FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

06.10.2017

Кыргызпатенттин төрагасынын Азербайджан жана Финляндиянын патенттик ведомстволорунун жетекчилери менен эки тараптуу жолугушуулары болуп өттү

       2017-жылдын 5-октябрында Женева шаарында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) Башкы  Ассамблеясынын ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев Азербайджан  жана Финляндиянын патенттик ведомстволорунун жетекчилери менен бир нече эки тараптуу жолугушууларды өткөрдү.

 

       Азербайжан Республикасынын Патенттер жана товардык белгилер боюнча борборунун Башкы директорунун милдетин аткаруучу Гюнель Севдималыева менен жолугушуунун алкагында мындан ары кызматташуу жана ведомстволор ортосунда өз ара түшүнүү жөнүндө меморандумга кол коюунун мүмкүнчүлүктөрү жөнүндө маселелер талкууланды.

       Төрага мындан ары ведомстволор ортосунда интеллектуалдык менчик системасын өнүктүрүү чөйрөсүндө кызматташуу эки тараптын тең ийгиликтүү иштеши  үчүн ылайыктуу шарт түзөрүнө ишенимин билдирди.

       Өз кезегинде Г. Севдималыева ведомстволордун ортосунда кызматташууну тереңдетүүнүн жана тажрыйба алмашуунун, ушул багытта бирге иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеп кетти.

       Фин патенттик-каттоо ведомствосунун Башкы директору Антти  Риивари менен жолугушуусунда Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев Фин патенттик ведомствосу менен кызматташуу инновациялар чөйрөсүндө артыкчылыктуу болуп саналарын белгилеп кетти, анткени Финляндия Европанын натыйжалуу өнүгүп жаткан жогорку технологиялуу өлкөлөрүнүн бири болуп эсептелет жана илим менен технология чөйрөсүндөгү саясаттын негизги элементи катары улуттук инновациялык системасынын концепциясын кабыл алган биринчи өлкө болуп калды.

       Фин патенттик-каттоо ведомствосунун Башкы директору өз кезегинде ведомстволор ортосунда тыгыз байланыш түзүүгө ниетин билдирди жана буга алгачкы кадам - Кыргызпатенттин өкүлдөрүнүн Финляндияга болгон таанышуу иш сапары болмокчу.

Шилтемелер

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 август карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5112

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6089

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10166

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

58724

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200