FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

30.10.2017

Кырызпатенттин делегациясы Финляндия Патенттик-каттоо мекемесине барып келди

2017-жылдын 25-27-октябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) делегациясы Финляндия Патенттик-каттоо мекемесине  иш сапары менен барып келишти.

Иш сапардын максаты патенттик каттоо жана инновацияларды өнүктүрүү жаатындагы тажрыйба алмашуу болуп саналат. Делегация үч күндүн ичинде мекеменин бардык кызматтары жана алардын ойлоп табууларды, өнөр жай үлгүлөрүн, пайдалуу моделдерди, товардык белгилерди каттоо тутуму менен таанышты.  

Мекеменин төрагасы Досалы Эсеналиев баш болгон Кыргызпатенттин делегациясы Финляндия Патенттик-каттоо мекемесинин башкы директору Анти Риввари менен жолугушту. Досалы Эсеналиев биргелешкен иш-чараларды уюштурууга жана мекемелердин ортосундагы кызматташууну активдештирүүгө өз пикирин билдирди. Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча Кыргызпатенттин экспертеринин жана кызматкерлеринин такшалмалары, товардык белгилерди каттоо, инновациялык тутумду өнүктүрүү, патенттик каттоо жаатындагы түзүмдөрдү өнүктүрүү үчүн биргелешкен окутуу машыгууларын өткөрүү жөнүндө келишимдерге жетишилди.    

Андан сырткары компетенциялардын стратегиялык борборлорун түзүү аркылуу ноу-хауларды өнүктүрүүгө көмөктөшүү боюнча Технологияларды жана Инновацияларды каржылоо боюнча Фин агенттигинин - ТЕКЕС долбоорунун өкүлдөрү жана искусство, дизайн, архитектура, бизнес, технологиялар чөйрөсүндөгү программаларды сунуштоочу жана инновациялык чөйрөдө адистештирилген Финляндия Аалто университетинин өкүлү менен делегациянын жолугушуулары болуп өттү. Университет, , анда ар түрдүү сабактардын ортосундагы өз аракеттенүүсү болгондуктан  өзгөчө болуп саналат, алардын натыйжасында инновациялар, ишкердүүлүк жаралып, практикада окуу мүмкүндүгү түзүлөт. Бул жолугушуулардын жүрүшүндө Досалы Эсеналиев тажрыйба алмашуунун жана жолугушуунун актуалдуулугун белгиледи. “Азыркы учурда Кыргызпатент студенттердин, илимий кызматкерлердин жана инновациялык долбоорлорду ишке ашыруучу бизнестин өз ара аракеттешүүлөрү мүмкүн болгон өлкөнүн жогорку окуу жайларында технопарктарды түзүүгө кызыкдар”, -  деп белгиледи ал. 

Ошондой эле Кыргызпатенттин делегациясы патенттерди, өнөр жай үлгүлөрүн, товардык белгилерди жана өнөр жай менчик укуктарын коргоого негизделген Папула Невинпат патенттик фирмасында болушту.

 

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 октябрында карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5120

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6084

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10191

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43672

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200