Окурмандарга керек китеп

КР Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу республикабыздагы чыгармачыл жарандарына жыл сайын колдоо көрсөтүүдөн жазбай келет.Болгондо дагы өлкөбүз каржы жагынан кысталыш абалда турганда жогоруда аталган мекеменин колдоосуна муктаж болгондор аз эмес.

                         P1220065

 

Бул ирет да интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу ошол вазийпасын аткарып, Чынара Калыбекованын “Тагдыр” аттуу китебинин жарык көрүүсүнө өз салымын кошту. Тагыраак айтканда, кечээ мамлекеттик тил күнүбүздү утурлай жакшы жаңылык – драматург -жазуучу Чынара Калыбекованын “Тагдыр” китебинин бет ачары И. Раззаков атындагы Бишкек шаардык китепканада болуп өттү.

Кеченин ардактуу конокторунун бири, СССР Эл артисти Дарыйка Жалгасынова: “Аккан арыктан суу агат” деген накыл кептин чындыгы бар. Анткени Чынара ааламдын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматов, баатыр уулу Чолпонбай Түлөбердиев чыккан жерде төрөлгөн,  – деп баса белгилөө менен авторго чыгармачылык ийгилик каалап кетти.

Кыргыз эл акыны Гүлсайра Момунова өз сөзүндө:

-Мен Чынараны өзүн көрө электен мурун ырын окуп, ырына ашык болуп калдым. Кандай кыз болду экен, көрсөм экен деп жүрдүм эле. Көрсө, ал менин кызымдан бир жаш кичүү экен. Бул талант деген көп кырдуу болуп кетет. Анан кээде Чынараны драма, роман, ырларды жаратууга кантип жетишип жатканын ойлоп калар элем. Ошого карабай бардык жанрда жеңип келатат. Эгерде ырларга конкурс жарыяланса, анда Чынара алдыга озуп чыкмак. “Жүрөктөгү сыр”, “Өмүр-Дастан” драмаларын окуганда эле таланттуу экенине баа берип калгам.  Кээ бир жазуучулар кыялдануу, жасалмалуулук менен чыгарма жаратышат го, ал эми Чынаранын “Тагдыр” романында эч бир жасалмалуулук жок, турмуштун өзүндөгүдөй тагдырды жумшак, элпек тил менен берген. Чыгарманы окуган адам өзүнө эмнени ала алат, эмнени үйрөнөт деген максатты автор алдына койгонун баамдайт . Ошондой татаал тагдырларды баяндоо менен адамды турмуштун ар кыл кыйынчылыгы менен күрөшүүгө, анын жолун таба билүүгө,  кайраттуу болууга үндөй турган жана таалим-тарбия ала турган чыгарма. КР Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун (Кыргызпатент) Калыбекова Чынара Сейитбек кызынын “Тагдыр” даректүү романынын жарыкка чыгарууда чоң колдоо көрсөткөндүгүн, кыргыз элинин таланттуу кыздарын өстүрүүдө, чыныгы өнөрдү баалап, өтө зор колдоо көрсөтүп жатат деп билем жана аларга чоң ырахматымды айтмакчымын, – дейт. Андан ары сөзүн улап, драматург-жазуучунун биринчи китебин окугандан кийин эле Калыбекова Чынарага арнап жазган ырын кеченин катышуучуларына окуп берди:

Китебиң ачтым жаппадым,

Окубай тынчып жатпадым.

Оргуган булак ырыңа,

Жүрөктөн чыккан сырыңа.

Көңүлүм менен сырдашып,

Көздөрүмдү жаштадым.

***

Китебиң,

Акындын аруу жүрөгү,

Жаныңдын назик жибеги.

Көңүлдүн кызыл желеги,

Эненин асыл тилеги.

Сезимдин бийик түнөгү,

Сүйүүнүн оттуу илеби.

Алоолоп ушул китептен,

Жандырып жанды жиберди,

Жаштыкты көздөй имерди.

         Ошондой эле Б.Бейшеналиева атындагы искусства жана маданият университетинин студенттери автордун драмасынан үзүндү ойношуп, ырларынан аткарып беришти.

Кечеге БГУ, “Манас” кыргыз-түрк университетинин окутуучулары

Р. Таштемирова, Ч. Салиева, студенттер, автордун чыгармасын баалап-барктап окуган китеп сүйүүчүлөр, китепкананын жетекчилиги, кызматкерлери жана ММК өкүлдөрү катышты.

Эске сала кетсек, Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, бир нече сыйлыктын ээси Калыбекова Чынаранын буга чейин 35тен ашык обондуу ырлары, дастан-казалдары, “Жүрөктөгү сыр”, “Өмүр-Дастан” жана “Карегер” аталышындагы драмалар жыйнагы жарык көргөн. “Тагдыр” даректүү романы киргизилген жыйнак автордун бешинчи китеби.  

P1220085

P1220091

P1220101

president

kenesh

gov

govs

patent

gptb

wipi logo

 

 

 

03

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Погода в Кыргызстане

 

Курс валют

ФОТОГАЛЕРЕЯ