчүн кызматташууга КРнын Юстиция министрлиги ачык

Жайындалган күнү : 
2010-03-03

Бул жөнүндө бүгүн, 2010-жылдын 3-мартында мекеменин башчысы Курмантай Абдиев интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча, КРнын Улуттук стратегиясын иштеп чыгууга байланыштуу маселелерди талкуулоого арналган ИМБДУнун делегациясы жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү менен жолугушуусу учурунда билдирди.

ИМБДУнун делегациясы Кыргызпатенттин кызматкерлеринин иши менен таанышты

Жайындалган күнү : 
2010-03-02

Курамында ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рон Маршан ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир мамлекеттери боюнча бөлүмүнүн жетекчиси Михал Свантнер жана ушул бөлүмдүн башкы кеңешчиси Александр Матвеевдер болгон ИМБДУнун делегациясынын бир жумага келүүсүнүн алкагында 2010-жылдын 2-мартында чет өлкөлүк коноктор үчүн Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын корпустары боюнча экскурсия өткөрүлдү. Экскурсияны директор Улан Мелисбек, анын орун басары Данияр Сыдыков жана статс-катчы Бакыт Кененбаевдер алып барышты.