Интеллектуалдык менчик 2010 күнүн майрамдоо!
Бүгүн, 26-апрелде, КРнын Улуттук китепканасынын жыйындар залында Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнө арналган салтанаттуу иш-чара болду. Ага Кыргызпатенттин жетекчилери жана кызматкерлери, илимдин, маданияттын жана искусствонун ишмерлери, көрүнүктүү ойлоп табуучулар жана рационализаторлор, патент таануучулар, ЖОЖдордун студенттери катышышты.
Журналисттерге ИМди коммерциялаштыруу жөнүндө айтып беришти
Бүгүн, 2010-жылдын 6-апрелинде Кыргызпатентте ММК өкүлдөрү үчүн Мамлекеттик интеллектуалдык менчик кызматы тарабынан уюштурулган «Инновациялар жана базар» темасында кезектеги пресс-сессия болду.
Чогулгандарга куттуктоо сөзү менен КРнын МИМКнын директору Улан Мелисбек кайрылып, талкууланып жаткан теманын маанилүүлүгүн коомчулукка жеткирүүдө ММКнын ролунун зор экендигин белгиледи жана бардыгына үзүрлүү ишти каалады.
Пресс-сессияга «Кабар», «Европа плюс», «УТРК», «А жана Ф» сыяктуу башка маалымат агенттиктеринин, радио жана басма ММКнын журналисттери катышты.
Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнү
Жыл сайын 26-апрелде интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнү белгиленет.
Адамдардын көпчүлүгүнө интеллектуалдык менчиктин (ИМ), атап айтканда автордук укуктун, инновациялардын, ойлоп табуулардын жана товардык белгилердин бар экендиги белгилүү.
«Алтын Түйүн» РБИТАнын балдарынын жана КМКТАУнун студенттеринин иштеринин көргөзмөсү
2010-жылдын 21-апрелинде, Интеллектуалдык мүлктүн Эл аралык жана Улуттук күнүн майрамдоонун алкагында Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматы Кыргыз Мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети менен бирдикте «Алтын Туйун» Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын балдарынын жана КМКТАУнун студенттеринин иштеринин көргөзмөсүн өткөрөт.
Өтө турган жери: КМКТАУ
Өтө турган күнү жана убактысы: 21.04.10 саат 11:00
КРда селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жана жаңы сортторду коммерциялаштыруу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу
2010-жылдын 20-апрелинде интеллектуалдык мүлктүн Эл аралык жана Улуттук күнүн майрамдоонун алкагында Кыргызпатент Кыргыз Республикасында селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жана жаңы сортторду коммерциялаштыруу маселелери боюнча жумушчу жолугушуу уюштурат.
Иш-чарага КУАУнун окутуучулары, ИИИлердин жетекчилери, селекциячылар, ошондой эле Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматынын эксперттери катышат.
Өтө турган жери: КУАУнун жыйындар залы
Өтө турган күнү жана убактысы: 20.04.2010 саат 10:00
"Интеллектуалдык мүлк жөнүндөгү билимдер биздин коомго керекпи?" деген темада студенттик кайым-айтыш
2010-жылдын 17-апрелинде Кыргызпатенттин отурумдар залында “Интеллектуалдык мүлк жөнүндөгү билимдер биздин коомго керекпи?” деген темада студенттик кайым-айтыш болот.
Кайым-айтышка Кыргызстандын ЖОЖдорунун студенттери катышат.
Өтө турган жери: Кыргызпатенттин отурумдар залы, Москва көчөсү, 62
Күнү жана убактысы: 17.04.2010 саат 14:00
Кыргызпатенттин жетекчилери журналисттерге Интеллектуалдык мүлк күнүнө даярдык жөнүндө айтып беришти
Бүгүн, 2010-жылдын 31-мартында “Кабар” маалыматтык агенттигинде Кыргызстандагы Интеллектуалдык мүлк күнүнө арналган пресс-конференция болду.
Пресс-конференцияга Мамлекеттик интеллектуалдык мүлк кызматынын директору Улан Мелисбек, Кыргызпатенттин башчысынын орун басары Данияр Сыдыков жана КРнын МИМКнын Экспертиза башкармалыгынын начальниги Абдикалил Токоевдер катышты.
Журналисттер менен болгон жолугушууда Кыргызпатенттин жетекчилиги 26-апрелде боло турган Интеллектуалдык мүлктүн Эл аралык жана Улуттук күнүн майрамдоого арналган иш-чаралардын планын айтып беришти.
Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык күнүнө карата өткөрүлгөн спорттук мелдештердин жеңүүчүлөрүн сыйлоо
26-апрель – Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүнө карата бүтүндөй апрель айынын ичинде Кыргызпатенттин кызматкерлери үчүн бильярд жана стол үстүндөгү теннис боюнча спорттук мелдештер өткөрүлдү.
Бүгүн 2009-жылдын 29-апрелинде турнирлердин жеңүүчүлөрүн салтанаттуу сыйлоо аземи болуп өттү. Кыргызпатенттин директору У.Мелисбек кызматкерлерди куттуктады жана дипломдор менен акчалай сыйлыктарды тапшырды.
ИМдин Эл аралык күнүн майрамдоо
2009-жылдын 24-апрелинде Мамлекеттик тарых музейинде Интеллектуалдык менчиктин Эл аралык жана Улуттук күнүн майрамдоого арналган салтанаттуу чогулуш болуп өттү.
Салтанаттуу чогулуш башталганга чейин катышуучулар ойлоп табуулардын, улуттук сувенирлердин, балдар тарткан сүрөттөрдүн ж.б. кичи-көргөзмөсүн карап чыгууга мүмкүнчүлүк алышты.
Кириш сөз менен Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек чыгып сүйлөдү. Улан Мелисбек өзүнүн куттуктоо сөзүндө катышып отургандардын бардыгын майрамы менен куттуктады жана жасалган иштер тууралуу кыскача айтып берди.
"Кыргызпатент" жети китепке демөөрчү
Маркабай ААМАТОВ акын, Кыргызстан жаштар сыйлыгынын лауреаты, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, КРнын мамлекеттик патент кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондунун аткаруучу директору.
-Маркабай Ааматович, “Кыргызпатент” жакында 5 жаш акындын, 2 жаш прозаиктин китебине демөөр¬чүлүк кылып, жети китеп басмадан жарык көрдү. Аталган жыйнактарды кандай каражатка чыгардыңыздар?






