FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

24.11.2017

Патенттик китепкананын 50 жылдыгына арналган юбилейлик конференция болуп өттү.

2017-жылдын 24-ноябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) алдындагы Мамлекеттик патенттик-техникалык китепканасында (МПТК) китепкананын 50 жылдыгына арналган юбилейлик конференция болуп өттү.           

Юбилейлик конференция китеп окууга көңүл кош карабаган адамдарды чогултту -   Кыргыз Республикасынын китепканаларынын өкүлдөрү, билим берүү жана маданият кызматкерлери, китепкананын ардагерлери, Кыргызпатенттин жана МПТКнын кызматкерлери.

Кыргызпатенттин атынан мекеменин статс-катчысы Жапаркул Ташиев патенттик китепкананын юбилейи менен директору Айнур Кенжебаеваны жана жамаатты куттуктады, ал өз куттуктоосунда МПТК Кыргыз Республикасындагы жалгыз ири патенттик-техникалык китепкана экендигин белгиледи. “Патенттик-техникалык документтөөнүн 18 миллиондук фондун  кыска мөөнөттүн ичинде түзүлгөндүгү китепкана жамаатынын көптөгөн муундарынын жалпы ишинин натыйжасы”, - деди Ташиев.  

 Конференциянын жүрүшүндө МПТКнын ишмердүүлүгү жөнүндө видеотасма көрсөтүлдү, анда китепкананын басып өткөн жолу, ошондой эле жакынкы жана алыскы чет өлкөлүк патенттик китепканалардын атынан бир катар видеокуттуктоолор көрсөтүлдү.  

Иш-чаранын катышуучуларынын назарына патенттик-техникалык китепкананы өз үйүндөй көргөн окурмандардан куттуктоолор, китепкана кызматкерлеринин архивдик жана учурдагы сүрөттөрүн камтыган “МПТК – адамдар, жылдар, жашоо” сүрөт-көргөзмөсү  сунушталды.

 Конференциянын соңунда коноктор үчүн китепкананын ичинде экскурсия уюштурулду.

 

 

 

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 октябрында карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5120

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6084

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10191

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43672

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200