FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

01.12.2017

Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканага 50 жыл

Бүгүн 2017-жылдын 1-декабрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасынын 50 жылга толгондугуна байланыштуу салтанаттуу юбилейлик иш-чара болуп өттү. 

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн атынан китепкананын жамаатын Өкмөттүн аппаратынын билим берүү, 

маданият жана спорт бөлүмүнүн башчысы Алмазбек Бейшеналиев куттуктады. Ал азыркы шартта кайсы болбосун интеллектуалдык ишмердүүлүк маалыматтык камсыздоосуз мүмкүн эмес болуп эсептелерин белгиледи. “Патенттик-техникалык китепканада болгон документтер салттуу кагаз  алып жүрүүчүдө гана болбостон, китепкананын ресурстарын санарипке өткөрүүдө активдүү иштер  жүргүзүлүп жаткандыгы кубандырат”, – деп билдирди ал өз каалоолорунда. Өкмөттүн өкүлү  китепкананын фондун санарипке өткөрүү боюнча ведомствонун активдүү ишин, “Таза коом”  санариптик трансформациялоо жалпы улуттук программасынын алдын ала аткарылып жаткандыгын белгиледи. 

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев өзүнүн куттуктоо сөзүндө өз ишинин кесипкөйлөрүнүн жана китепканалык кесиптин энтузиасттарынын, китепканачылардын өз ишине жана окурмандарына берилген көп жылдык эмгегин баса белгиледи. “Китепкананын фондун толуктоодо салтты сактоо менен жаңы технологияларды өнүктүрүү чыгармачылык мамилени жана тиричилик энергиясын талап кылат”, – деп айтты Досалы Эсеналиев. 

Салтанаттын жүрүшүндө патенттик китепкананын ишмердүүлүгүнүн 50 жылдык мааракесине байланыштуу көптөгөн куттуктоолор жана каалоолор айтылды. Китепкананын бир катар кызматкерлери төш белгилер жана ардак грамоталар менен сыйланышты.

“Патенттик кызматтын отличниги” төш белгиси менен МПТКнын директорунун орун басары Маркабай Ааматов, МПТКнын башкы китепканачысы Галина Келдикулова, МПТКнын мамлекеттик патенттик фондунун бөлүм башчысы Анара Иманалиевалар сыйланышты.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын Ардак грамотасы менен: МПТКнын мамлекеттик патенттик фондунун башкы китепканачысы Елена Заболотняя; МПТКнын жетектөөчү китепканачысы Татьяна Барышникова; жетектөөчү библиограф Гульзина Мавлянова сыйланышты. 

Мындан сырткары, китепкананын бир топ кызматкерлери Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин, Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын жана Кыргыз Республикасынын кызматкерлеринин профсоюзунун борбордук комитетинин төш белгилери жана ардак грамоталары менен сыйланышты. 

Иш-чара ата мекендик эстраданын жылдыздарынын концерти менен коштолду. 

Маалымдама:

1967-жылы Кыргыз ССР Министрлер Кеңешинин Токтомунун негизинде Республикалык илимий-техникалык китепкана (РИТК) уюштурулган. Илимий-техникалык прогрессти өнүктүрүүгө көмөктөшүүдө илимий-техникалык адабияттардын жана ченемдик-техникалык документациялардын фондун толуктоо жана уюштуруу түзүлүүнүн максаты болуп саналган. 

 

50 жылдын аралыгында китепкана өзүнүн түзүмүн, маалыматтык ресурстарын, жамааттык жана жеке абоненттерди ыкчам китепканалык-маалыматтык тейлөө үчүн кызмат көрсөтүүлөрүн жакшыртуу менен этаптуу өнүгүп отурган. 1998-жылы китепкана Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патенттик кызматынын карамагына өткөрүлүп берилип, Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана деп кайра аталган. Азыркы учурда китепкана өз ишин Кыргыз Республикасынын жарандарына, алардын интеллектуалдык ишмердүүлүктөрүнө көмөктөшүүдө китепканалык-маалыматтык тейлөөнү кеңейтүүгө жумшап келет. 2016-жылы китепкана “Электрондук китепкананын электрондук толук тексттик маалыматтар базаларын түзүү” долбоорун даярдаган. 2017-жылдан тартып Кыргызпатенттин жардамы менен китепкананын ресурстарын санарипке өткөрүү жана электрондук маалыматтар базаларын түзүү боюнча активдүү иш аракеттер жүргүзүлүүдө. 

 

 

 

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 октябрында карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5120

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6084

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10191

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43672

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200