FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

28.11.2017

Кыргызпатенттин колдоосун тапкан эки инновациялык долбоордун бетачары болуп өттү

2017-жылдын 27-ноябрында И. Раззаков атындагы Кыргыз техникалык университетинде «Мыкты инновациялык долбоор-2015» конкурсунун жеңүүчүлөрү катары пайдалуу үлгүлөрдү ишке ашыруу үчүн өз убагында  гранттарды алган эки инновациялык долбоордун отчеттук бетачары болуп өттү, бул республикалык конкурс Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан жыл сайын өткөрүлөт.

Конкурстун шартына ылайык эки жылдын ичинде авторлор өз долбоорлорун ишке ашыруунун үстүндө иштешип, өз эмгектеринин натыйжаларын көрсөтүштү. Отчеттук бетачардын максаты  тандап алынган инновациялык долбоорлорду мындан ары ишке ашыруу жана коммерциялаштыруу үчүн ойлоп табуучулар менен бизнес-коомчулуктун ортосунда аянтча түзүү болуп саналат.

Бетачарда төмөнкү инновациялык долбоорлор көрсөтүлдү:

 - «Лимфа алуу үчүн жана кийинчерээк онкологиялык дарттарды аныктоо жана дарылоо максатында адамдын ири лимфалык коллекторлорунун оозун дренаждоонун операциялык эмес ыкмаларын иштеп чыгуу» - инновациялык долбоордун автору – “Академик Ү. А. Асанов атындагы Илимий-техникалык борбору” коомдук фондунун директору Б. Ү. Асанов болуп саналат, долбоордун авторлошу А. С. Өмүрбаев. Авторлордун айтуусу боюнча илимий чечимдин жаңычылдыгы лимфаларды алуунун салттуу ыкмасына жаңычылдык менен мамиле жасоодо турат, мыйзамда белгиленген жол-жоболоршуруу маселелеринен өткөн соң долбоорду практикалык медицинада колдонууга болот.

-  «Биротордук чакан ГЭС» -  долбоордун  жетекчиси  – А. Ж. Обозов,  жооптуу аткаруучулар Р. А. Акпаралиев, Т. Т. Медеров - Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин алдындагы Энергетика жана экономика илим изилдөө институтунун инновациялык долбоорлорунун авторлору болуп саналат. Долбоор жеке керектөөчү үчүн биротордук типтеги чакан суу электр чордонунун жаңы түрүн иштеп чыгууга багытталган. Долбоордун авторлору видеочыгырык жана тажрыйбалуу үлгү аркылуу жаңы техникалык чечими анын натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк түзгөн, өзгөчөлүгү калактарды кайрадан айландыруу болуп саналган биротордук жабдууну практикалык колодонууну көрсөтүштү. 

Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев ойлоп табуучулардын медицинаны жана суу энергетикасын өнүктүрүүгө кошкон салымын, ошондой эле адамды өнүктүрүүнүн бардык чөйрөсүндө атаандаштыкка жөндөмдүү  сапаттуу сунуштарды түзүүдө  жаңы инновациянын баа жеткис ролун белгиледи. “Жаңы технологиялар бизнес секторунун кирешесинин көбөйүшүнө жана өнүгүп келе жаткан мамлекеттердин экономикасынын  өнүгүшүнө түрткү берет”, - деп баса белгиледи ал. “Инновациялык долбоорлорду өндүрүшкө киргизүүгө жана коммерциялаштырууга жардам көрсөтүү конкурстун негизги максаты болуп саналат, 2015-жылы конкурска 9 өтүнмө укелип түшүп, андан 3 долбоор тандап алынган, 2016-жылы 44 өтүнмөдөн 4 долбоор, 2017-жылы 21 өтүнмөдөн 6 долбоор тандалып алынган. Белгилүү болгондой “Таза коом” санариптик өзгөртүү программасынын жана Өкмөттүн “40 кадам”   программасынын алкагында инновациялык долбоорлорду илгерилетүү жана ишке ашыруу артыкчылыктуу болуп саналат”, - деди өз сөзүндө Досалы Эсеналиев.

Иш-чаранын жүрүшүндө жогоруда аталган инновациялык долбоорлордун автор-ойлоп табуучулары изилдөө ишине жана тажрыйбалуу үлгүлөрүн  жасоо аны иш жүзүнө ашырууда жардам бергендиги үчүн Кыргызпатентке терең ыраазычылыгын билдиришти.

 “Көп күч жана убакыт жумшалды, долбоорду изилдөөгө, кайра иштеп чыгууга бир нече ирет кайрылууга туура келди - бул аябагандай татаал жана назик эмгек, бирок биздин эмгектерибизди илгерилеткендиги жана колдогондугу үчүн биз Кыргызпатентке абдан ыраазыбыз”, - деди өз сөзүндө Асанов.

“Өнөр жай масштабында биздин долбоорду өндүрүшкө киргизүү кызыкчылыгы пайда болду. Ойлоп табуучуларды колдогондугу үчүн Кыргызпатенттин жамаатына ырахмат, буга чейин көп жылдар бою иштедик, эми интеллектуалдык эмгегибиздин натыйжасын көрүү бизге абдан жагымдуу”, - деди биротордук чакан ГЭСти көрсөтүп жатып, А. Обозов.

 

 Маалымдама: 

Асанов Болот Үсөнович – химия илимдеринин кандидаты, доцент, академик Ү. А. Асанов атындагы илимий техникалык борбордун жетекчиси, бир катар диплом-грамоталардын ээси:  

- № 009756 25.04.2008-ж., Евразия патенти (Евразия патенттик уюму);

- № 010844 30.12.2008-ж., Евразия патенти (Евразия патенттик уюму);

- №667200  9.01. 2010-ж., Кытай патенти;

- №1042139 9.05.2012-ж., Кытай патенти;

Обозов Алайбек Жумабекович – техника илимдеринин доктору, профессор, И. Раззаков атындагы КТУнин ВИЭ кафедрасы:  

- №1506 3.10.2012  Биротордук чакан ГЭСи үчүн Кыргыз Республикасынын патенти (Кыргызпатент);

- 2014-ж. Шанхай кызматташтык уюмунун Жаштар инновациялык  форумунун сертификаты.

 

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 октябрында карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5120

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6084

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10191

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43672

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200