FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

03.10.2017

Женевада Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Башкы Ассамблеясы ишин баштады

       2017-жылдын 2-октябрында Женевада Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун мүчө-мамлекеттеринин Ассамблеясынын отурумдарынын 57-сериясынын иши башталып, ага Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев башында турган Кыргыз Республикасынын делегациясы жана КРнын Швейцариядагы Ыйгарым укуктуу Элчиси, БУУдагы жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев катышууда.

 

       Ассамблеянын кезектеги сессиясында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун ишинин натыйжаларын баалоо жана мындан аркы иш багыттарын талкуулоо үчүн бүткүл дүйнөдөн 190 өлкө катышат.

      Отурумдун биринчи күнүндө ИМБДУнун жетекчи органдарына шайлоолор болду. БУУнун алдындагы КРнын Туруктуу өкүлү жана Женева шаарындагы эл аралык башка уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү Данияр Мукашев ИМБДУнун Башкы ассамблеясы жана Конференциясы менен катар бүтүндөй уюмдун жетекчи органы болуп эсептелген ИМБДУнун Координациялык комитетинин төрагасы болуп бир добуштан шайланды.

      Кыргызпатенттин төрагасы Досалы Эсеналиев ИМБДУнун жетекчи органдарынын жана мүчө-мамлекеттеринин делегаттарынын алдында чыгып сүйлөп, интеллектуалдык менчиктин ааламдык архитектурасын чыңдоо жана өнүктүрүү боюнча үзүрлүү иши үчүн, интеллектуалдык менчиктин жана инновациялардын улуттук тутумун өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорго колдоо көрсөткөндүгү үчүн ИМБДУга ыраазычлык билдирди.  

      Ошондой эле төрага Кыргызстандагы интеллектуалдык менчик жаатындагы негизги жетишкендиктер туурасында кыскача айтып берди жана ИМБДУ мындан ары дагы биздин аймактык топтун өлкөлөрүндө интеллектуалдык менчик тутумун өнүктүрүү боюнча улуттук патенттик ведомстволорго колдоо көрсөтөөрүнө үмүт артаарын билдирди.

      Ассамблеялардын отурумдары 2017-жылдын 2-октябрынан 11-октябрына чейин болот, мында башка маселелер менен катар ИМБДУнун комитеттеринин программаларына жана бюджетке, комитеттердин иштерине тиешелүү маселелер, ошондой эле эл аралык ченемдик-укуктук база, интеллектуалдык менчик жаатындагы глобалдык кызмат көрсөтүүлөр жана башка эл аралык келишимдер боюнча маселелер каралмакчы.

      Ассамблеянын алкагында Кыргызстандын делегациясынын ИМБДУнун Башкы директору д-р Фрэнсис Гарри менен жолугушуусу жана ИМБДУнун жана улуттук патенттик ведомстволордун өкүлдөрү менен эки тараптуу жолугушуулары мерчемделүүдө. 

Шилтемелер

 

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 октябрында карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5120

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6084

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10191

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

43672

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200