FaLang Language Switcher

 

Жаңылыктар

27.03.2017

Көңүл бургула, конкурс! “Мыкты инновациялык долбоор - 2017”

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) “Мыкты инновациялык долбоор - 2017” конкурсун өткөрө тургандыгын  жарыялайт.

 Конкурстун  максаттары:

  • келечектүү инновациялык долбоорлорду жана иштелмелерди аныктоо;
  • республикада инновациялык ишмердүүлүктү активизациялоо;
  • инновациялык долбоорлорду ички жана тышкы рынокко чыгарууга көмөктөшүү. 

Конкурс төмөнкү багыттар боюнча өткөрүлөт:

  • Өнөр жай;
  • Айыл чарба;
  • Медицина;
  • Курулуш;
  • Маалыматтык технологиялар ж.б.

Конкурска  идеянын ээси же иштеп чыгуучулары болгон, алардын коммерциялык ишке ашуусуна кызыкдар жана  колдонуудагы коргоо документи (патент, күбөлүк) бар жеке жана юридикалык жактар катыша алат.

Ар бир конкурстук долбоорго  бекитилген үлгүдөгү өтүнмө тиркелиши  керек. Өтүнмөлөр  электрондук жана  кагаз түрүндө төмөнкү даректер боюнча кабыл алынат: Бишкек шаары, Москва көч., 62.,

e-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.  .

Кененирээк маалыматты www.patent.kg сайтынан же (0312) 68-16-01 телефонунан алууга болот.

Өтүнмөлөрдү берүү мөөнөтү: 2017-жылдын  1-июнуна чейин.

Конкурстун жеңүүчүлөрүнө инновациялык долбоорду ишке ашырууга гранттар сунушталат. Жеңүүчүлөрдүн саны жана гранттын суммасы долбоорлордун керектөөсүн жана конкурстун  жыйынтыктарын эске алуу  менен аныкталат. 

“Мыкты инновациялык долбоорду” тандоо боюнча конкурсту өткөрүүнүн тартиби жөнүндө жобо

Тиркемеси

Шилтемелер

 

Статистика

2017-жылдын  30 июнь карата Кыргыз Республикасынын аймагында корголууда:

Ойлоп табуулар

5108

Пайдалуу моделдер

39

Өнөр жай үлгүлөрү

6117

Улуттук жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

10113

"ROMARIN базасында эл аралык жол-жобо боюнча катталган товардык белгилер

58490

Байланыштар

Кыргызпатент
Москва көчөсү № 62, 
Бишкек 720021 
Кыргыз Республикасы
Телефон:+996 (312) 68 08 19
Факс: +996 (312) 68 17 03
E-mail: This e-mail address is being protected from spambots. You need JavaScript enabled to view it.

Иштөө режими:
дүйшөмбү - жума: 9:00-18:00
тыныгуу: 12:30-13:30

Банктык маалымдаректер

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при ПКР Кыргызпатент
Банк получателя: Центральное Казначейство Минфина Кыргызской Республики
Депозитный счет: 4402042100005341
БИК: 440001
Код платежа: 14511200

Для работы патентно-поверенных с иностранными заявителями

Новый мультивалютный счет №1013350100590106 в USD, EUR, RUB 

Получатель: Государственная служба интеллектуальной собственности и инноваций при Правительстве Кыргызской Республики 

В назначении платежа обязательно указать.

Расчетный счет № 4402042100005341

БИК: 440001

Код платежа: 14511200