FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

20.04.2017

Кыргызпатент менен “Алтын Түйүн” РБИТАсынын кызматташуусу

2017-жылдын 20-апрелинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын (Кыргызпатент) төрагасы Досалы Эсеналиев “Алтын Түйүн”  Республикалык балдар инженердик-техникалык академиясынын (РБИТА) 55-жылдыгына арналган “Окуучу жаштардын илимий-техникалык чыгармачылыгынын жана билиминин өнүгүү стратегиясы” Эл аралык илимий-практикалык конференциясында академиянын жамаатын куттуктады.  

         

Өз куттуктоо сөзүндө Досалы Эсеналиев Кыргызпатенттин жалпы жамаатынын атынан “Алтын Түйүн” РБИТАсынын жамаатын акдемиянын түзүлгөндүгүнүн 55-жылдыгы менен куттуктап, бир топ жаш таланттуу балдарды даярдагандыгы, көп жылдык жана кынтыксыз эмгеги үчүн ыраазычылыгын билдирди. “Интеллектуалдык менчиктин өнүгүүсүнө,  изилдөө жана ойлоп табуучулук ишмердигине, таланттуу жаштарды техникалык чыгармачылыкка тартууда, инженердик-техникалык кадрларды даярдоо аркылуу натыйжалуулугун жогорулатууга көмөктөшкөн кызматташууга биз даярбыз”, - деди.

Конференциянын иши пленардык отурумдан башталды, анда Кыргызпатенттин төрагасы  Досалы Эсеналиев “Заманбап доордогу инновациялык ой жүгүртүү жана технологиялар” баяндамасын сунуштады. Кыргызпатенттин “Алтын Түйүн” РБИТАсы менен кызматашуунун негизги учурлары менен катышуучуларды тааныштырып, Д. Эсеналиев инновациялык ой жүгүртүүсү менен чыгармачыл инсанды даярдоо жана аны калыптандыруу жолдорунун заманбап билим берүү тутумуна токтолду.

Конференциянын иши эки пленардык жана үч секциялык отурумдун алкагында өттү.

Конференциянын ишине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Билим берүү жана илим министрлигинин, мектептик жана кошумча билим берүүнүн илимий жана окутуу уюмдарынын өкүлдөрү, өлкөнүн ЖОЖдорунун окумуштуулары катышты.

 

Шилтемелер

 

Статистика

2017-жылдын  1 февралькарата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

4796

Пайдалуу моделдер

36

Өнөр жай үлгүлөрү

6049

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10136

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

42549

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Кыргыз Инвестициялык-кредиттик банкы 

Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо  боюнча бөлүм: 999

ИСН: 01506199310061

Банктын идентификациялык коду: 128001

Эсеп: 1280010007085284