FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

09.08.2017

«Антиконтрафакт – 2017» V Эл аралык форумуна катышуучуларды каттоо жүрүп жатат

Форумдун ишине катышып, секциялардын биринин алкагында баяндама менен чыгып сүйлөөгө чакырабыз.

Форумга катышууга бардык кызыкдар министрликтердин жана ведомстволордун, товар өндүрүүчүлөрдүн жана керектөөчүлөрдүн бирикмелеринин өкүлдөрү, профилдик жааттардагы эксперттер, кесиптик коомдоштуктардын, ЖМКлардын өкүлдөрү ж.б. чакырылат.

Форумдун иши ЖМКларда жана чет элдик маалымдоо каражаттарында кеңири чагылдырылат. 

 Кеңири маалымат жана каттоо төмөнкү сайтта: http://anti-counterfeiting.ru/antikontrafakt-2017

 

Маалымат үчүн:

 2017-жылдын 14-16-сентябрында Бишкек шаарында өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү, анын ичинде интеллектуалдык менчик укуктарын натыйжалуу коргоо маселелери боюнча "Антиконтрафакт"  V Эл аралык форуму болуп өтөт.

“Антиконтрафакт” форуму Евразия экономикалык биримдигинин (ЕАЭБ) алкагында борбордук талкуулоо аянтчасы болуп калды, ал жерде ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин министрликтеринин жана ведомстволорунун өкүлдөрү, ири компаниялардын жана уюмдардын башчылары, бул жааттагы алдыңкы эл аралык
эксперттер, илимдин жана коомчулуктун өкүлдөрү рынокторду өнөр жай продукциясын, анын ичинде контрафактылык жана жасалма продукцияны мыйзамсыз жүгүртүүдөн коргоо, интеллектуалдык менчикти коргоо укуктарын камсыздоо маселелерин талкуулоого, ошондой эле конструктивдүү диалог түзүүгө, товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн цивилизациялуу рыногун калыптандыруу максатында биргелешкен чечимдерди иштеп чыгууга мүмкүндүк алышат.

Форумдун алкагында бажылык, техникалык жөнгө салуу жана сертификациялоо, кадрлардын дараметин калыптандыруу, ЕАЭБ мүчө-мамлекеттеринин өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүү маселелери, интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына укуктарды коргоо, керектөө рыногун коргоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарын шайкештөө маселелери каралат. Форумдун алкагында адаттагыдай эле жаштар секциясы да иштейт. 

Өткөрүлчү жери: Кыргыз Республикасы, Бишкек ш., Семетей көч., 1-үй (“Ала-Арча” №1 резиденциясы).

 

Форумдун алдын-ала программасы

 

 

 

 

Шилтемелер

 

 

Статистика

2017-жылдын  31 август карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5112

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6089

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10166

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

58724

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентных поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200