FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

21.04.2017

Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө карата иш-чаралар болуп өттү

2017-жылдын 21-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө бир катар адамдарды сыйлады.

Сыйлоо аземи “Ала-Тоо” борбордук аянтында уюштурулган, Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган жарманкенин ачылышынын алкагында болуп өттү.

 Кыргызпатенттин статс-катчысы Жапаркул Ташиев өз сөзүндө адамдын жашоосунда, анын пайда болуусунда  жана өсүп келе жаткан муундун билим алуусунда  китептин маанилүү ролун белгиледи. “Китеп билимдин, тарбия берүүнүн жана маалыматтын булагы. Китеп менен адамды бөлүүгө мүмкүн эмес, китеп – бул азык, китеп – бул сүйүү, китеп – бул жашоо”, - деди ал.

Жапаркул Ташиев салтанаттуу түрдө, төмөнкүлөргө акчалай сыйлыктарды тапшырды:

– “Сагымбай” энциклопедиялык илимий китебин даярдоодогу зор эмгеги үчүн  -  Малина Касымгелдиевага;

– “Саякбай” энциклопедиялык илимий китебин даярдоодогу зор эмгеги үчүн  - Мээрим Кольбаевага;

– «Алыкул Осмонов» энциклопедиялык илимий китебин даярдоодогу зор эмгеги үчүн -  Айнура Кадырмамбетовага.

Мындай иш-чаралар китептерди жайылтууга өбөлгө түзөт жана басмаканалардын аброюн көтөрөт, ошондой эле өлкөнүн китеп индустрия көйгөйлөрүн чечүүгө жардам берет.

   

Шилтемелер

 

Статистика

2017-жылдын  1 февралькарата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

4796

Пайдалуу моделдер

36

Өнөр жай үлгүлөрү

6049

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10136

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

42549

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Кыргыз Инвестициялык-кредиттик банкы 

Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо  боюнча бөлүм: 999

ИСН: 01506199310061

Банктын идентификациялык коду: 128001

Эсеп: 1280010007085284