26-апрель – Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнү
Бүгүн, 2012-жылдын 26-апрелинде мамлекеттик “Ала-Арча” резиденциясында Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнө карата салтанаттуу чогулуш болуп өттү. Ага Өкмөттүн, министрликтердин жана ведомстволордун өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары, илимдин, чыгармачыл коомдордун, бейөкмөт жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү, Кыргызпатенттин жетекчилери, кызматкерлери катышты.
Бул дүйнөдө Энелердин майрамынан маанилүү майрам жок!
Кыргызпатентте келе жаткан Энелердин күнү менен ведомствонун аялдарын куттукташты! Мекемеде Энелер күнүнө карата “ЭНЕлердин көз карашы жаркысын, биз таттуу торт даярдайбыз, бул дүйнөдөгү бардык ЭНЕлерди чын жүрөктөн куттуктайбыз! Анткени бул турмушта эң ыйык, түбөлүктүү жана эң жагымдуу сөз – ЭНЕ!” деп аталган девиздин алдында жумалык өткөрүлдү.
Кыргызпатент Энелер күнүнө карата бир катар иш-чараларды өткөрөт
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновация мамлекеттик кызматынын төрагасы Марат Назарбеков Кыргыз Республикасынын Президентинин 2012-жылдын 23-апрелиндеги УП № 93 “Кыргыз Республикасында Энелер күнүн белгилөө жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу боюнча Кыргызпатенттин иш-чараларынын планын бекитти.
Кыргызпатент Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө карата бир айлык жарыялады
Кыргызпатенттин төрагасы Марат Назарбеков Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 10-апрелиндеги № 237 “Кыргыз Республикасында балдарды, кары адамдарды жана майыптарды коргоонун эл аралык күнүн жыл сайын өткөрүү жөнүндө” токтомун ишке ашыруу боюнча Балдардын эл аралык күнүнө арналган “Биздин балдар – планетанын келечеги!” деп аталган Бир айлыкты өткөрүүнүн планын бекитти.
Жеңиш күнүңүздөр менен!!!
1945-жылдын 9-майы улам артта калып баратат, бирок биз мурдагыдай эле эстейбиз…
Урматтуу ардагерлер, Сиздер 45-жылы жеңишке жетишкенсиздер, биз сиздерди эстеп келгенибизди жана эстей берерибизди, тирүү калгандардын эрдиктерине сыймыктанып, курман болгондорду эскерерибизди айткыбыз келет. Бул эсте тутуу биздин жүрөгүбүздө сакталат.
Бүгүн, Сиздер менен бул эң сонун жана кайгылуу майрамды майрамдап жатып, бардыгыңыздарга чың ден соолук, ачык асман, жүзүңүздөрдү күлкү чайып, узак өмүр сүрүшүңүздөрдү каалайбыз!
Эл аралык илимий-практикалык конференция
2012-жылдын 27-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик юридика академиясында “Криминалистиканын өнүгүүсүнүн тарыхы, азыркы абалы жана көйгөйлөрү” деген темада Эл аралык илимий-практикалык конференция болуп өттү.
Конференция Ганс Гросстун “Соттук тергөөчүлөр, жандармериянын жана полициянын чиндери үчүн колдонмо” аттуу китебинин жарыкка чыгышынын 120 жылдыгына жана Г.Гросс атындагы Окуу-инновациялык криминалисттик комплексинин ачылышына арналды.
Кыргыз Республикасынын Конституция Күнү!
Кыргыз Республикасынын Конституция Күнү менен бардык кыргызстандыктарды куттуктайбыз!
Бул майрам күнү сиздерге руханий кайраттуулукту, бардык башталыштарда ийгиликтерди жана жаркын келечекти каалайбыз!
Маалымкат:
(булак: http://www.calend.ru/)
Тынчтык, эмгек, май!
Бардык кыргызстандыктарды Эмгек майрамы менен куттуктайбыз!
Сиздердин бардыгыңарга жана сиздердин жакындарыңарга аман-эсенчилик, тынчтык, ден соолук жана бакыт каалайбыз!
Маалымкат:
(булак: http://www.calend.ru/)
1886-жылдын 1-майында америкалык жумушчулар иш таштоо уюштурушуп, 8 сааттык жумушчу күнүн талап кылышкан. Демонстрацияга айланган иш таштоо полиция менен кагылышууда кан төгүлүү менен аяктаган.
Кыргызпатентте америкалык делегация менен жолугушуу болуп өттү
2012-жылдын 27-апрелинде Кыргызпатенттин жыйындар залында ведомствонун жетекчилиги менен америкалык делегациянын Виртуалдык илимий китепкананы түзүү маселелери боюнча жолугушуусу болуп өттү.























