FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

16.04.2018

Кыргызпатент интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо маселелери боюнча магистр-студеттер үчүн тегерек үстөл өткөрдү

“Интеллектуалдык менчикти укуктук коргоону камсыздоого көмөктөшүү” темасындагы тегерек үстөл Эл аралык интеллектуалдык менчик күнүнө жана Кыргыз Республикасынын интеллектуалдык менчик тутумунун түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгына карата иш-чаралардын алкагында болуп өттү.

Тегерек үстөлдү өткөрүүнүн максаты Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо ыкмалары жана интеллектуалдык менчикти укуктук коргоонун актуалдуу маселелерин карап чыгуу болуп саналат.

 

Тегерек үстөл интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо маселелерине адистешкен юристтерге жана магистр-студенттерге багытталган. Тегерек үстөлдүн жүрүшүндө спикерлердин баяндамалары угулуп талкууланды, иш-чаранын катышуучулары каралган теманын актуалдуулугун жана ушул жааттагы алакалашууну өркүндөтүүнүн зарылдыгын белгилешти.  

Кыргызпатент кызыкдар мамлекеттик органдар менен биргеликте интеллектуалдык менчик объектилерине укуктук бузуулардын алдын алуу максатында интеллектуалдык менчик объектилерин мыйзамсыз колдонууда терс мамилеге тарбиялоого багытталган конференциялар, семинарлар, тегерек столдор, жолугушуулар жана башка иш-чаралар форматында интеллектуалдык менчик жөнүндө билимдерди жайылтуу боюнча  үзгүлтүксүз укуктук түшүндүрүүчү иштер өткөрүлүп келе жаткандыгын белгилөөгө болот. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) жана Кыргыз Республикаснын Өкмөтүнө караштуу Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясы тегерек үстөлдүн уюштуруучулары болуп саналат.

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2018-жылдын  1 - мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5124

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6051

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10293

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43846

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511900