FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

19.04.2017

«Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн” республикалык конкурсу жыйынтыкталды

2017-жылдын январь айында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) «Интеллектуалдык менчикти өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн» республикалык конкурсун жарыялаган.

Конкурстун максаты - коомдо өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн маанилүү куралы катарында интеллектуалдык менчиктин ролун жана маанисин кеңири түшүндүрүү.

Бул конкурсту Кыргызпатент алгачкы жолу өткөрдү, ага Кыргыз Республикасынын жеке жана юридикалык жактары катышты.

Конкурстун Жобосуна ылайык мамлекеттик органдардын, илимий коомчулуктун, бизнес-коомчулуктун, коомдук уюмдардын өкүлдөрүнөн түзүлгөн Уюштуруу комитети жалпы координациялоону жана баалоону жүргүздү.

Конкурска 5 номинация боюнча берилген өтүнмөлөрдү карап чыгып, Уюштуруу комитети конкурстун шарттарына ылайык тандап алынган жеңүүчүлөр деп төмөнкүлөрдү жарыялады:

 - «Акыл табылга» (Мыкты ойлоп табуу) номинациясы боюнча патент ээлери катышкан, алардын ичинен жеңүүчүлөр:

1 орун – “Радиалдык-октук гидротурбинанын жумушчу дөңгөлөгү”, авторлору: Б. Б. Айткеев, С. О. Монукеев;

2 орун – “Суу өткөргүчтүн толуктоочунун тыгыздагыч түзүлүшү”,  автору: Б. Б. Айткеев;

3 орун - “Катуу таңдайдын астыңкы бөлүгүнүн өтмө жырыгын бир учурда пластикалоо”, автору: А. М.Ешиев.

- «Интеллектуалдык өнөктөштүк» (Интеллектуалдык менчикти сыйлоону камсыздоого көмөктөшүү) номинациясы боюнча  коомдук уюмдар, коммерциялык жана коммерциялык эмес уюмдар, окуу жайлары, окумуштуулар, патенттик ишенимдүү өкүлдөр, жалпыга маалымдоо каражаттары, журналисттер, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү жана окутуучулар катышкан, алардын ичинен жеңүүчүлөр:

1 орун - Б. Н. Ельцин атындагы  Кыргызстан-Россия Славян университети;

2 орун – «Алтын түйүн» республикалык балдар инженердик-техникалык академиясы;

3 орун - «Чилистен» теледолбоору.

- «Келечек жаратманы» (Жаш техник) номинациясы боюнча 17 жашка чейинки жалпы билим берүү уюмдарынын, балдар борборлорунун жана техникалык чыгармачылык ийримдеринин окуучулары катышкан, алардын ичинен жеңүүчүлөр:

1 орун – “Суу соргучтун күн энергиясынан иштеши”, автору: М.  С.  Сүйндүков (А. С. Пушкин атындагы орто мектеби, 6-класс);

2 орун - “Үзгүлтүктүү кыймылды камсыздоочу түзүлүш”, авторлору: И. Жумабеков, Т. Эсеналиев,  А. Буренко, Жоробай уулу А. (РБИТА «Алтын Түйүн»);

3 орун – «Манипулятор», автору: А. С. Сарыбаев (Мамбет уулу Д. атындагы орто мектеп, 7-класс).

-  «Канатташ» (Автордук укук чөйрөсүндө жемиштүү кызматташуу) номинациясы боюнча автордук жана чектеш укуктар объектилерин пайдалануучулар, анын ичинде театрлар, филармониялар, телерадиокомпаниялар, концерттик оюн-зоок иш-чараларын уюштуруучулар, коомдук тамак-аш ишканалары, көңүл ачуу жайлары, соода аянттары катышкан, алардын ичинен жеңүүчүлөр:

1 орун - «НТС» телеканалы;

2 орун - М. Жангазиев атындагы Кыргыз мамлекеттик куурчак театры;

3 орун - «ЛС Вайкики Ритейл Кей Джи» ЖЧКсы.

- «Мыкты бренд» номинациясы боюнча Кыргыз Республикасынын аймагында продукция чыгаруучу жана кызмат көрсөтүүчү менчиктин ар түрдүү формасындагы ишканалар жана уюмдар катышкан, алардын ичинен жеңүүчүлөр:

1 орун - «Шоро» товардык белгиси;

2 орун - «Илбирс» товардык белгиси;

3 орун - «Куликовский» товардык белгиси.

Шилтемелер

 

Статистика

2017-жылдын  1 февралькарата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

4796

Пайдалуу моделдер

36

Өнөр жай үлгүлөрү

6049

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10136

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

42549

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Кыргыз Инвестициялык-кредиттик банкы 

Ири салык төлөөчүлөрдү контролдоо  боюнча бөлүм: 999

ИСН: 01506199310061

Банктын идентификациялык коду: 128001

Эсеп: 1280010007085284