2009-жылдын 26-августунда Кыргыз Республикасынын Президенти К.С. Бакиев Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын төрагасы У. Мелисбекти кабыл алды
Жолугушуу учурунда мамлекет башчысы Кыргызпатенттин жетекчисинен мамлекеттин компетенциясына «KG» домендик аймагын башкаруу милдетинин өтүү жаатындагы иштердин абалы тууралуу сурады.
У. Мелисбек мамлекет башчысына «Улуттук домендик аталыштардын системасынын иштешин уюштуруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгын ишке ашыруунун жүрүшү, ошондой эле Мамлекеттик патент кызматында болуп жаткан башка кайра өзгөртүүлөр жөнүндө маалымат берди.
Мындан тышкары, Кыргызпатенттин жетекчиси бара турган эл аралык деңгээлдеги иш-чаралардын маселелери айтылып өттү. У. Мелисбек Ереванда 9-10 сентябрына чейин Өнөр жай менчигин коргоо маселелери боюнча мамлекеттер ортосундагы кеңештин биргелешкен отурумунда, ошондой эле Женевадагы 22-сентябрдан 1-октябрга чейин болуп өтүүчү ИМБДУнун мүчө-мамлекеттеринин Ассамблеясынын отурумунун XLVII сериясында талкуулана турган маселелерди Кыргыз Республикасынын Президентине баяндады.

