FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

09.09.2017

Кыргызпатентте инновациялык долбоорлорду башкаруу маселелери боюнча тегерек столдун алкагында Кытай Эл Республикасынын Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик ведомствосунун (SIPO) делегациясы менен жолугушуу болуп өттү

2017-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) менен Кытай Эл Республикасынын (КЭР) Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик ведомствосу (SIPO) биргелешип уюштурган инновациялык долбоорлорду башкаруу маселелери боюнча тегерек стол болуп өттү.

Тегерек столду ачып жатып, Кыргызпатенттин төрагасы Д. Эсеналиев ведомстволор аралык тыгыз байланыш түзүү үчүн ушундай иш-чараларды өткөрүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи. “Биздин кызматташуунун жакшы көрсөткүчтөрүнүн бири болуп, акыркы беш жыл ичинде гана КЭРде SIPOнун окутуучу семинарларына Кыргызпатенттин 16 кызматкери катышкандыгы саналат”, - деди Д. Эсеналиев. Кытайлык кесиптештер тарабынан даярдалган бет ачарлар үчүн ыраазычылыгын билдирип, бул багытта дүйнөдөгү лидерлердин бири Кытайдын интеллектуалдык менчикти жана инновацияларды өнүктүрүү боюнча маалыматы тегерек столдун катышуучуларына пайдалуу болоору шексиз экендигин айтып өттү.  

SIPOнун, Кыргызпатенттин, Кыргыз Республикасынын министрликтеринин жана ведомстволорунун, ошондой эле бизнес-коомдоштуктун өкүлдөрү чогулган тегерек столдо инновацияларды өнүктүрүү, патенттик жана патенттик-маалыматтык кызмат көрсөтүүлөрдү издөө, Кытайда жана Кыргызстанда инновациялык долбоорлорду башкаруу жана аларды коммерциялаштыруу маселелери талкууланды. 

Тегерек стол башталганга чейин Кыргызпатентте Досалы Эсеналиевдин SIPOнун Координациялоо жана коргоо боюнча департаментинин өнөр жайлык кызматташуу боюнча директору Мын Хай Йан баштаган SIPOнун делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү.  

Жолугушууда эки ведомствонун кызматташуусун тереңдетүү маселелери талкууланды, атап айтканда биргелешкен семинарларды, тегерек столдорду өткөрүү, консультациялык жана эксперттик жардам көрсөтүү, интеллектуалдык менчикти коммерциялаштыруу боюнча тажрыйба алмашуу жана такшалмаларды уюштуруу боюнча макулдашуулар болду. 


Шилтемелер

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 июль карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5112

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6117

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10134

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

58601

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200