БЕЛГИлер согушу
Кыргызстанда митаамдыктын жаңы түрү өнүгүүдө. Көп өлкөлөрдө буга окшогондорду нонсенс катары эсептешмек, ал эми бизде болсо буга эч ким таң калып да койбойт.
Уурдоо жана «көбөйтүү»
Жазуучу айым Джоан Роулинг уурулук жөнүндө соттук доо боюнча жоопкер болуп калды
Жазуучу айым Джоан Роулинг уурулук жөнүндө соттук доо боюнча жоопкер болуп калды
Британия жазуучусу Эдриан Джейкобстун мураскерлери жазуучу айым Джоан Роулингдин үстүнөн сотко доо арызын беришкендигин Associated Press кабарлайт. Доогерлер «Гарри Поттер жана от кубогу» аттуу китептин сюжетинин элементтери Джейкобстун «Сыйкырчы Виллинин жоруктары номер биринчи: каардуу жер» (The Adventures of Willy the Wizard. - No 1 Livid Land, 1987) аттуу китебинен өздөштүрүлүп алынгандыгын белгилешүүдө.
Лос-Анжелесте 7 миллион доллар суммасына каракчылык дисктердин чоң партиясы алынды.
2010-жылдын 7-январында Лос-Анжелестин порттук комплексинде АКШнын Бажылык-чегаралык кызматынын (CBP) кызматкерлери Түштүк Кореядан келген контейнерди конфискациялаган, анын ичинде контрафактылык продукция бар болуп чыккан -деп кабарланган америкалык ведомствонун сайтында.
CBP пресс-кызматынын маалыматтары боюнча, контейнерде фильмдери жана музыкасы менен 253 миңге жакын контрафактылык DVD-дисктер табылган. Жасалма товардык белгилери бар дисктер Лос-Анжелес аймагында импорттолууга арналган.
Интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук бузууларга каршы күрөшүү жаатында укук коргоо жана сот органдары менен өз-ара аракеттенүү
2009-жылы Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы интеллектуалдык менчик чөйрөсүндө укук бузууларга каршы күрөшүү жаатында укук коргоо жана сот органдары менен өз-ара аракеттенүүсүн активдүү улантты. Ошентип атап айтканда прокуратура органдарынын, финансы полициясынын сурамдары боюнча интеллектуалдык менчик продуктуларын камтыган объектилерди изилдөө иштери жүргүзүлдү.
Канаданын үн жазуу индустриясына каршы жамааттык соттук доо кайрадан жаңыртылып улантылды
[i]Доогерлердин белгилөөсү боюнча канаданын үн жазуу индустриясы музыканттарга жана авторлорго 300’000 музыкалык композицияларды санкциясыз пайдалангандыгы үчүн 50 миллиондон 60 миллиард долларга чейин карыз болуп калган, бул жөнүндө бүгүн Security Lab маалыматтык ресурсу кабарлады./i]
МСН: "Акылдуулардын дагы амалкөйлөрдүн дагы дабаасын табуу"
Кыргызпатенттин кызматкерлери жыл башынан бери чет өлкөлөрдөн республикага алынып келинген 100 миңге жакын бирдиктеги ацдиовизуалдык продукцияны текшеришти. Бири дагы лицензияланган эмес болуп чыкты. Бул факт биздин өлкө контрафакт үчүн өзүнчө эле эркин экономикалык аймак болуп санала тургандыгы жөнүндө күбөлөндүрөт. Бул чөйрөдө эмнелер өзгөрүп жаткандыгы, автордук укуктарды коргоо кандайча жүргүзүлүп жаткандыгы туурасында Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган продуктуларды жана товарларды изилдөө жана экспертизалоо башкармалыгынын начальниги Тимур Адилов айтып берди.
Интеллектуалдык менчикке укукту жүзөгө ашыруу боюнча региондор аралык симпозиум Скопьеде
2009-жылдын 5-6-октябрында Скопье шаарында (Македонияда) Интеллектуалдык менчикке укукту жүзөгө ашыруу боюнча региондор аралык симпозиум болуп өттү.
Бул иш-чаранын максаты региондордо контрафактылык жана “каракчылык” темпинин өсүүсүнүн залалдарынын масштабын аныктоодо; чегарадагы чараларды жакшыртуу жана мыйзамсыз товар жүгүртүүнү талкуулоодо; улуттук жана региондук стратегиялардын натыйжалуу иштеп чыгуусун кошуу менен, мамлекеттик органдар менен жеке секторлордун ортосундагы стратегиялык өз-ара аракеттенүүнү жакшыртууда турду.
Америкалык изилдөөчүлөр италиялык мафиянын, япониялык якудзанын, "Хезбаллынын", жана ИРАнын каракчылык DVDлерге тиешеси бар экендигин табышты.
RAND изилдөө компаниясы “Каракчылык фильмдер, уюшулган кылмыштуулук жана терроризм” деген чагымчыл аталыш менен ишти элге жайылтышты, анда авторлор бул көрүнүштөрдүн байланыштарына байкоо жүргүзүүгө аракеттенишет.
Чындыгында изилдөө анын башында ачык көрсөтүлгөндөй, кино чыгаруучулардын америкалык ассоциациясынын (Motion Picture Association) колдоосу астында ишке ашырылган. Бирок авторлор ошол эле жерде, алардын көз караштары тапшырыкчынын пикири менен дал келбей калышы мүмкүн экендигин билдирүү менен, ангажементтөөдөгү ар кандай күнөөлөөлөрдү белгилешет.
Обаманын администрациясы Томаска карата соттун чечимин колдоду
АКШнын президентинин администрациясы музыкалык чыгармага карата автордук укукту бузууда күнөөлүү деп таанылган Миннесотынын жашоочусу Джемми Томаска тиешелүү соттук вердиктти колдоду, бул жөнүндө 18-августта www.securitylab.ru сайтында кабарланган.
Эске салсак, Джемми Томас, көп балалуу эне, RIAA каракчылыкта күнөөлөнгөн 26 миң адамдын ичинен биринчиси болуп, анын иши сотко чейин жеткен. 2007-жылы сотко ант бергендер Томасты 24 музыкалык чыгармага укук бузууда күнөөлүү деп табышкан жана ага 222 миң доллар өлчөмүндө айып пул салышкан.
Интернетте Pirate Bay клондору пайда боло баштады
The Pirate bayдын жаңы ээси Global Gaming Factory (GGF) компаниясы өзүнүн кошо жүрүүчү чектөөлөрү менен торрент-трекерди легалдуу бизнес-борборго айландырып жиберет деген коркунуч, демилгечил колдонуучулардын бирөөнүн 900 миң файлдарды камтуучу ресурстун бардык маалымат базаларын сууруп алуусуна жана аны 21-Гб торрент-файлга өткөрүп жиберүүсүнө түрткү болгон, аны эми 1500 башка колдонуучулар алганга жетишип калышты, бул туурасында 24-августа Secutity Lab жазган.

