FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

18.04.2017

Борбордук ЖОЖдордо окутуу семинарлар өткөрүлдү

2017-жылдын 10-18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) эксперттери интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо, ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү берүү жана ойлоп табууларды коммерциялаштыруу маселелери боюнча окутуу семинарларын өткөрүштү. Окутуулар Н. Исанов атындагы Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университетинде (КМКТАУ) жана Б. Ельцин атындагы Кыргызстан-Россия Славян университетинде (КРСУ) болуп өттү.

 

Иш-чаралардын максаты берилүүчү өтүнмөлөрдүн сапатын жакшыртуу үчүн интеллектуалдык менчик объектилерине өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү тартибин үйрөтүү болуп саналат.

Семинарларда ойлоп табууларга өтүнмөлөрдү тариздөө жана берүү тартиби, Кыргыз Республикасынын патенттик тутуму, ойлоп табууларды коммерциялаштыруу жана автордук укук объектилери боюнча баяндамалар сунушталды.

Окутуу семинарларынын жүрүшүндө Кыргызпатенттин эксперттери бардык каралган маселелер боюнча консультацияларды беришти.

Семинарларга КМКТАУнун жана КРСУнун профессордук-окутуучулар курамы, жаш окумуштуулар, студенттер жана ойлоп табуучулар  катышты.

  

Шилтемелер

 

Статистика

2017-жылдын  1 февралькарата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

4796

Пайдалуу моделдер

36

Өнөр жай үлгүлөрү

6049

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10136

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

42549

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Кыргыз Инвестициялык-кредиттик банкы 

Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо  боюнча бөлүм: 999

ИСН: 01506199310061

Банктын идентификациялык коду: 128001

Эсеп: 1280010007085284