FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

12.04.2018

Кыргызстандын делегациясы интеллектуалдык менчик боюнча Эл аралык стратегиялык «IP Quorum 2018» форумуна катышууда

Кыргызстандын делегациясы 2018-жылдын 11–12-апрелинде Россия Федерациясынын Калининград облусунда интеллектуалдык менчик боюнча Эл аралык стратегиялык «IP Quorum 2018»  форумуна  катышууда. Делегациянын курамына Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Кыргыз Республикасынын  Эл жазуучусу  Султан Раев, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу  Интеллектуалдык менчик жана инновациялар  мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев, Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана көркөм өнөр университетинин ректору, э.и.к. Мамашарип Чотонов, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, Казакстан Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Токтогул атындагы мамлекетик сыйлыгынын лауреаты Саламат Садыкова кирген.

Санариптик экономиканын  кызыкчылыгында глобалдуу интеллектуалдык менчик рыногунун калыптануусунун стратегиясы  форумдун негизги багыты  болуп саналат. Форумдун уюштуруучулары иштеп чыгуулардын жана интеллектуалдык менчик объектилерин изилдөөлөрдүн натыйжаларын коммерциялаштыруу үчүн толук кандуу инфраструктураны түзүүнү ниеттенүүдө.   

Форумдун алкагында интеллектуалдык менчикти майнаптуу коргоо, ошондой эле интеллектуалдык менчиктин натыйжаларын  коммерциялаштыруу жана алдыга жылдыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) жана "Интеллектуалдык менчик объектилери жана укуктары менен транзакцияларды иштеп чыгуу улуттук координациялык борбору" (IPChain) ассоциациясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду. Меморандумга Кыргызпатенттин төрагасы Д. Эсеналиев  жана "IPChain" бирикмесинин президенти A. Кричевский кол коюшту.

Аталган меморандумга ылайык интеллектуалдык менчик жаатында өз ара пайдалуу жана бирдей негиздеги эки тараптуу кызматташууну өнүктүрүү, методологиялык маалымат алмашуу жана профессионалдык адистерди кайрадан даярдоо жүзөгө ашырылмакчы. Ошону менен бирге, кол коюу интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо механизмдерин жакшыртууга, ошондой эле, санариптик экономиканы калыптандыруу шарттарында интеллектуалдык менчик объектилерин коммерциялаштырууну өркүндөтүүгө жана алдыга жылдырууга көмөк көрсөтүүгө мүмкүндүк берет.

 

Форум жөнүндө маалымдама:

   Интеллектуалдык менчик боюнча  Эл аралык стратегиялык IP Quorum 2018 форуму  “Интеллектуалдык менчик – глобалдуу рыноктун жана санариптик экономиканын  жаңы каарманы. Стратегия, тренддер, индустриялар” Россия Федерациясынын ЮНЕСКО иштери боюнча Комиссиясынын камкордугунда жана Евразия элдеринин Ассамблеясынын колдоосунда өткөрүлүүдө.

Форумдун уюштуруучулары IPChain россиялык ассоциациясы жана Евразиялык укук ээлери коомунун конфедерациясы (EAУКK)   - БРИКС, КМШ,  ЕАЭБ мүчө-өлкөлөрүндө  интеллектуалдык менчик укуктарынын ар кандай категорияларын башкаруучу, алдынкы улуттук коомдорду бириктирүүчү  эл аралык бейөкмөт уюму.

Форумдун кошо уюштуруучулары: Россия Федерациясынын Билим берүү жана илим министрлиги, Маданият министрлиги, Калининград облусунун өкмөтү, “Жаңы технологияларды коммерциялаштыруу жана иштеп чыгуу борборунун өнүктүрүү фонду” (“Сколково” фонду), Интеллектуалдык менчик федералдык кызматы (Роспатент) жана “Санариптик экономика” автономдук бейөкмөт уюму.

Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Маданият жана көркөм өнөр университетинин ректору. M. Чотонов  жана Кыргыз Республикасынын Эл артисти С. Садыкова ЕАУККнын  президиумунун мүчөлөрү болуп саналат. 

 

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2018-жылдын  1 - мартка карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5124

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6051

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10293

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43846

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511900

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511900