FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

26.12.2017

Кулактандыруу

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы интеллектуалдык менчик жаатындагы иштерди майнаптуу аткарууну камсыздаган жаңы кесиптик билимдерди, ыкмаларды жана көндүмдөрдү алуу жана аларды өнүктүрүү аркылуу бюджеттик чөйрөдөгү уюмдардын интеллектуалдык менчикти пайдалануудагы иштерине колдоо көрсөтүү үчүн  ишканалар жана/же бюджеттик уюмдар үчүн патент таануучу адистерди даярдоо максатында “Патенттик укуктун объектилери, жекелештирүү каражаттары жана алардын экспертизасы” темасында аралыктан окутуу программасына конкурс жарыялайт.

Конкурсту өткөрүү мөөнөтү:

Өтүнмөлөрдү кабыл алуу 27.12.2017-11.01.2017-ж. чейин (10 иш күнүнүн ичинде)

Өтүнмөлөрдү кароо жана конкурсанттарды жарыялоо 12.01.2018-18.01.2018-ж. чейин (5 иш күнүнүн ичинде)

Талапкерлерге коюлуучу талаптар:

-         Кыргыз Республикасынын жарандыгы;

-         жогорку билими;

-         өнөр жай менчигинин объектилерине өтүнмөлөрдү тариздөө менен түздөн-түз алектенген, ишканалардын жана/же бюджеттик уюмдардын патент таануучу адистери;

-         интеллектуалдык менчик тармагында  иштеген бир жылдан кем эмес стажы;

-         ишкананын жана/же бюджеттик уюмдан сунуштоо каты (өтүнүчү).

Конкурска катышуу үчүн керектүү документтер электрондук түрдө берилет:

-         окутууга өтүнмө;

-         ишкананын жана/же бюджеттик уюмдун  сунуштоо каты (өтүнүчү);

-         паспорттун көчүрмөсү;

-         жогорку билими жөнүндө  дипломдун күбөлөндүрүлгөн көчүрмөсү;

Окутуудан өтүү үчүн өтүнмөлөр кагаз жана электрондук түрдө төмөнкү дарекке берилет: Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62, “Конкурска катышуу үчүн” деген белгиси менен же e-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.  жөнөтүлөт.

Кулактандырууда көрсөтүлгөн мөөнөттөн кеч берилген өтүнмө кабыл алынбайт.

Окутуунун узактыгы:

6 жума/90 саат, окутуу үчүн бекитилген мезгил жок.

Документтер төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат:

Бишкек шаары, Москва көчөсү, 62, Кыргызпатент

Маалымат берүү телефондору:

(0312) 68-13-32 Искакова Күлүмкан Айбашовна,

(0312) 68-10-71 Нуруллина Румия Ильдаровна

(0312) 68-17-34 Уракеева Салийка Эдилбековна

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 - декабрына карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5112

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6059

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10225

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43761

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200