FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

10.10.2017

Женевада Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун ортосунда өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

        Женевада ИМБДУнун Башкы Ассамблеясынын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын делегациясы ИБДУнун башкы директору Ф. Гарри менен жолугушту. Делегацияны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын төрагасы Д. Эсеналиев жетектеди, мындан тышкары жолугушууга Швейцариядагы КРнын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси, БУУга караштуу жана Женева ш. башка эл аралык уюмдардагы КРнын Туруктуу өкүлү Данияр  Мукашев, ИМБДУнун өтмө жана өнүккөн экономикасы менен өлкөлөр департаментинин директору Михал Швантнер катышты.

 

        Жолугушуунун негизги максаты - Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун ортосунда өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюу болду.

       Бул Меморандум Кыргыз Республикасынын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүшүндө интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды натыйжалуу пайдалануу үчүн шарттарды түзүүгө жана өнүктүрүүгө багытталган.

        Кол коюу аземинен кийин тараптар Меморандумдун алкагында мындан ары кызматташуу келечегин талкуулашты, ага ылайык тараптардын кызматташуусу интеллектуалдык менчик системасын жана инновациялык ишти өркүндөтүү аркылуу экономиканы өнүктүрүүгө; алдыңкы технологияларды берүү механизми аркылуу экономиканын модернизациясына көмөктөшүүгө; коомго интеллектуалдык менчиктин ролу жана мааниси тууралуу маалымат берүүну жогорулатууга; интеллектуалдык менчик объектилерине укуктарды коргоонун натыйжалуу системасын түзүүгө жана Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүүнүн көптөгөн башка багыттарына багытталган.

        Досалы Эсеналиев  ИМБДУнун Кыргыз Республикасына интеллектуалдык менчик системасын коргоого, сактоого жана негизинен өнүктүрүүгө байланыштуу маселелер боюнча колдоо көрсөткөндүгүнө ыраазычылыгын билдирди. Ал ошондой эле Кыргыз Республикасы 2017-жылы Сокурлардын жана көрүүсү начарлаган же башка жөндөмдүүлүгү чектелген жактардын басып чыгарылган чыгармалардан басма маалыматтарды жеткиликтүү кабыл алуусун жеңилдетүү жөнүндө Марракеш келишимине кошулгандыгын билдирди.  «Азыркы убакта биз ушул макулдашууну ишке ашыруу иштерин жүргүзүүгө ниеттенүүдөбүз» -деп кошумчалады Д. Эсеналиев.

       Ошондой эле Кыргызпатенттин төрагасы БУУга караштуу жана Женева шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы КРнын Туруктуу өкүлү Данияр Мукашевди ИМБДУнун Координациялык комитетинин төрагалыгына шайланышына ыраазы болгондугун билдирди жана Швейцариядагы КРнын Атайын жана ыйгарым укуктуу элчисинин ушул шайланган кызмат ордундагы күч-аракети интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүүдө жана негизинен ИМБДУда салмактуу пайда алып келерине дагы ишенимин билдирди.

       Д. Эсеналиев ИМБДУнун Башкы директору Ф. Гарриге  2018-жылы патенттик ведомство Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасынын түзүлгөндүгүнүн 25 жылдыгын белгилерин  билдирди, ушуга байланыштуу интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелери боюнча бирге иш-чараларды уюштурууну сунуштады. Мындан тышкары, Д. Эсеналиев ИМБДУнун Башкы директорун кийинки жылы Кыргызстанга иш сапары менен келип, бул юбилейге арналган иш-чарага катышууга чакырды.

       Фрэнсис Гарри өз кезегинде  Кыргызпатентке натыйжалуу кызматташкандыгы үчүн ыраазычылыгын билдирди жана  ИМБДУ мындан ары дагы Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүү чөйрөсүндө ар тараптан колдоо көрсөтөрүн айтты.

Шилтемелер

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 август карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5112

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6089

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10166

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

58724

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200