FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

08.08.2017

Кыргызпатентте программалык камсыздоого автордук укуктарды коргоо боюнча тегерек стол болуп өттү

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматында (Кыргызпатент) “Программалык камсыздоо чөйрөсүндөгү автордук укуктарды коргоонун актуалдуу маселелери. Иштеп чыгуучулардын укуктарын коргоо” темасындагы тегерек стол болуп өттү. Тегерек стол 2017-жылдын 14-16-сентябрында  Бишкек шаарында  өтө турган өнөр жай продукциясын мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы аракет көрүү, анын ичинде интеллектуалдык менчик укуктарын натыйжалуу коргоо маселелери боюнча "Антиконтрафакт"  V Эл аралык форумун утурлаган иш-чаралардын алкагында өткөрүлдү.

Иш-чараны өткөрүүнүн максаты – программалык камсыздоого автордук укуктарды коргоонун актуалдуу маселелерин талкууло жана кеңири жайылтуу, компьютердик программаларды укук ченемдүү пайдалануу маселелеринде тажрыйба алмашуу,  мамлекеттин жана ишкердик коомчулуктун программалык камсыздоо жаатындагы интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо боюнча өз ара аракеттенүүсү.

Саламдашуу сөзү менен Кыргызпатенттин төрагасынын орун басары Самат Байзаков чыгып сүйлөдү. Ал бардык жерде санариптик инфратүзүмгө өтүүгө багытталган “Таза Коом” улуттук санариптик трансформациялоо программасына токтолду. Санариптештирүүнүн негизинде программалык камсыздоо турат, ошого байланыштуу  интеллектуалдык менчик объектилерин тиешелүү укуктук коргоону камсыздоо маселери болуп көрбөгөндөй актуалдуулукка ээ болот.  

Тегерек столдун жүрүшүндө лицензиялык шайкештиги жана Microsoft MC CISтин  программалык активдерин башкаруу боюнча Москвадан келген адис Андрей Волов лицензиялоо объектилери, лицензиялуу программалык камсыздоону сатып алуунун жолдору жана баалуулугу жөнүндө айтып берди. Андан тышкары, Кыргызпатенте программалык камсыздоону, маалымат базаларын каттоо, 1С программалык камсыздоосунун контрафакттуулугунун алгачкы белилери, программалык камсыздоого автордук укуктарды коргоо жөнүндо баяндамалар сунушталып, кеңири талкууга алынды. 

Тегерек столдун ишинде талкууланган негизги маселелердин бири болуп программалык камсыздоону иштеп чыгуучулардын өкүлдөрү, юристтер жана мамлекеттик органдардын биргелешкен аракеттери менен программалык камсыздоого автордук укуктарды коргоонун стратегиясын иштеп чыгууга көмөктөшүү болду. 

Тегерек столду кошо уюштуруучулар болуп “АРТЕ” юридикалык фирмасы, “Майкрософт” компаниясы, “1С- Като Экономикс” ЖЧКсы саналат. Иш-чарага уюштуруучулардын өкүлдөрү, ошондой эле Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун, Бишкек шаарынын прокуратурасынын,  Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын, Мамлекеттик бажы кызматынын, Мамлекеттик соттук-эксперттик кызматынын, Монополияга каршы жөнгө салуу мамлекеттик агенттигинин өкүлдөрү катышты. 

                "Антиконтрафакт-2017" форуму жөнүндө кененирээк маалыматhttp://anti-counterfeiting.ru/antikontrafakt-2017/reg-17/

 

Шилтемелер

 

Статистика

2017-жылдын  31 июль карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5112

Пайдалуу моделдер

38

Өнөр жай үлгүлөрү

6117

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10134

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

58601

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентно-поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200