FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

04.12.2017

Кыргызпатенттин алдындагы патенттик-техникалык китепканасында “Манас” эпосунун жумалыгына арналган иш-чара өткөрүлдү

2017-жылдын 4-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында (МПТК) “Манас” эпосунун жумалыгына арналган иш-чара өткөрүлдү.

Иш-чаранын жүрүшүндө Манастын 7 осуяты кеңири баяндалды,  анда МПТКнын директорунун орун басары Маркабай Ааматов “Манас” эпосунун улуулугун жана баалуулугун баса белгиледи, ошондой эле “Манас” эпосунун өсүп келе жаткан муунга тарбиялык маанисинин өтө чоң экендиги айтылды.

Бул тема чоң талкууну жаратып, МПТКнын кызматкерлери өз пикирлерин ортого салышты. Иш-чаранын соңунда МПТКнын кичинекей окурмандары “Манас” эпосунан үзүндү айтып беришти.

Иш-чаранын алкагында Манас эпосун таанып, билүү үчүн окурмандарга таалим тарбия бере турган китеп көргөзмөсү уюштурулуп 11-декабрга чейин ачык эшик түрүндө уланмакчы.

Кыргызпатент ушул сыяктуу тарбиялык жана руханий маанилүү иш-чараларды байма-бай өткөрүүнү пландаштырууда.

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 октябрында карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5120

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6084

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10191

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43672

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200