• English
  • Кыргызча
  • Русский
ИМ жөнүндө макалалар

“Бороон башкаруучусунун” продюссери торренттердин беш миң пайдалануучусун сотко берди

Жайындалган күнү : 
2010-05-31

Voltage Pictures кинокомпаниясы “Бороон башкаруучусу” аттуу фильминин продюссери торренттердин беш миң пайдалануучусун сотко берди, доо арызы Колумбия округунун сотуна 24-майда берилген деп кабарлайт Право.Ru.

Компания BitTorrent протоколун пайдалануу менен жалпы кирүү мүмкүндүгү үчүн интернетте “Бороон башкаруучусунун” көчүрмөсүн чыгарышкан пайдалануучуларга каршы доо арызын берди. Бирок, жоопкерлердин аттары али аныкталбагандыктан, доо арызында Voltage Pictures 5000 жашыруун пайдалануучулар жөнүндө айтат.

Жазуучу айым Джоан Роулинг уурулук жөнүндө соттук доо боюнча жоопкер болуп калды

Жайындалган күнү : 
2010-02-18

Жазуучу айым Джоан Роулинг уурулук жөнүндө соттук доо боюнча жоопкер болуп калды
Британия жазуучусу Эдриан Джейкобстун мураскерлери жазуучу айым Джоан Роулингдин үстүнөн сотко доо арызын беришкендигин Associated Press кабарлайт. Доогерлер «Гарри Поттер жана от кубогу» аттуу китептин сюжетинин элементтери Джейкобстун «Сыйкырчы Виллинин жоруктары номер биринчи: каардуу жер» (The Adventures of Willy the Wizard. - No 1 Livid Land, 1987) аттуу китебинен өздөштүрүлүп алынгандыгын белгилешүүдө.

Вечерний Бишкек: «Телефон ооздон түшпөйт»

Жайындалган күнү : 
2010-02-15

Маалыматчы-дизайнчы Виктор Харченко кыргыз тилинде мобильдүү телефон жасады. Жаңы телефон үч миңге жакын сөздөрдү камтыйт. Ойлоп табуучунун айтуусуна караганда, ал биздин өлкөгө жаңы маалыматтык коомдоштукка активдүү жуурулушууга жардам берет.

Вечерний Бишкек: "Мына водород!"

Жайындалган күнү : 
2010-02-03

Биздин окумуштуулар бүтүндөй дүйнөнүн лабораториялары баш катырып жаткан нерсени жасашты. Алар отун катары водородду колдонуунун үнөмдүү жана коопсуз ыкмасын таап алышты.

—Бул жерде 30 литр бензиндин эквиваленти бар, – деп орточо картошкадай чоңдуктагы плассмасса капсуланы көрсөттү Эйнштейн атындагы Эл аралык энергетика академиясынын кыргыз бөлүмүнүн президенти, техникалык илимдердин доктору Владимир Свиденко.

Apple корпорациясы Nokia фин корпорациясы тарабынан өзүнүн патенттик укуктарынын бузулгандыгына даттануу берди

Жайындалган күнү : 
2010-01-18

Apple корпорациясы АКШнын Эл аралык соода комиссиясына (ITC) Nokia фин корпорациясы тарабынан өзүнүн патенттик укуктарынын бузулгандыгына даттануу берди. Apple өз арызында Nokia мобилдиктелефондорун Кошмо Штаттардын аймагына алып кирүүгө тыюу салууну талап кылган” - деп кабарлайт Лента.ру. интернет-басылмасы.

Лос-Анжелесте 7 миллион доллар суммасына каракчылык дисктердин чоң партиясы алынды.

Жайындалган күнү : 
2010-01-19

2010-жылдын 7-январында Лос-Анжелестин порттук комплексинде АКШнын Бажылык-чегаралык кызматынын (CBP) кызматкерлери Түштүк Кореядан келген контейнерди конфискациялаган, анын ичинде контрафактылык продукция бар болуп чыккан -деп кабарланган америкалык ведомствонун сайтында.

CBP пресс-кызматынын маалыматтары боюнча, контейнерде фильмдери жана музыкасы менен 253 миңге жакын контрафактылык DVD-дисктер табылган. Жасалма товардык белгилери бар дисктер Лос-Анжелес аймагында импорттолууга арналган.

Издөөчү интернет системалар автордук укук бузуулар үчүн жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн

Жайындалган күнү : 
2010-01-12

Право.RU маалыматтык порталы, издөөчү Интернет системалар, анын ичинде Google автордук укукту бузгандыгы үчүн жоопкерчиликтен бошотулушу мүмкүн деп кабарлады. Digital Economy Bill(санариптик экономика жөнүндөгү мыйзам долбоору) сыяктуу белгилүү британиялык мыйзам долбооруна ылайыктуу оңдоолор киргизилди.

Канаданын үн жазуу индустриясына каршы жамааттык соттук доо кайрадан жаңыртылып улантылды

Жайындалган күнү : 
2009-12-08

[i]Доогерлердин белгилөөсү боюнча канаданын үн жазуу индустриясы музыканттарга жана авторлорго 300’000 музыкалык композицияларды санкциясыз пайдалангандыгы үчүн 50 миллиондон 60 миллиард долларга чейин карыз болуп калган, бул жөнүндө бүгүн Security Lab маалыматтык ресурсу кабарлады./i]

Кыргызстандан барган окумуштуу-ойлоп табуучулар ойлоп табуучулардын жана жаңы технологиялардын эл аралык салонунда алтын медаль алышты

Жайындалган күнү : 
2009-12-17

Кыргыз окумуштуу-ойлоп табуучулары Алмаз Өмүрбаев менен Болот Асановдор Украинанын Севастополь шаарында өткөн ойлоп табуулардын жана жаңы технологиялардын 5-эл аралык салонунда алтын медаль алышты.

Аларга медалды онкологиялык ооруларды баштапкы диагноздоо жана дарылоо максаттарында адамдын лимфология көйгөйлөрү боюнча медицина тармагындагы долбоору үчүн тапшырышты. Кыргыз окумуштуу-ойлоп табуучулары ойлоп табуулар менен жаңы технологиялардын “Новое время” эл аралык салонунда биринчи жолу алгандыгын белгилейбиз.

Элтон Джон Улуу Британиянын бийлигин "каракчыларга" карата катуу чара колдонууга чакырат

Жайындалган күнү : 
2009-09-24

[b][i]Элтон Джон Британиянын вице-премьери Питер Мэндельсонго кат жазды, анда ал бийликти катуу чараларга чакырган, бул жөнүндө 22-сентябрда Securitylab кабарлады. Анын пикиринде, акысыз музыкага мыйзамсыз кирүү жаш музыканттардын өсүүсүнө олуттуу зыян келтирет.