FaLang Language Switcher

Конкурстун максаты - коомдо өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү куралы катарында интеллектуалдык менчиктин ролун жана маанисин кеңири түшүндүрүү.

Конкурс төмөнкү 5 номинация боюнча өткөрүлөт:

- «Акыл табылга» (Мыкты ойлоп табуу), патент ээлерин катышууга чакырылат;

«Канатташ» (Автордук укук чөйрөсүндө жемиштүү кызматташуу),  автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар, анын ичинде театрлар, филармониялар, телерадиокомпаниялар, концерттик оюн-зоок иш-чараларын уюштуруучулар, коомдук тамак-аш ишканалары, көңүл ачуу жайлары, соода аянттары катышууга чакырылат;

«Интеллектуалдык өнөктөштүк» (Интеллектуалдык менчикти сыйлоону камсыздоого көмөктөшүү),  жалпыга маалымдоо каражаттары, коомдук уюмдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, окуу жайлары, окумуштуулар, патенттик ишенимдүү өкүлдөр, журналисттер, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана окутуучулар  катышууга чакырылат;

-  «Келечек жаратманы» (Жаш техник),  17 жашка чейинки жалпы билим берүү уюмдарынын, балдар борборлорунун жана техникалык чыгармачылык ийримдеринин окуучулары катышууга чакырылат. Бул номинацияда Конкурска катышууга сунуштоону жалпы билим берүү уюмдарынын, балдар техникалык чыгармачылык борборлорунун жетекчилери беришет;

«Мыкты бренд», Кыргыз Республикасынын аймагында продукция чыгаруучу жана кызмат көрсөтүүчү менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар жана уюмдар катышууга чакырылат.

 Конкурска жеке жана юридикалык жактар катыша алат. Ар бир номинацияга бекитилген үлгүдөгү өтүнмө тиркелиши керек, өтүнмөлөр электрондук дагы, кагаз түрүндө дагы кабыл алынат.

Документтерди кабыл алуу дареги: Бишкек ш., Москва көч., 62.

e-mail:  This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Кененирээк маалыматты www.patent.kg  сайтынан же  (0312) 68-19-02 телефонунан алууга болот.

Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү: 2017-жылдын 20-мартына чейин.

“Мыкты бренд” номинациясы боюнча интернет-сурамжылоо жүргүзүлөт, өткөрүлчү сайт  кошумча билдирилет.

Сыйлоо аземи 2017-жылдын 26-апрелинде – Эл аралык жана Улуттук интеллектуалдык менчик күнүндө өтөт.

«Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» деген республикалык конкурсту өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО

Тиркеме

Шилтемелер

 

Статистика

2017-жылдын  31 июль карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5112

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6117

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10134

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

58601

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентно-поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200