• English
  • Кыргызча
  • Русский
user warning: Table 'patent.semaphore' doesn't exist query: SELECT expire, value FROM semaphore WHERE name = 'locale_cache_kg' in /var/lib/drupal/includes/lock.inc on line 154.
Кайзен
Кайзен деген эмне? Кайзен жапончодон "өнүгүү" деп которулат. Кайзен - бул бир мекеменин менежерлери болобу катардагы аткаруучулар болобу ар бир ишкеринин катышуусун керектеген дайымий өнүгүү стратегиясы.

КМШда инновациялык чакан жана орто ишканалардын ролун күчөтүүгө карата ИМБДУнун сунуштары боюнча семинар

Жайындалган күнү : 
2009-11-26

2009-жылдын 10-декабрында Киев ш. (Украина) Көзкарандысыз мамлекеттердин шериктештиги (КМШ) өлкөлөрүедө инновациялык чакан жана орто ишканалардын ролун күчөтүүгө карата Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) сунуштары боюнча семинар болот.

Семинардын ишине Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын директорунун орун басары
Туруспек Коеналиев катышмакчы.

Патент кызматы Өкмөттүн структурасынан чыгарылат жана Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик кызмат болуп кайра түзүлөт

Жайындалган күнү : 
2009-10-20

2009-жылдын 20-октябрында Өкмөт Үйүндө мамлекеттик бийлик органдарынын жетекчилеринин республикалык отуруму болуп, анда Кыргыз Республикасынын Президенти Курманбек Бакиев Өкмөттүн жаңы структурасын жарыялады.

Мамлекеттик башкаруу системасындагы кайра түзүүлөрдүн жаңы программасына ылайык Мамлекеттик патент кызматынын статусу жогорулайт. мындан ары ведомство Өкмөттүн структурасынан чыгарылат жана Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик кызматы болуп кайра түзүлөт.

Тема боюнча материалдар:

Кыргызпатентте улгайган адамдардын күнүн белгилешти

Жайындалган күнү : 
2009-10-01

2009-жылы 1-октябрда КРнын Мамлекеттик патент кызматында Улгайган адамдардын күнүнө арналган иш-чара болуп өттү.

Ведомствонун жетекчилиги Кыргызстанда интеллектуалдык менчикти алга жылдыруу жана өнүктүрүү үчүн көп жылдар бою жемиштүү эмгек өтөшкөн Кыргызпатенттин ардагерлерин куттуктады.

Кыргызпатенттин статс-катчысы Б.Кененбаев чакырылгандардын бардыгына акчалай сыйлыктарды тапшырды, ошондой эле эмгек ардагерлерине чоң ыраазычылык билдирди жана аларга чың ден-соолук, узак өмүр каалады.

«Интеллектуалдык менчик» расмий бюллетендин кезектеги саны жарыкка чыкты

Жайындалган күнү : 
2009-09-09

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын “Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетенинин кезектеги № 7/2009 саны чыкты.

Бул санда Гаага макулдашуусуна ылайык Кыргыз Республикасында корголуучу ойлоп табуулар, товардык белгилер жана фирмалык аталыштар, программалык продуктулар жана лицензиялык келишимдер, өнөр жай үлгүлөрү жөнүндөгү маалыматтар жарыяланды.

Кыргызпатентте авторлорго сыйлыктар тапшырылды

Жайындалган күнү : 
2009-09-03

2009-жылдын 3-сентябрында Кыргызпатенттин имаратында Мамлекеттик патент кызматынын төрагасы Улан Мелисбек Кыргыз Республикасынын Президенти К. Бакиевдин юбилейине жана анын Президеттикке кайра шайлангандыгына арналган “Келечекке” аттуу ырдын авторлоруна сыйлыктарды тапшырды.[url=http://patent.kg/ru/news/2009/08/10/812.html

Андан тышкары, Улан Мелисбек Кыргыз Республикасынын Президентине белек катары арналган ырлар жыйнагын, ошондой эле ырлар жазылган дискти чыгарууга активдүү катышкан кызматкерлерге ыраазычылык билдирди.

Кыргызпатент жетим балдарга жардам берди

Жайындалган күнү : 
2009-09-03

Мамлекеттик патент кызматынын жетекчилиги жетим балдарга ылайыктуу деңгээлди жана социалдык колдоону камсыз кылуу маселесине зор көңүл бурат.

Биздин ар бирибиз биз жана биздин балдарыбыз жашай турган коомду курууга катышат. Мамлекеттик патент кызматы жетим балдарга кандай болбосун жардам көрсөтүүгө аракет кылат жана буга бардык күч аракетин жумшайт. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын патенттик ведомствосу Кыргызпатенттин мурдагы кызматкерлеринин жетим балдарына материалдык жардам көрсөттү:

1. Бейшенова Ажарга, (1999-жылы туулган), 10 000 сом өлчөмүндө;

Мамлекеттик патент кызматы мектеп-интернатка жардам көрсөттү

Жайындалган күнү : 
2009-09-04

Мамлекеттик патент кызматы Дүлөй балдар үчүн республикалык атайын жалпы билим берүүчү орто мектеп-интернатка демөөрчүлүк жардам көрсөттү.

Бул мектепте бүтүндөй Кыргызстандан 6 жаштан 17 жашка чейинки 350дөн ашык дүлөй балдар окушат. Мектеп-интернатта окуп жатышкан балдар негизинен жетишпеген жана толук эмес үй-бүлөлөрдөн. Алыскы райондордон келген көп окуучулар мектепте жыл бою жашашат. Балдарды камкордук жана жылуу мээримге чулгагың келет.

Ушул максат менен Кыргызпатент интернатка кеңсе эмеректери: столдор, отургучтар, шкафтар түрүндө жардам көрсөттү.

Эгемендүүлүк күнүңүздөр менен!

Жайындалган күнү : 
2009-08-28

Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы ойлоп табуучуларды, авторлорду, чыгармачыл ишмерлерди жана бардык кыргызстандыктарды улуттук майрам - Кыргызстандын Эгемендүүлүк Күнү менен куттуктайт! 1991-жылдын 31-августунда Кыргызстан өзүнүн тарыхынын мындан аркы жүрүшүн өз алдынча аныктоого мүмкүнчүлүк алган.

Биз бардыгыбыз өз өлкөбүз үчүн, өткөндөгүлөр үчүн жана келечек үчүн жоопкерчиликтебиз. Биздин ар бирибиз бир тууган Кыргызстаныбызды чыныгы күчтүү жана эгемендүү болгондугун көрүүнү самайбыз.

Ведомствонун ар бир кызматкеринин жеке профайлдарын түзүү

Жайындалган күнү : 
2009-07-08

2009-жылдын 7 июлунда Кыргызпатенттин имаратында ведомствонун кызматкерлерин сүрөткө түшүрүштү. Сүрөткө тартуу үчүн адис сүрөтчү Елена Скочило чакырылды. Кызматкерлердин фото сүрөттөрү жакын арада Кыргызпатенттин сайтына жайгаштырылмакчы.

Фото сүрөттөр ведомствонун ар бир кызматкеринин жеке профайлын түзүү үчүн керек болот, анда анын жеке жана адистик маалыматтары чагылдырылмакчы.

Инновациялык ишмердүүлүктүн негизинде технологиялык даярдык маселелери боюнча эл аралык конференция

Жайындалган күнү : 
2009-07-07

2009-жылдын 29–30-июнунда Женева шаарында (Швейцарияда) Инновациялык ишмердүүлүктүн негизинде атаандаштыкка жөндөмдүүлүктү камсыз кылуу үчүн технологиялык даярдыктар: саясатта жагымдуу негиздерди калыптандырууга жардам берүү жана маалыматтык-байланыш технологиялары жаатындагы жөнгө салуулар маселелери боюнча эл аралык конференция болуп өттү.

Конференция Бириккен улуттар уюмунун Экономикалык кызматташтык жана интеграция боюнча Европалык экономикалык комиссиясынын Комитети тарабынан уюштурулду.