FaLang Language Switcher

 

 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2011-жылдын 23-сентябрындагы
N 593 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасында 2012-2016-жылдарга интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн
МАМЛЕКЕТТИК ПРОГРАММАСЫ

(КР Өкмөтүнүн 2013-жылдын 11-ноябрындагы N 623 токтомунун редакциясына ылайык)

I. Кириш сөз

Мамлекеттик программаны иштеп чыгуунун актуалдуулугу

Учурдун талаптары менен кооптуу жагдайлар улуттук экономиканы өнүктүрүүнүн инновациялык жолдорун издөө жана аныктоо аркылуу аны өзгөртүүнүн зарылчылыгын актуалдаштырды. Чектелген ресурстардын шартында интеллектуалдык менчик системасын жана инновацияларды өнүктүрүү өлкөнүн экономикасынын атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн арттыруунун таасирдүү жолдорунун бири болуп саналат.

Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан экономиканы инновациялык жол менен өнүктүрүүгө өтүүнүн зарылчылыгы бир нече жолу белгиленген.

Бүгүнкү күндө билимдерди генерациялоо, жайылтуу жана колдонуу өнүгүүнүн, улуттук байлыкты түзүүнүн жана жумуш менен камсыз кылуунун негизги кыймылдаткыч күчү болгондуктан дүйнөлүк экономика да негизинен билимдерге таянат. Экономикалык өсүүнүн маселелерин чечүүнү камсыз кылуу үчүн макроэкономикалык саясаттын салттуу ыкмалары жетишсиз болуп калды. Макроэкономикалык туруктуулук инновациялык ишмердүүлүк үчүн зарыл болгон чөйрөнүн элементтеринин бири гана болуп эсептелинет. Мамлекет макроэкономикалык саясатта канчалык активдүү боло алат, ушуга байланыштуу пикирлердин эң эле кеңири спектри бар. Ошондой эле экономикалык сунуштардын теориялары менен саясий практикалардын болгон чындыктарынын ортосунда белгилүү айрыма бар. Күчөп жаткан технологиялык өнүгүү шарттары тез-тез алмашып тургандыктан, кечээки күндүн рецепттери бүгүнкү күнү иштебей калгандыгын белгилеп кетүү керек. Бардык ушул факторлордун натыйжасында атаандаштыкты жогорулатууга жана айрыкча - улуттук өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен инновацияларды өнүктүрүүгө көмөк берүү эсептелинет.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасында айрым компаниялардын ортосунда гана эмес, негизинен мамлекетте дагы интеллектуалдык чыгармачылыкты шыктандырууга багыт алуусу зарыл. Инновациялык өнүктүрүү чөйрөсүндөгү кризис өлкөдөн квалификациялуу адистердин кетип калышынан, изилдөөлөрдүн жана иштелмелердин көлөмүнүн кыскарышынан, инновациялык продуктулардын жетишсиздигинен жана башка жагымсыз факторлордон байкалат. Аны жеңүүнүн мүмкүн болгон жолдорун издөө экономикадагы интеллектуалдык менчик (ИМ) системасынын мындан дагы натыйжалуу иштешин талап кылат. Кыргызстандын ИМ тармагынын натыйжалуулугу менен бул тармактагы эл аралык өнүгүүнү салыштырып карасак, тармак жетишсиз иштеп жаткандыгын көрөбүз.

Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжалары ИМдин ээлерине ири өлчөмдө киреше алып келүүгө жөндөмдүү, бирок бул кирешенин көлөмү интеллектуалдык менчик объектисинин дараметинен гана эмес, иштеп чыгаруучулардын аларды пайдаланууга даяр экендигине дагы байланыштуу болот. Тилекке каршы, көптөгөн жаңы иштелмелер бүгүнкү күндө пайдаланылбай калууда же натыйжасыз ишке ашырылууда. Билимдерди ойдогудай коммерциялаштыруу жана капиталдаштыруу рыноктун көлөмүнө, анын туруктуулугуна жана жаңы технологияларды, товарларды чыгаруу жана тейлөө кызматтарын көрсөтүү мүмкүнчүлүктөрүнө негизделет. Жагдайды жакшыртуу үчүн ойлоп табууларды, жаңылыктарды, изилдөөлөрдү, маалыматтык жана коммуникациялык технологияларды ж.у.с. жайылтуу боюнча программаларды жана долбоорлорду түзүү зарыл. Мындай саясат ийгиликтүү болушу үчүн, ал узак мөөнөттүү келечекке жана ар түрдүү кызыкдар болгон тараптардын кеңири колдоосуна ээ болушу керек.

Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн мамлекеттик программасы (мындан ары - Мамлекеттик программа) жакынкы жылдарга интеллектуалдык жана инновациялык ишмердүүлүктүн натыйжалуу системасын түзүшү керек, ал өлкөнүн илимий-изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн экономиканын туруктуу өсүшүнүн негизги ресурстарынын бирине айланта алат жана экономиканын технологиялык модернизациясын камсыздап, дүйнөдө анын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулата алат.

Мамлекеттик программанын арналышы

Кыргызстандын экономикалык өз ара мамилелеринин жана өлкөнүн жогорку атаандаштыкка жарамдуулугун камсыздоонун эл аралык системасына биригүү шарттарынын бири болуп интеллектуалдык жана инновациялык ишмердүүлүктүн улуттук системасын түзүү эсептелинет, ал интеллектуалдык менчик объектилерине укук рыногун түзүүгө негизделет.

Мамлекеттик программа өлкөнүн билимге негизденген экономикасын турукташтырууга, инновацияларды ишке ашырууда инвестицияларды тартууга жана ишкердикти колдоого багытталган.

Мамлекеттик программа интеллектуалдык менчик объектилерине ченемдик укуктук базаны түзүү, ошондой эле укуктук коргоонун жол-жоболорун мындан ары жакшыртууну камсыздоо, мамлекеттик патенттик фондуну калыптандыруу, интеллектуалдык чыгармачылыкты шыктандыруу жана интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштыруу максатын көздөйт.

Мамлекеттик программанын алкагында чече турган негизги маселелердин бири болуп контрафактылык жана жасалма продуктулардын жүгүртүлүшүнө чек коюу, өлкөнүн аймагында "каракчылыктын", өзгөчө калктын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген контрафактылык дары-дармектер менен азык-түлүктөрдүн деңгээлин төмөндөтүү болуп эсептелинет. Бул бир нече өнүккөн өлкөлөрдүн ортосунда кол коюлган, контрафакттык продукциялар менен күрөшүү боюнча жакындагы макулдашууда ("Anti-CounterfeitingTradeAgreement (АСТА)" белгиленген эң маанилүү глобалдуу маселе.

II. Учурдагы кырдаалды талдоо

Эл аралык абал

Япония, АКШ сыяктуу өлкөлөрдүн жана Европа өлкөлөрүнүн өнүккөн экономикасы интеллектуалдык менчик системасында өз көрсөткүчтөрүн тез жакшыртышат жана алардын мүмкүнчүлүктөрүн толугу менен ишке ашырууга жана рынокто жаңы продуктуларды жаратууга, тейлөө кызматын көрсөтүүгө илимий-изилдөө чөйрөсүнүн билимдеринин агымын жакшыртуу үчүн ишканаларга жардам көрсөтүү боюнча зарыл болгон иш-чараларды көрүшөт. Бул чөйрөдө ушундай саясатты Кытай, Индия, Бразилия, Тайвань жана Түштүк Корея сыяктуу өлкөлөр дагы жүргүзүшөт. КМШ өлкөлөрдүн ичинен биздин региондо ошондой эле стратегиялык багытта интеллектуалдык менчикти пайдалануу аркылуу инновацияларды колдоо пландаштырылууда. Кыргыз Республикасы жалпы дүйнөлүк тенденциядан четте кала албайт.

Дүйнөлүк банк, Эл аралык Валюта фонду жана Бүткүл дүйнөлүк соода уюму сыяктуу эл аралык уюмдар дагы өз программаларына өнүгүүнүн маанилүү компоненти катары интеллектуалдык менчикти колдонууну камтыйт.

Кыргыз Республикасындагы социалдык-экономикалык кырдаал

Кыргыз Республикасы - бул чектелген жаратылыш ресурстары жана жетишсиз өнүккөн бизнес-сектору менен деңизге чыгуучу жолдору жок өлкө. Ички рыногунун чакан көлөмү менен бирге тышкы жана ички транспорттук коммуникациялардын өнүкпөгөндүгү экономикалык инфраструктуранын өнүгүү жолунда тоскоолдукка алып келет.

Кыргызстандын экономикасы дүйнөлүк финансылык жана товардык рынокторунда жагымсыз процесстердин кесепеттерин жеңүү жөндөмүнө ээ боло элек. Кыргызстандын күчөп бараткан тышкы экономикалык кооптулукка татыктуу жооп кайтаруу жөндөмдүүлүгү экономикалык өнүгүүнүн маанилүү шарты болуп эсептелинет. Негизги көйгөй болуп экономиканын айрым секторлорундагы жетишсиз өнүккөн атаандаштык болуп саналат. Кыргыз экономикасы өнөр жай компонентин жоготот, анын тармактык, ошондой эле аймактык түзүмүндө бир кыйла диспропорция бар. Экономиканын азыркы туруму негизинен айыл чарба өндүрүшүнө, минералдык чийки затты өндүрүүгө, тейлөө кызматын көрсөтүүгө багытталган. Ал инновациялуу болбой, билимге жана технологияга таянган тармактарды түзүүгө багытталган эмес. Экономиканын инновациялык жана технологиялык ири тармактардын түзүмдөрүнүн кубатын өнүктүрүүгө негизги капиталды топтоонун ченеми жетишсиз. Кыргызстандын экономикасынын бардык негизги тармактары башка өлкөлөрдөн технологиялык жактан көз каранды болуп турат.

Дүйнөдө Кыргыз Республикасынын позицияларын бекемдөө экономиканын артыкчылыктуу тармактарынын тез өнүгүүсүн талап кылат. Өлкө үчүн энергетика сыяктуу негизги тармакта бардык технологиялык жабдуулар чет өлкөлөрдөн ташылып келинет. Кыргызстандын өзүнүн инновацияларынын жоктугу, дайыма технологиялык жактан көз каранды болуп келиши экономиканын атаандаштыкка жарамдуулугун төмөндөтүүгө гана алып келбестен, социалдык-экономикалык өнүгүүнүн эң жогору көрсөткүчтөрүнө жетүү үчүн тоскоолдук кылат.

Өлкөнүн айыл чарбасында башка өлкөлөрдө иштелип чыккан жана өндүрүлгөн тандалма үрөн материалдары, асыл тукумдуу мал, агротехнологиялар, жабдуулар пайдаланылат. Өлкө өзүнүн көп продукт бере турган асыл тукумдуу малды көбөйтүү, негизги дыйканчылык өсүмдүктөрү боюнча райондоштурулган тандалма үрөндөрдү өстүрүү боюнча мурдагы муундардын жетишкендиктерин жарым-жартылай жоготту.

Илимдин өнүгүшүнүн азыркы деңгээли жана Кыргызстандын илимий жетишкендиктери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн муктаждыктарын жетишерлик деңгээлде камсыз кыла албайт. Эгемендүүлүк жылдарында өлкө мурунку жылдарда топтолгон бир кыйла илимий мүмкүнчүлүктөрүн жоготту. Илимий изилдөөлөрдө жана иштелмелерде иштеген кызматкерлердин санынын кандайдыр бир деңгээлде өсүшүнө карабастан, илимий изилдөөлөрдүн натыйжалары илимий жактан жетишерлик жогору баалуулукка ээ эмес, дүйнөлүк мыкты жетишкендиктерге теңеше албайт, өлкөнүн экономикасында иш жүзүндө ойдогудай колдонулбайт. Жаш илимий кадрлар жетишпейт, бул мурункулардын ишин улантуучуларды жоготууга алып келет. Өлкөдөн жогору квалификациялуу адистердин кетип жаткандыктары дагы байкалууда.

Азыркы убакта коом илимди экономикалык өнүгүүнүн маанилүү фактору, ал эми илимий ишмердүүлүктү - абройлуу, татыктуу материалдык колдоо катары карабайт. Илимий-изилдөө жана конструктордук тажрыйба жүргүзүү ишмердүүлүгү университеттерде эмес, Илимдер академиясында топтолгон, эми университеттерге изилдөө мекемелеринин өз статусун калыбына келтирүү милдети турат.

Жакынкы убакта мамлекеттин курулуш, саламаттык сактоо жана транспорт чөйрөсүнө көбүрөөк көңүл бурушун күтсөк болот. Ошого карабастан, узак мөөнөттүү келечекке көңүл буруу маанилүү. Кыргызстандын экономикасынын келечектеги ийгилиги туруктуулуктун негизин түзөт жана дүйнө коомчулугунда анын ордунун таанылышын камсыз кылат, бул өз кезегинде өлкө жаңы ишканаларды түзүү жана өнүктүрүү үчүн болгон илимий-техникалык мүмкүнчүлүктөрдү кандай пайдаланат, ошого байланыштуу болот. Буга Кыргыз Республикасынын Президенти Р.И.Отунбаева өзүнүн инагурациясында, ошондой эле 2010-жылдын июлунда донорлор менен жогорку деңгээлде болгон жолугушуусунда сүйлөгөн сөзүндө үндөгөн, мында мамлекет башчысы экономиканын атаандаштыкка жарамдуулугун жогорулатуунун жана аны колдоо үчүн институционалдык мүмкүнчүлүктөрдүн зарылдыгын белгилеген. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы бизнес шарттары боюнча Дүйнөлүк банктын рейтингинде 44-орунда турат. Эгер биз инвестицияларды тарткыбыз келсе, анын ичинде инновациялык экономиканы өнүктүрүү үчүн ушул көрсөткүчтү жакшыртуубуз зарыл.

Интеллектуалдык менчик системасы

Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун ишенимдүү системасы анда техникалык инновациялар жана көркөм чыгармачылык өркүндөй турган чөйрөнү түзөт. Ушундай системаны түзүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп берүүчү мыйзам чыгаруу базасы зарыл экендиги шексиз. Республикада бул багытта абдан чоң иш жүргүзүлдү, бул тууралуу ушул жааттагы 14 мыйзамдын иштелип чыгышы жана кабыл алынышы, ошондой эле жарандык, жазык, бажы жана административдик жоопкерчилик жөнүндө кодекстердин тиешелүү ченемдери далилдеп турат. Кабыл алынган мыйзамдарга ылайык интеллектуалдык менчиктин айрым объектилери боюнча мамилелерди конкреттештирүүчү ар түрдүү жоболор жана эрежелер түрүндө жүздөн ашуун мыйзамдык ченемдик актылар иштелип чыкты жана күчүнө киргизилди. Негизинен мыйзам чыгаруу базасы эл аралык ченемдерге ылайык түзүлгөн жана жетишерлик деңгээлде өөрчүтүлгөн.

Кыргызстан совет мезгилинен кийинки өлкөлөрдүн ичинен алгачкылардан болуп Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча макулдашуусуна (ТРИПС) кол койгон. Кыргыз Республикасы Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна кирүү процессинде интеллектуалдык менчик жөнүндө мыйзамдарды иштеп чыгууда ТРИПС Макулдашуусунда көрсөтүлгөн интеллектуалдык менчик укуктарына коргоо берүүгө, көлөмүнө, пайдаланууга жана камсыздоосуна карата стандарттар берилген.

Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүдө эл аралык кызматташуу өзгөчө ролго ээ. Азыркы убакта республика Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун, Өсүмдүктөрдүн сорттору боюнча эл аралык союздун (UPOV), Евразия патенттик уюмунун (ЕАПУ), Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (ӨЖМКММАК) мүчөсү болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы интеллектуалдык менчик жаатындагы 23 көп тараптуу эл аралык келишимдердин, ошондой эле бир катар эки тараптуу өкмөттөр жана ведомстволор аралык келишимдердин да катышуучусу болуп эсептелет.

Интеллектуалдык менчик жаатында бирдиктүү саясатты жүргүзүүчү өзүн өзү каржылоочу мамлекеттик орган түзүлдү. Каржы жагынан көзкарандысыздык өтө маанилүү, анткени бул уюмга мындан дагы натыйжалуу жана сарамжалдуу болууга мүмкүнчүлүк берет. Бул артыкчылык дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө таанылган, анда патенттик ведомстволор ушундай көзкарандысыздыкка ээ болушкан. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматы (мындан ары - Кыргызпатент) мамлекеттин, бизнес-коомчулуктун, илимий чөйрөлөрдүн, чыгармачылык союздардын жана башка кызыкдар болгон тараптардын ортосунда байланыштыруучу звено катары чыгат, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилерине укуктук коргоо берүү боюнча жетишерлик активдүү иштерди жүргүзөт.

III. Мамлекеттик программа менен чечилүүчү негизги маселелер

Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчиктин системасын өнүктүрүүнүн биринчи этабы 2010-жылга дейре эсептелген, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 5-декабрындагы N 712 токтому менен бекитилген мамлекеттик "Интеллект" программасын ишке ашыруу болуп калды. Бул программаны ишке ашыруунун натыйжасында интеллектуалдык менчик жаатында ченемдик укуктук база түзүлдү, ведомство калыптанды, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктук коргоо берилди.

Бирок интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүгө жана аны экономиканын өнүгүшүндө таасирдүү ресурстарга айлантууга тоскоолдук кылуучу бир катар чечилбеген маселелер бар. Интеллектуалдык менчик объектилерин жайылтуунун деңгээлинин төмөндүгү бизнес жана инвесторлор үчүн финансылык жактан кайтарым берүүнү жогорулатууга мүмкүнчүлүк бербейт, илимий-изилдөө борборлорунан рынокко технологияларды өткөрүп берүүгө тоскоолдук кылат.

Интеллектуалдык менчиктин бүтүндөй системасын жана аны башкарууну реформалоо жана өркүндөтүү талап кылынууда. Жаңылык киргизүүчүлөр жана ойлоп табуучулар үчүн ылайыктуу чөйрөнү түзүү, изилдөөлөрдүн жана чыгармачылык ишмердүүлүктүн натыйжаларын коммерциялык жол менен ишке ашырууну өбөлгөлөө, ошондой эле республикада ийгиликтүү инновациялык ишканалардын санынын өсүшүнө көмөк көрсөтүү зарыл.

Интеллектуалдык менчик объектилерин жана инновацияларды натыйжалуу пайдалануу жолу менен экономиканы өркүндөтүүгө көмөк берүү маселеси чечилбеген бойдон калууда.

Кийинки маселе мыйзамдарды натыйжалуу колдонбогондуктан жана негизинен чет өлкөлөрдөн алып келинген контрафакттык продукциялардын кеңири жайылып кетишинде. Чет өлкөлүк жана кыргыз укук ээлери көпчүлүк учурларда алардын бренддерин, соода маркаларын окшотуп жасаган жана автордук укуктарын бузган көйгөйлөргө дуушар болушат. Бүгүнкү күндө "каракчылык" продукциялары, аудиовизуалдуу продукциялардан дары-дармектерге жана тамак-аш продуктуларына чейин, керектөө товарларынын көпчүлүк рынокторунда кезигет.

Кыргыз Республикасынын мыйзам ченемдери айрым контрафакттык продукциялар менен күрөшүүнүн аспектилерин жөнгө салат, бирок бул ченемдер контрафакттын предмети болуп эсептелинген интеллектуалдык менчиктин ар түрдүү объектилери үчүн бирдейлештирилген эмес. Процессуалдык аракеттер жана жарандык-укуктук, административдик, жазык жоопкерчилик ченемдери макулдашып турууну талап кылат, контрафакттык продукцияларды жүгүртүү негизинен кандайдыр бир жоопкерчиликке кириптер кылбайт, ага каршы аракет көрүүнүн институционалдык түзүмү калыптанган эмес.

Контролдоочу милдеттерди аткарууга, контрафакттык продукциялардын таралышына тыюу салууга багытталган аткаруу бийлигинин ыйгарым укуктуу органдарынын системалуулугунун жоктугу жана өз ара байланышып иштебегендиктери өзгөчө көйгөйдү түзөт. Интеллектуалдык менчик тармагында негизги өнөктөштөрдүн ортосундагы ведомстволор аралык кызматташуусунун жетишсиз деңгээлин, ушул маселелер боюнча адистердин билиминин тайыздыгын жана коомдун интеллектуалдык менчиктин маанилүүлүгүн таануусунун деңгээлинин төмөндүгүн белгилеп кетүү керек. Контрафакттык жана каракчылык продукциялардын жүгүртүлүшү жарандардын ден соолугуна жана бейпилчилигине коркунуч келтирип, мамлекеттик бюджетке салык төлөмдөрүнүн көлөмүн төмөндөтүп, коррупция менен криминалитет ойдогудай өркүндөп-өсө турган чөйрөнү түзөт.

Интеллектуалдык менчиктин азыркы системасынын алсыз болгондугунун дагы бир жагы кадрлар менен камсыздоодо болууда, ушундан улам интеллектуалдык менчик, анын ичинде сот, укук коргоо органдарынын, илимий-изилдөө институттарынын, башка мамлекеттик органдардын, чакан жана орто ишканалар чөйрөсүндө адистерди даярдоо боюнча иш-чараларды күчөтүү зарылдыгы келип чыгууда. Өлкөгө интеллектуалдык менчик жаатындагы эксперттер гана эмес, ошондой эле интеллектуалдык менчикти билген экономисттер, менеджерлер жана маркетологдор керек.

Белгиленген маселелерге карабастан, өлкөдө илимий изилдөөлөрдү өнүктүрүү, инновациялык жана чыгармачылык ишмердүүлүктү жүргүзүү үчүн мүмкүнчүлүктөр бар. Мындан тышкары өлкө аймактык өнүгүүгө көмөк берүүчү жаңы технологияларды жаратуу үчүн негиз боло турган салттуу билимдерге бай.

IV. Мамлекеттик программанын максаттары жана милдеттери

Бул мамлекеттик программанын алкагында төмөндөгүдөй артыкчылыктуу багыттар белгиленген:

- инновациялык ишмердүүлүктү өнүктүрүү жана интеллектуалдык менчик объектилерин пайдалануу үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү;

- алдыңкы технологиялардын трансфертин активдештирүү жолу менен экономиканын модернизациясына көмөк берүү;

- коомго интеллектуалдык менчиктин ролу жана мааниси жөнүндө маалымат берүүнү жогорулатуу;

- интеллектуалдык менчиктин объектилерине укуктарды коргоонун натыйжалуу системасын түзүү.

Мамлекеттик программанын башкы максаты болуп, интеллектуалдык жана инновациялык ишмердүүлүк системасын өркүндөтүү жолу аркылуу экономиканын өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүүсү эсептелет. Ал өлкөнүн илимий-изилдөөчүлүк мүмкүнчүлүгүн туруктуу экономикалык өнүктүрүүчү ошондой эле экономиканы технологиялык жакшыртуучу негизги ресурстарынын бирөөнө өзгөртүү үчүн шарттарды түзүүгө багытталган милдеттерди жана негизги артыкчылыктарды аныктайт.

Коюлган башкы максатка жетүү үчүн негизги акцент төмөндөгүлөргө коюлат:

1. Интеллектуалдык менчиктин объектилерин түзүү жана пайдалануу үчүн чөйрөнү калыптандыруу.

2. Интеллектуалдык менчиктин ролу жана мааниси тууралуу коомдун маалыматтуулугун жогорулатуу.

Ушул артыкчылыктарды ишке ашыруу үчүн төмөндөгү негизги маселелерди чечүү караштырылууда:

Маанилүү маселелердин бири ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүккө колдоо көрсөтүү, ошондой эле жаштарды илимий-техникалык чыгармачылык чөйрөсүнө активдүү тартуу, билим берүү программаларына интеллектуалдык менчик боюнча курсун киргизүү аркылуу интеллектуалдык чыгармачылыкты өбөлгөлөө, колдоо жана активдештирүү болуп эсептелет.

Бизнес жана инвесторлор үчүн алгылыктуу кайтарым берүүнү жогорулатууга мүмкүндүк түзгөн интеллектуалдык менчиктин объектилерин натыйжалуу пайдаланууга багытталган маселелерди чечүү зарыл. Мамлекеттик программада илимий-изилдөө борборлорунан рынокко технологияларды өткөрүп берүүгө, ата мекендик экономиканы өркүндөтүү үчүн чет өлкөлүк алдыңкы технологияларды импорттоого жана керектөөчүлөргө жаңы продуктуларды берүүгө жана тейлөө кызматын көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү бир катар иш-чараларды ишке ашыруу караштырылат.

Кийинки артыкчылыктуу маселе катары интеллектуалдык менчиктин объектилерин укуктук коргоонун жана сактоонун маселелерин жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны жакшыртуу аныкталды. Кыргыз Республикасынын Жазык жана Жарандык кодекстерине, Административдик жоопкерчилик жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кодексине, ошондой эле интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзамдарга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл. Бул өзгөртүүлөр интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузуулардын деңгээлин, анын ичинде Кыргыз Республикасынын аймагына четтен алып келинген контрафакттык жана каракчылык продукциялардын деңгээлин төмөндөтүүгө багытталган.

Укук коргоо жана сот органдарынын кызматкерлеринин интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү квалификациясын жогорулатуунун, интеллектуалдык менчик жаатындагы укук бузуулардын алдын алуу жана ага бөгөт коюу боюнча мамлекеттик органдардын ортосундагы өз ара натыйжалуу аракеттенүүлөрүн камсыздоо маселелери дагы маанилүү болуп эсептелинет.

Республиканын аймактарында интеллектуалдык менчик продуктуларын жана инновацияларды өнүктүрүү да бул Мамлекеттик программанын негизги маселелеринин бири болуп эсептелинет. Ушул максаттарда инновациялык ишмердүүлүктү жер-жерлерде өнүктүрүү үчүн ылайыктуу шарттарды түзүү, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрүн инновацияларды пайдалануудан экономикалык пайда алуу ыкмаларына үйрөтүүнү кошкондо, ишкерлерге маалыматтарды жана мүмкүнчүлүктүү бизнес өнөктөштөрдү издеп табууга көмөк көрсөтүү боюнча бир катар конкреттүү иш-чаралар караштырылууда.

Коомго интеллектуалдык менчиктин ролу, анын мааниси жана андан алынган пайда жөнүндө маалымат берүүнү жогорулатуу үчүн маалымат саясатын иштеп чыгуу да маанилүү болуп эсептелүүдө.

Мамлекеттик программаны ишке ашыруу төмөндөгүлөргө шарт түзүшү керек:

- интеллектуалдык менчиктин укуктарын коргоону камсыздоочу укуктук мамлекет катары өлкөнүн зоболосун калыптандырууга;

- эл аралык ченемдерге ылайык интеллектуалдык менчик жаатындагы мыйзам чыгаруу базасын жакшыртууга;

- интеллектуалдык менчиктин объектилерине укук берүүнүн жол-жоболорун уюштурууга жана административдик өнүктүрүүгө;

- бардык кызыкдар болгон топтордун ортосунда кызматташууну өнүктүрүүгө;

- анда интеллектуалдык менчик жаңылык киргизүүчүлөргө жана чыгармачыл ишмерлерге өз ишинин экономикалык пайдалуулугун жогорулатууга жана бизнестин, изилдөөчүлөрдүн, жаратуучулардын жана коомдун кызыкчылыгы үчүн өлкөнүн экономикасын көтөрүүгө, негизинен экономикалык атаандаштыкка жарамдуулугун бекемдөөгө мүмкүнчүлүк берүүчү чөйрөнү түзүүгө;

- коомго интеллектуалдык менчиктин маанилүүлүгү жана баалуулугу жөнүндө маалымдоо деңгээлин жогорулатууга;

- финансылык актив катарында интеллектуалдык менчикти колдонууну кеңейтүүгө;

- Кыргыз Республикасынын аймактык жана глобалдуу деңгээлдерде ИМ системасын өнүктүрүүгө таасир берүүсүн жогорулатууга.

V. Мамлекеттик программаны ишке ашыруудагы кооптуу жагдайлар

Бул Мамлекеттик программанын максаттарын жана милдеттерин ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн объективдүү жана субъективдүү жагдайлар тоскоолдук кылышы мүмкүн.

- Өкмөт тарабынан колдоонун жетишсиздиги;

- Мамлекеттик программаны ишке ашырууда мамлекеттик органдарды жана бизнес-коомчулукту четтетүү же алардын катышпагандыгы;

- долбоорлорду ишке ашырууда каржы менен колдоонун жоктугу;

- донорлордун жана өнөктөштөрдүн ресурстарын сарамжалсыз колдонуу.

Кездешүүчү коркунучтуу жагдайларга кабылбоо үчүн төмөндөгү иш-чараларды үзгүлтүксүз өткөрүү талап кылына тургандыгын белгилей кетүү керек:

- тегерек столдорду жана коомдук угууларды өткөрүү, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарында Мамлекеттик программаны жана аны ишке ашыруунун жүрүшүн кеңири чагылдыруу;

- башка министрликтер жана мекемелер, коомдук уюмдар жана бизнес-чөйрөлөрү менен саясий жана аткаруучулук деңгээлдерде туруктуу байланыштарды өнүктүрүү;

- Мамлекеттик программаны иштеп чыгуу, мониторинг жана өздөштүрүүнүн бардык этаптарына донордук уюмдарды тартуу.

Саналып өткөн коркунучтарды болтурбоо, же жоюуу үчүн, белгилүү бир иш-аракеттерди жана иш-чараларды алардын пайда болуу жагдайларына жараша чечүү чарасын көрүүсү болжоштурулат, баалоонун жана мониторингдин натыйжалуу системасы мамлекеттик программанын максаттарын ишке ашыруудагы тоскоолдуктарды жана кыйынчылыктарды көзөмөлгө алууга мүмкүндүк берет.

VI. Ресурстук камсыздоо

Бул Мамлекеттик программаны ишке ашыруу мамлекеттик бюджеттен финансылык каражаттарды максаттуу түрдө бөлүп берүүнү караштырбайт. Кыргызпатенти Мамлекеттик программаны ишке ашыруу үчүн жооптуу орган катарында жеке, донордук жана өнөктөштүк ресурстарды тартат. Ошондой эле эл аралык уюмдар тарабынан кеңеш берүү, техникалык жана башка жардам түрүндө колдоо көрсөтүлөөрү күтүлүүдө.

Мамлекеттик программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн төмөнкүдөй ресурстар зарыл:

Мамлекеттик программанынын жалпы сметасы (миң сом)

Жылдар

Мамлекеттик программаны ишке ашыруу

"Укуктук мектеп" долбоору

"Контрафакттык продукция" долбоору

"Салттуу билимдер" долбоору

"Ойлоп табуучулардын жаңы мууну" долбоору

"ЧОИ" долбоору

Бардыгы

2012

13398,1

342,75

921,9

7389,4

3579

397,9

26029,05

2013

11971,1

342,75

921,8

7389,3

3578,9

397,8

24601,65

2014

14359,7

 

921,8

7389,3

3578,9

397,8

26647,5

2015

4101,6

 

 

 

3578,9

 

7680,5

2016

3956,5

 

 

 

 

 

3956,5

Бардыгы

47787,0

685,5

2765,5

22168

14315,7

1193,5

88915,2

Мамлекеттик программанын иш-чараларын ишке ашырууга бардыгы 88915200 (сексен сегиз миллион тогуз жүз он беш миң эки жүз) сом керек.

Бул Мамлекеттик программаны иштеп чыгууга катышкан Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму методикалык жана кеңеш берүү жаатында жардам, колдоо көрсөтөт. Жакында өткөн донорлордун жогорку деңгээлде жолугушуунун натыйжасы бизнес, мамлекеттик башкаруу жана билим берүү жаатында жардам берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндөгү чечими болуп калды.

VII. Ишке ашыруунун этаптары

Негизинен мамлекеттик программаны ишке ашыруу эки этапта жүргүзүлөт: биринчи 2012-2013-жылдар, экинчиси - 2014-2016-жылдар.

Биринчи этап (2012-2013-жылдар) негизинен даярдоочу мүнөздөгү иш-чараларды ишке ашырууга байланыштуу болот. Мамлекеттик программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү, жаңы мыйзамдарды иштеп чыгуу, адистерди даярдоо каралууда.

Экинчи этап (2014-2016-жылдар) мамлекеттик программанын иш-чараларын активдүү ишке ашыруунун мезгили болуп калат.

VIII. Ишке ашыруунун мониторинги жана баалоо

Мамлекеттик программанын аткарылышы аны ишке ашыруу боюнча иш-чаралардын пландары аркылуу жүргүзүлөт. Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жүрүшүн көзөмөлдөө үчүн конкреттүү өлчөнүүчү индикаторлорду камтыган мониторинг жана баалоо системасы иштелип чыккан. Мониторинг процессине зарыл учурда коомдук уюмдар жана көз карандысыз институттар тартылышы ыктымал. Мониторинг органы болуп Кыргызпатент эсептелинет.

Кыргызпатенттин сайтында жайгаштырылуучу Мамлекеттик программаны ишке ашыруу жөнүндөгү ай сайын берилүүчү отчеттордун негизинде мониторинг жана баалоо үчүн кызыкдар болгон тараптардын өкүлдөрү менен бирге Кыргызпатенттин кызматкерлеринен турган жогорку деңгээлдеги комиссияны түзүү сунушталууда. Бул Комиссия Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталуучу тиешелүү саясий деңгээлде квартал сайын отчет берет.

Бизнес-коомчулук жана өкмөттүк эмес уюмдарды кошкондо, кызыкдар болгон тараптар менен үзгүлтүксүз жолугушуулар жүргүзүлүп турат.

IX. Корутунду

Мамлекеттик программаны ишке ашыруунун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасында төмөндөгүдөй жакшы натыйжаларга жетишебиз:

- интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын түзүү, пайдалануу жана трансфер-технологияларды жүргүзүү үчүн чөйрө калыптанат;

- ойлоп табуучулук активдүүлүгү жана алардын натыйжаларын чарбада колдонуу жогорулайт;

- илимий-техникалык чыгармачылыкка тартылган окуучулардын жана жаштардын саны көбөйөт;

- интеллектуалдык менчик укуктарын коргоону камсыздоочу укуктук мамлекет катары өлкөнүн зоболосу көтөрүлөт;

- калктын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирүүчү контрафакттык продукциялардын жүгүртүлүшүнө каршы күрөшүү системасы түзүлөт;

- коомдун интеллектуалдык менчиктин ролу жана анын мааниси жөнүндө маалымат алуусу жогорулайт;

- өлкөнүн ички дүң продуктусунда инновациялык товарлардын жана тейлөө кызматынын үлүшү көбөйөт, бул Кыргыз Республикасына атаандаштыкка жарамдуу болууга жана эл аралык деңгээлде өзүнүн улуттук кызыкчылыктарын илгерилетүүгө мүмкүндүк берет.

 

Шилтемелер

 

Статистика

2017-жылдын  1 февралькарата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

4796

Пайдалуу моделдер

36

Өнөр жай үлгүлөрү

6049

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10136

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

42549

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентно-поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200