Балдай таттуу балалык

     1-июнь – балдарды коргоонун Эл аралык күнүндө “Балдай таттуу балалык” аталышындагы салтанаттуу майрам Кыргыз Республикасынын  Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчик  мамлекеттик фондусунда болуп өттү.

Бул майрамдык иш-чараны интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун аткаруучу директору С. Батырканова ачып, өзүнүн куттуктоо сөзүндө:
“Келечек ээлери болгон бөбөктөрүбүздү, балдарды коргоонун Эл аралык күнү менен куттуктап, аларга бактылуу балалыкты, ысык ыйманды, бекем ден соолукту каалап кетмекчимин. Дайыма  балакайлардын асманы шаңкайып, жан-дүйнөсү жадырап, шат күлкүсү ар бирибиздин үйүбүздү жаңыртып турушун чын дилимден каалайм!

         Жана да, 1-июнь – кичинекей балдар үчүн гана эң кубанычтуу майрамдардын бири болбостон, чоңдор үчүн да майрам деп айтар элем. Анткени, баарыбыз бала болгонбуз! Балалык доордун балдай даамы азыр да биздин таңдайда татып турганын кимибиз танып кете алабыз. Ар бир адамдын жан дүйнөсү ушу балалык менен байып, тазаланып жана арууланып турарын билебиз. Дегеле, балалык доор өзүнүн бактылуулугу менен башка курактардан айырмаланып турарын баарыбыз моюнга алышыбыз керек. Келгиле, садагалар! Силердин шат  күлкүңөр, чың ден соолугуңар бизге – зор бак-таалай тартуулай турганын силер да унутпагыла!” деген тилегин билдирип,жайкы каникул учурунда жакшы эс алууларын каалады.

Ошондой эле периштедей таза, жүрөгү баёо наристелердин майрамын Ленин районундагы “Жаш техниктер станциясынын” директору С. Карыпова да куттуктоо менен: “Мына бүгүн бардык жерде Балдарды коргоо күнү белгиленүүдө. “Жаш техниктер станциясынын” эмгек жамааты да балдарга майрамдык маанай тартуулоо үчүн Кыргызпатент алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун аянтына  келип  отурабыз. Биздин кичинекей чеберлерибиз кол өнөрчүлүк, техникалык моделдерди жасоо, дизайн, сүрөт, тиричилик-техникалык оңдоо боюнча өз иштерин көрсөтүштү. Менимче, көргөзмөгө коюлган ар бир иш эч кимди кайдыгер калтырган жок. Учурдан пайдаланып, интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун жетекчилигине жана жалпы жамаатына ыраазычылык билдирем. Биргелешкен кызматташтыгыбыз дагы да улана берет деп ишенем. Ал эми балдарга бактылуу келечек, ден соолук жана күчтүү билим каалайм” деди.

Иш-чаранын жүрүшүндө бөбөктөргө жана ата-энелерге, конокторго арналып чакан концерт, мастер-класстар, кызыктуу оюн-мелдештер өткөрүлүп, кичинекей жеңүүчүлөргө сыйлыктар тапшырылып турду. Балдардын майрамында белек-бечкексиз кантип болсун. Демөөрчүлөр: “Эл сүйөр”, “СЭМ”, “Шоро”, “Яшар”, “Шин лайн” компаниялары, “Граждандык агартуу” коомдук фондусу,Б. Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университети, К. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университети, М. Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы, “Сейтек” Улуттук балдар жана өспүрүмдөр борбору жана башка уюмдар колдорунан келген белектерин (китеп, түрдүү оюнчук, балмуздак, таттуу суусундуктарды ж.б.) алып келишип, балдарга тартуу кылышты. Ошондой эле интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун атынан бөбөктөрдүн ар бирине “Байчечекей” жана “Кыргыз эл жомоктору” деген аталыштагы көркөмү кооз китептер жана башка белектер таратылды. Дагы баса белгилей кетчү нерсе, мамлекеттик фондусу  кичинекейлигине карабастан коомдук иштерге активдүү катышкан, жомок, мультфильмдердин каармандарын пластилинден жасоо чебери, жаш талант Маргарита Беккерге дарылануусуна 40 миң сом жана баалуу белектер тапшырылды. Салтанаттуу майрамдын аяк ченинде жүзүнөн күлкүлөрү төгүлгөн балдар “Жаш техниктер станциясы” тарабынан даярдалган кагаз самолётторду аруу тилек, балалык ой-кыялдарын айтуу менен асманга учурушту. Ылайым, ойлогон ой-максатыңар ишке ашсын, бөбөктөр, демекчибиз.

Иш-чаранын соңунда ата-энелер, иш-чаранын катышуучулары, келген коноктор балдардын көңүлүн көтөрүп, жакшынакай маанай тартуулаган интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусуна кат-кат ыраазычылыгын билдиришип, үйлөрүнө кайтышты.

Айта кетчү жагдай, интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу жаш жеткинчектер үчүн жыл сайын “Кубулжу менин ырларым”, “Биз XXI кылымдын интеллектуалдарыбыз”, “Саамалык”, “Жаш калем” деген сыяктуу көптөгөн кароо-сынактарды өткөзүүдөн сырткары жомок, ыр-тамсил китептерди жарыкка чыгарып келет.

Аталган майрамдык салтанатка борбор шаарыбыздын “Асанбай”, 6, 7, 11, 12-кичи районунда жайгашкан балдар мектеп-интернаты, мүмкүнчүлүгү чектелген балдар мектеби, Ленин райондук “Жаш техниктер станциясынын”  жаш чеберлери, ийрим жетекчилери, билим берүү тармагынын өкүлдөрү, ата-энелер, жалпы жонунан 700дөй адам катышты

 

 

 

 

 

 

president

kenesh

gov

govs

patent

gptb

wipi logo

 

 

 

03

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Погода в Кыргызстане

 

Курс валют

ФОТОГАЛЕРЕЯ