“Жаш техниктер станциясындагы” жыйынтыктоочу көргөзмө

Бул жашоонун өзгөрүлгүс мыйзамы бар. Ал – улуулардын ордун урпактары басып, адамзат тукумун улап, отун өчүрбөй жагып, өнөрүн көөнөртпөй сактай билүүсү.  Мына ошондуктан кайсы  гана коом болбосун, кандай гана кырдаалдар болбосун, адамзат  өзүнөн кийинки жаш муундун саламаттыгына, адеп-ахлагына, билимине көз салып туруусу ыйык парз, улуу милдет катары таанылып келет. Ушундай милдетти кыргыз эли кылымдар бою көз кырынан чыгарбай аздектеп келген эл экени баарыбызга белгилүү.

 Бүгүнкү күнү дагы эгемендүү мамлекетибизде келечек муунду тарбиялоо, билим берүү маселеси сыртта калбаганын баса белгилеп кетүүбүз керек. Анын сыңары   жакында Кыргызпатент алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусунун колдоосу менен Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу “Жаш техниктер станциясында” 1-июнь Балдарды коргоонун Эл аралык күнүнө карата, ошондой эле жылды жыйынтыктоочу атайын көргөзмө болуп өттү. Мында жыл боюнча жасалган окуучулардын эн мыкты иштери коюлду. Көргөзмөгө Ленин районундагы мектеп окуучулары, ата-энелер, райондук окуу борборунун адистери келип катышышты. Баарынан кубандырганы, 100 дөн ашуун ийримдин катышуучулары жыл бою мыкты көрсөткүчтөрдү жараткандыгы үчүн атайын Ардак баракчалар менен сыйланышты жана балдарга, ата-энелерге, келген конокторго эн жогорку деңгээлде концерттик программа уюштурулуп, жагымдуу маанай тартууланды. Айрыкча балдарга жакканы: А. Сабяниндин цирк оюнун көрсөткөн окуучулары жана таэквон-до боюнча Н. Пактын жаш спортсмендеринин аткарган кыймыл-аракеттери болду.

   Бул иш-чаранын жыйынтыгында “Жаш техниктер станциясынын” директору С. Карыпова жыл ичинде биргелешип иш алып барган окуу мекемелерине, коомдук жана мамлекеттик мекемелерге терен  ыраазычылык билдирди. Атап айтканда, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы интеллектуалдык менчик мамлекеттик фондусу, «Алтын түйүн» Республикалык балдар инженердик -техникалык академиясы, №53 балдар бакчасынын жамааты, № 77, 40, 44, 59, 7, 68, 2, 79 мектептеринин администрациялары, «Авторадио» үналгысы   жыл бою “Жаш техниктер станциясы” менен биргелешип кызматташып, колдоо көрсөтүп келишет. Бул кызматташтык мындан ары да өлкөбүздүн келечеги болгон жаш муундардын жөндөм-шыгын арттыруу үчүн улана берет деп ишенебиз.     

Эске сала кетсек, “Жаш техниктер станциясында” ийримдин 17 ден  ашык түрү бар. Негизги багыт-техникалык ийримдер. Учурда 2 миңге жакын бала Ленин районунун дээрлик бардык мектептеринен жана балдар бакчаларынан келип , окуудан тышкаркы убактыларын пайдалуу өткөрөалышат. Ийримдерге 6-18 жашка чейинки балдар тартылып, кол өнөрчүлүк,үй тиричилик техникаларын оңдоо, видеофильмдерди монтаждоо, үн кошуу, электрдин коштоосу менен иштеген музыкалык аспаптарды ондоо, информатика, архитектура жана дизайн, сүрөт, цирк,чач тарачтык өнөр, жыгач устачылык, радиоконструкцияларды жасоо, авиамоделдөөактердук чеберчилик, таэквон-до боюнча ийримдин түрлөрүнө катыша алышат. 

    Аталган ийримдерде балдар чыгармачылык изденүү менен иштешип, жыл ичинде көптөгөн долбоорлорду жаратышып, райондук, шаардык, республикалык кароо-сынактарга, фестивалдарга жигердүү катышып келишет. Алардын арасында ийгиликтерге жеткендери да жок эмес. Маселен, «XXI кылымдын интеллектуалдары» шаардык жана Эл аралык кароо-сынакта, жаш техниктер станциясынын «Биогаз-жарык берет жана жылытат» аттуу долбоору мактоого арзыды.  Жыл ичинде « Окуучулардын илим, техника жана өндүрүш» жумалыгына, республикалык экофестивалга активдүү катышып,  чеберчиликтерин шаар тургундарына тартуулашты.

  “Жаш техниктер станциясы” шаарыбыздын булуң-бурчунда жашаган  балдарды чыгармачыл чеберканасында тосуп алууга дайым даяр!

 

 

 

 

president

kenesh

gov

govs

patent

gptb

wipi logo

 

 

 

03

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Погода в Кыргызстане

 

Курс валют

ФОТОГАЛЕРЕЯ