FaLang Language Switcher

Тарыхый маалымат

2013-жылы Кыргыз Республикасыны интеллектуалдык менчик системасы өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 20 жылдыгын белгилеп жатат.

Республикада интеллектуалдык менчик ситемасын курууда бирден бир маанилүү маселелердин чечилиши болуп 1993-жылы Илим жана жаңы технологиялар боюнча Мамлекеттик комитеттин алдында Патенттик башкармалыктын түзүлүшү болду, ал кийинчерээк Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Интеллектуалдык менчиктин башкы башкармалыгына айланган. Бирок, интеллектуалдык менчикти коргоо системасынын өнүгүшү үчүн өз алдынча иш алып барган жана патенттер эле эмес, интеллектуалдык менчиктин башка объектилери боюнча да маселелерди  теске салган мамлекеттик органды түзүү муктаждыгы келип чыккан. Ошого байланыштуу, 1996-жылы Интеллектуалдык менчиктин башкы башкармалыгынын базасында административдик мекеме -  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллекталдык менчиктин мамлекеттик агенттиги түзүлгөн, анын иш милдеттери бүгүнкү күнгө чейин көп өзгөрүүлөргө дуушар болду.

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (мындан ары – Кыргызпатент) интеллектуалдык менчикти коргоо жана инновацияларды өнүктурүү  жаатындагы мамлекеттик бирдейлештирилген саясатты ишке ашыруучу  орган болуп саналат, анын иш милдеттерине  интеллектуалдык менчиктин бардык объектилери боюнча укуктук коргоо берүү жана кызыкдар жактар менен биргеликте республикада инновациялык ишмердүүлүктү демилгелөөнүн механизмдерин иштеп чыгуу киргизилген.

2000-жылы Кыргызстанда интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик системасын өнүктүрүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №721 токтому менен 2000-2010-жж. Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасын өнүтүрүүнүн “Интеллект” мамлекеттик программасы бекитилген, анын алкагында республикада илимий-техникалык жана көркөм чыгармачылыкты, интеллектуалдык менчик объектилеринин рыногун, инновациялык жана инвестициялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү жана дүйнөлүк интеллектуалдык мейкиндикке биригүүнү камсыз кылган  иш-чаралар өткөрүлдү.

2012-жылы жакынкы жылдары интеллектуалдык менчик системасын жана инновациялык ишмердүүлүктү жаңы деңгээлге алып чыкчу 2012-2016-жж. Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясынын маселелерин ишке ашыруу боюнча иш башталды.

Интеллектуалдык менчиктин ишенимдүү системасы техникалык инновациялар жана көркөм чыгармачылык гүлдөп өскөн чөйрөну калыптандырат. Албетте, мындай системаны түзүү үчүн эл аралык стандарттарга жооп берген мыйзамдык база керек.

Бул багытта мекеме тарабынан көп иштер аткарылган, муну бул жаттагы 18 мыйзамдын, ошондой эле Граждандык, Бажы, Кылмыш-Жаза жана Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекстердин тиешелүү нормаларынын иштелип чыгышы жана кабыл алынышы күбөлөндүрөт.

Эн биринчилерден болуп Патенттик мыйзам, “Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Мыйзам, “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Мыйзам жана башкалар кабыл алынган. Борбордук Азияда биринчилерден болуп “Салттуу билимдер жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамы ишке киргизилген. 

Кабыл алынган мыйзамдарга ылайык интеллектуалдык менчиктин айрым объектилери боюнча мамилелерди дааналаган ар кандай жоболор жана эрежелер түрүндө 428 мыйзамдарга караштуу актылар иштелип чыгып, ишке киргизилген.

Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасынын өнүгүшүндө өзгөчө ролду эл аралык кызматташуу ээлейт. 20 жылдын аралыгында Кыргыз Республикасы Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (БСУ), Өсүмдүктөрдүн сорттору боюнча эл аралык союздун ((UPOV), Евразия патенттик уюмунун (ЕАПО), Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер аралык кеңештин (ӨЖМКМК), ЕврАзЭСтин Интеграциялык Комитетине караштуу ИМ боюнча Кеңештин мүчөсү болду.  

Бүгүнкү күндө Кыргыз Республикасы интеллектуалдык менчик жаатындагы көп тараптуу эл аралык 70 келишимдин катышуучусу, алар: Өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясы, Адабий жана көркөм чыгармаларды коргоо жөнүндө Берн конвенциясы, Белгилерди каттоо боюнча Мадрид макулдашуусу, Патенттик кооперация жөнүндө келишим, Интеллектуалдык менчик укуктарынын соодалык аспектилери боюнча макулдашуу, Товардык белиглер жөнүндө мыйзамдар боюнча Сингапур келишими ж. б.

Эл аралык келишимдерге жигердүү кошулуу жана аларды ирээти менен аткаруу туруктуу эл аралык-укуктук режимди кармап турууга мүмкүндүк берет. Демек, интеллектуалдык менчикке болгон укуктар бүткүл дүйнө жүзүндө корголуп, экономикалык өнүгүүгө өбөлгө болот деген ишенимдүүлүктү жаратат. 

Россия, Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Армения менен  өнөр жай менчигин коргоо боюнча эки тараптуу өкмөттөр аралык келишимдер түзүлгөн.Түрк Республикасы жана Кытай Эл Республикасы менен Интеллектуалдык менчикти коргоо жөнүндо макулдашуулар түзүлгөн. Ведомстволор аралык мкулдашуулар Өнөр жай менчиги жаатындагы Француз патенттик ведомствосу, Россия жана Казакстандын автордук коомдору, Автордук укук боюнча Өзбекстан жана Тажикстандын агенттиктери, Фонограмма чыгаруучулардын эл аралык федерациясынын Москвадагы өкүлчүлүгү (IFPI), Түрк патенттик институту, Өнөр жай менчиги жаатындагы кызматташтык жөнүндө Венгриянын патенттик ведомствосу, Австриянын, Кытайдын жана Польшанын патенттик ведомстволору менен кызматташуу жөнүндө макулдашуулар түзүлгөн. АКШнын Патенттер жана товардык белгилер боюнча ведомствосу менен кызматташтык жөнүндө меморандум кол коюуга даярдалып жатат.

Бүгүнкү күндө интеллектуалдык менчик күнүмдүк жашоонун баардык аспектилерин гана камтыбастан, өндүрүштүн жашап кетүүсүнүн, сакталып калуусунун жана өнүгүүсүнүн натыйжалуу аспабы болуп келе жатат. Республикадагы өнөр жай менчигинин корголуучу объектилеринин динамикасы буга далил боло алат.  Белгилүү саясий кырдаалдар патенттөөнүн көрсөткүч сандарына  убактылуу өз таасирин тийгизгенине карабастан, интеллектуалдык менчик объектилерине укуктук коргоо берүүнүн динамикасы Кыргызстандын интеллектуалдык менчиги жаатындагы көрсөткүчтөрдүн туруктуу өсүшүн чагылдырат.

Өнөр жай менчигинин объектилерин каттоо муктаждыгы бул объектилерди каттоонун укуктук ченемдүүлүгүнө байланышкан талаш-тартыштардын пайда болушуна алып келет. Ведомствонун алкагында мындай талаш-тартыштарды кароо үчүн атайын орган -  Аппеляциялык кеңеш иштейт.

Авторлорго таануу жана акыйкат материалдык сый акы түрүндөгү дем берүү менен, автордук укукту жана чектеш укуктарды коргоо системасы чыгармачылыктын өнүгүүсүнүн керектүү шарты болуп келет. 

“Автордук укук жана чектеш укуктар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргызпатент авторлордун жана укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык башкаруу уюмунун милдетин аткарып, 1999-жылдан тартып сый акыларды (гонорарларды) топтоо, бөлүштүрүү жана авторлор менен укук ээлерине  төлөп берүүнү жүргүзүп келет.

Интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүдө маанилүү ролду ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишмердүүлүкту колдоо жана аларга дем берүү ойноп келет. Республикада ойлоп табуучулук жана чыгармачылык ишмердүүлүктү колдоо жана дем аларга дем берүү максатында 1998-жылы Кыргызпатентке караштуу Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду түзүлгөн. Өз ишмердүүлүгүнүн учурунда Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фонду тарабынан авторлорго жана ойлоп табуучуларга ойлоп табуучулук, чыгармачылык жана инновациялык ишмердүүлүккө   жалпы суммасы 10 700 156 сомго финансылык колдоо көрсөтүлгөн.

ИМБДУнун программасынын алкагында 44 автор жана ойлоп табуучу илим, адабият жана искусство жаатындагы жетишкендиктери үчүн ИМБДУнун алтын медалдары менен сыйланган. Ойлоп табуучулук жана патенттик ишке салымы үчүн 8 ойлоп табуучу В. И. Блинников атындагы алтын медаль менен сыйланган.

Ойлоп табуучулардын, авторлордун жана чектеш укуктар ээлеринин ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Кыргызпатенттин алдында Ойлоп табуучулар кеңеши, Авторлор кеңеши, Чектеш укуктар ээлеринин кеңеши иштейт.

Илимий-техникалык прогресстин тездөөсүнүн, экономиканын өнүгүшүнүн маанилүү шарттарынын бири болуп өз убагындагы маалыматтык камсыздоо эсептелет. 1998-жылдан бери Кыргызпатенттин алдында Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана иштеп келет, ал 2012-жылы өзүнүн түзүлгөндүгүнүн 45 жылдыгын белгиледи. Өлкөнүн китепканалар системасындагы бул китепкананын жетектөөчү орду анын атайын түрдөгү басылмалардан: патенттик жана ченемдик-техникалык документтерден, илимий-техникалык адабияттардан жана мезгилдүү басылмалардан турган 17 миллион даанадан ашуун фонду менен аныкталат.

Интеллектуалдык менчиктин маселелерин кеңири чагылдыруу максатында ведомство “Интеллектуалдык менчик” расмий бюллетенин, “Кыргызпатенттин кабарлары: интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселелери” журналын чыгарат, ошондой эле окуу куралдары, усулдук сунуштамалар, көрсөткүчтөр, чакан жана орто бизнеске жардамга жыйнактар, тематикалык тандалмалар ж. б. чыгарылат.

Эркин рынок интеллектуалдык менчикти коргоонун натыйжалуу жана күчтүү системасысыз болушунун өзү күмөн. Ошого байланыштуу бүгүнкү күндо Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүдө эл аралык келишимдердин талаптарын эске алуу менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу, интеллектуалдык менчик  жаатындагы укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү, натыйжалуу инфраструктураны куруу маселелери жаңы деңгээлге чыгарылат.

Интеллектуалдык менчик  жаатындагы укук бузууларга каршы күрөштү күчөтүү максатында 2008-жылы  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Интеллектуалдык менчик  жаатындагы укук бузууларга каршы күрөшүү боюнча ведомстволор аралык комиссия түзүлгөн. Комиссиянын чечими менен Кыргызпатентке интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган товарлардын жана өнүмдөрдүн контрафактуулугуна мамлекеттик эксперттөө жүргүзүү боюнча иш милдети жүктөлгөн.

Ошентип, 2008-жылдан тартып Кыргызпатент тарабынан 152 115 даана өнүмдөрдүн контрафакттуулугуна изилдөө жүргүзүлгөн. Бишкек шаарынын мэриясы, Финансы полициясы кызматы жана Сот департаменти менен биргелешип мыйзамсыз сатуудан алынып салынган контрафакттуу аудио-видео өнүмдөрдү, жалпы саны 30 миңден ашуун ар түрдүү форматтардагы контрафактуу дисктерди, жок кылуу менен “Каракчылык токтосун!” жана “Каракчылыкка – күрөш!” аттуу кеңири масштабдуу акциялар өткөрүлгөн.

Интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүдөгү бардык коюлган максаттарга жетүүдө өзгөчө салымды кадр ресурстары кошот, интеллектуалдык менчик чөйрөсүндөгү укук бузууларга каршы натыйжалуу күрөштү камсыз кылуу үчүн укук коргоо, бажы, сот жана башка мамлекеттик органдарда жогору квалификациялуу адистердин болушу керек. Ошондуктан Кыргызпатент интеллектуалдык менчик  жаатындагы укук бузууларды токтотуу боюнча квалификациясын жогорулатуу курстарында укук коргоо, бажы, сот органдарынын кызматкерлерин окутуп келет. Бугүнкү күндө 250 адам окутулду.  Бул тармактагы укук бузууларга каршы күрөштү активдештирүү боюнча чечимдер кабыл алынды.

2012-жылдын 20-февралында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №131 токтому менен инновация чөйрөсүн өнүктүрүү боюнча иш милдеттер Кыргызпатентке өткөрүлүп берилген. Ошого байланыштуу улуттук инновация системасын натыйжалуу куруу үчүн жана инновациялык ишмердүүлүктү натыйжалуу башкаруу, мамлекеттик инновациялык саясатты ишке ашыруу, инновациялык долбоорлордун жайылтылуусуна ведомстволор аралык көзөмөлдү күчөтүү жана министрликтер, ведомстволордун ишмердүүлүктөрүн координациялоо, ошондой эле “Инновациялык ишмердүүлүк жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын  ишке ашыруу максатында 2012-жылдын 22-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн №790 токтому менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Инноватика боюнча мамлекеттик кеңеш түзүлгөн.

2012-жылдан тартып Кыргыз Республикасынын инновациялык долбоорлорунун реестри экономиканын тармактары боюнча жүргузүлө баштады, анда долбоорлордун пайдалануу тармактары, даярдык деңгээли, жалпы баасы жана өзүн-өзү актоо мөөнөтү көрсөтүлгөн. Реестрде  инвесторлор жана бизнес-коомчулугунун өкүлдөрү үчүн маалыматтар бар.

Аймактардагы ишкерлерге инновациялар чөйрөсүндөгү маалыматтык жана кеңеш берүүчүлүк жардамдар берилип келет. Өлкөнүн түштүк борборунда Ош социалдык университетинин базасында  Технологияларды жана инновацияларды колдоо борборунун филиалы ачылды. Биринчи Технологияларды жана инновацияларды колдоо борбору 2010-жылы ИМБДУнун финансылык, техникалык колдоосу менен Интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондунун базасында ачылган. Кийинчерээк Борбордун филиалдарын Бишкек шаарынын алдыңкы жождорунда жана аймактарда ачуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Бул борборлор ойлоп табуучуларга жана окумуштууларга интеллектуалдык менчик жана инновациялар жаатындагы патенттик жана патенттик эмес маалымат булактарына бекер кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылат.

Мындан тышкары, башка  мамлекеттердин инновацияларды өнүктүрүү жаатындагы, бөлүп караганда инновациялык борборлорду түзүү, инновациялык долбоорлорду тандап алуу жана улуттук инновациялык системасын калыптандыруу чөйрөсүндөгү тажрыйбасына жана эл аралык мыйзамдарга көп көнүл бурулат.

Алсак, 2012-жылдын 24-июлунда Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы менен Россия Федерациясынын “Сколково” Жаңы технологияларды иштеп чыгуу жана коммерциялаштыруу борборун  Өнүктүрүү фонду Коммерциялык эмес уюмунун кызматташуусу жөнүндо макулдашууга кол коюлган, ал инновациялык ишмердүүлүктүн инфраструктурасын калыптандырууга, улуттук инновациялык системаны өнүктүрүүгө дем берүүгө, инновациялык долбоорлорду жана ишканаларды колдоо үчүн технопарктарды түзүүгө багытталган.

Интеллектуалдык менчик инновациялар менен тыгыз байланышкандыгы шексиз, анткени корголгон гана интеллектуалдык менчик объектилери укук ээси үчүн гана эмес, экономиканы өнүктүрүү үчүн дагы пайдасын тийгизүү менен өндүрүшкө киргизиле алат. Учурда өнүгүүнүн инновациялык жолу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрү үчүн өнүгүүнүн стратегиялык багыты болуп келе жатат. Инновацияларды өнүктүрүү менен өлкө  рынок талаптарын канааттандырган жана киреше алуу менен сатылчу жаңы азыктарды, товарларды жана тейлөө кызматтарын ала алат. Патенттик система инновацияларга дем берүү жана экономикалык ишмердүүлүккө жардам берүү үчүн колдонулат.

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 октябрында карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5120

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6084

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10191

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43672

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200