Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 17-августундагы № 340 токтому менен бекитилди
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы жөнүндө
ЖОБО
I. Жалпы жоболор
II. Кыргызпатенттин милдеттери
III. Кыргызпатенттин иш милдеттери
IV. Кыргызпатенттин укуктары
V. Кыргызпатенттин ишин уюштуруу
I. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматы (мындан ары Кыргызпатент) аткаруу бийлигинин интеллектуалдык менчикти коргоо тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашыруучу мамлекеттик органы болуп саналат.
Кыргызпатент интеллектуалдык менчиктин объектилерин: ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товарлардын келип чыккан жерлеринин аталыштарын, фирмалык аталыштарды (мындан ары - өнөр жай менчигинин объектилери); илимдин, адабияттын жана искусствонун чыгармаларын (мындан ары - автордук укуктун объектилерин); аткарууларды, фонограммаларды, оюн коюуларды, эфирдик жана кабелдик уктуруу уюмдарынын берүүлөрүн (мындан ары чектеш укуктардын объектилери); селекциялык жетишкендиктерди (өсүмдүк сорттору жана жаныбарлардын тукумдары), интегралдык микросхемалардын топологияларын укуктук жактан коргоо, ошондой эле көргөзмөлөрдү уюштуруу жолу менен укук ээлерине жана жогорку технологиялык продукцияны иштеп чыгуучуларга келечектүү технологиялар менен продукцияларды алдыга жылдырууга, интеллектуалдык менчиктин объектилерин коммерция- лаштырууга, патенттик-техникалык маалыматтын улуттук системасын өнүктүрүүгө көмөк көрсөтүү боюнча аткаруу бийлигинин органынын иш милдеттерин аткарат.
2. Кыргызпатент өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын, мыйзам тартибинде күчүнө киргизилген Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын жана буйруктарын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтомдору менен буйруктарын жана ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Кыргызпатент юридикалык жак болуп саналат, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү бар мөөрү менен мамлекеттик жана расмий тилдериндеги өзүнүн аталышы, банк мекемелеринде утурумдук эсептик жана башка эсептери бар.
Кыргызпатент Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик боюнча мамлекеттик агенттиктин укук мураскери болуп эсептелет.
II. Кыргызпатенттин милдеттери
4. Кыргызпатенттин негизги милдеттери төмөндөгүлөр болуп саналат:
- Кыргыз Республикасында интеллектуалдык менчик системасын уюштуруу жана башкаруу боюнча иш-аракеттерди иштеп чыгуу жана жүзөгө ашыруу;
- Кыргыз Республикасында бирдиктүү интеллектуалдык менчик системасынын натыйжалуу иштешин камсыз кылуу;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын жалпылаштыруу;
- ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү боюнча сунуштарды киргизүү жана анын сакталышын контролдоо;
- интеллектуалдык менчикти коргоону камсыз кылуу боюнча ченемдик укуктук актыларды даярдоого катышуу;
- интеллектуалдык менчик объектилерине карата укуктарды коргоону камсыз кылуу;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жана патенттик-техникалык маалымат тармагында маалымат жана басма ишмердүүлүгүн уюштуруу;
- интеллектуалдык менчик тармагында адистерди даярдоо;
- Кыргыз Республикасында илимий-техникалык жана көркөм-конструктордук чыгармачылыктын, ошондой эле адабият жана искусство тармагындагы чыгармачылыктын өнүгүшү үчүн укуктук шарттарды түзүүгө көмөк көрсөтүү;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо тармагында эл аралык кызматташтыкты ишке ашыруу;
- көргөзмөлөрдү уюштуруу жолу менен интеллектуалдык менчикти коммерциялаштырууга, илимий-изилдөө иштеринин жана иштелмелеринин, экономикалык мааниси бар интеллектуалдык менчиктин жогорку натыйжалуу объектилерин өздөштүрүүгө көмөк көрсөтүү;
- интеллектуалдык менчикти кыйла натыйжалуу пайдалануу үчүн инновация процесстерине көмөк көрсөтүү.
III. Кыргызпатенттин иш милдеттери
5. Кыргызпатент өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык төмөнкү иш милдеттерин жүзөгө ашырат:
- коргоо документтерин берүүгө карата ата мекендик жана чет өлкөлүк өтүнмөлөргө мамлекеттик экспертиза жүргүзүү, өнөр жай менчигинин, автордук укуктун жана чектеш укуктардын объектилеринин мамлекеттик реестрлерин жүргүзүү, мамлекеттин атынан коргоо документтерин берүү, аларды күчүндө кармап туруу боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашыруу;
- интеллектуалдык менчикти жаратуу, укуктук жактан коргоо, пайдалануу жана коммерциялаштыруу, өнүгүү тенденциясын жана динамикасын талдоонун натыйжаларын бул тармактагы иштерге өбөлгө түзүү боюнча мамлекеттик иш-чараларды иштеп чыгуу үчүн пайдалануу тармагында системалуу талдоо жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик жагындагы ченемдик актыларды өркүндөтүү боюнча иш жүргүзүү, бул багытта Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын колдонуу практикасын талдоо жана жалпылаштыруу жана өз компетенциясынын чегинде анын жоболорун түшүндүрүү;
- коргоо документтерин берүүгө карата өтүнмөлөр боюнча мамлекеттик экспертизанын жыйынтыктары боюнча арыздарды жана даттанууларды, ошондой эле Кыргызпатенттин компетенциясына тиешелүү болгон маселелер боюнча жеке жана юридикалык жактардын башка да кайрылууларын кароо;
- мамлекеттик патент фондун ата мекендик жана чет өлкөлүк ойлоп табуулардын сүрөттөмөлөрү менен, интеллектуалдык менчиктин башка объектилери боюнча документация жана адабияттар менен толуктоо;
- маалыматтардын автоматташтырылган банктарынын бирдиктүү системасын түзүү жана аларды пайдалануу максатында интеллектуалдык менчик объектилери боюнча ата мекендик жана чет өлкөлүк документацияны иштеп чыгуу;
- интеллектуалдык менчиктин ата мекендик жана чет өлкөлүк объектилери боюнча расмий бюллетендери, журналдарды, маалымат материалдарын, ошондой эле өз компетенциясына тиешелүү болгон маселелер боюнча башка адабияттарды басып чыгаруу;
- Кыргыз Республикасынын аймагында корголуучу интеллектуалдык менчик объектилерине карата лицензиялык жана автордук келишимдерди каттоо;
- интеллектуалдык менчик тармагындагы адистерди даярдоону жана алардын квалификациясын жогорулатууну уюштуруу, күбөлүктөрдү, сертификаттарды жана ырастамаларды берүү, окуу пландарын, программаларды, усулдук окуу куралдарын иштеп чыгуу;
- патенттик ишенимдүү өкүлдөрдүн мамлекеттик аттестациясын өткөрүү жана Кыргыз Республикасынын патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнүн реестрин жүргүзүү;
- интеллектуалдык менчик тармагындагы ишмердүүлүктү өнүктүрүү маселелери боюнча илимий-изилдөөчүлүк жана башка иштерди уюштуруу жана өткөрүү;
- мамлекеттин атынан чет өлкөлүк патенттөөгө жана патент сатып алууга көмөк көрсөтүү;
- келишимдик негизде интеллектуалдык менчик объектилерин жаратуу, укуктук жактан коргоо жана пайдалануу жаатында кызмат көрсөтүү жана иш жүргүзүү;
- мүлктүк укуктарды жамааттык негизде башкаруу боюнча уюмдардын үстүнөн көзөмөл жүргүзүүнү жана алар менен өз ара биргелешип аракеттенүүнү камсыз кылуу (автордук жана чектеш укуктар тармагында);
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу органдарынын ишмердүүлүгүн координациялоо;
- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоо жана пайдалануу маселелери боюнча эл аралык кызматташтыкты жүзөгө ашыруу, Кыргыз Республикасын тиешелүү эл аралык уюмдарда ыйгарымдуу өкүлдөө, Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдеринен жана макулдашууларынан келип чыга турган милдеттенмелерин аткарууга багытталган иш-аракеттерди жүргүзүү, эл аралык кызматташтык боюнча иш чараларды өткөрүү, бул тармакта чет өлкөлүк тажрыйбаны үйрөнүүнү жана пайдаланууну уюштуруу;
- жеке жана юридикалык жактарга интеллектуалдык менчик кызматтарынын адистеринин интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо маселелери боюнча келишимдик негизде укуктук жана маалымат жагынан кызмат көрсөтүү;
- Кыргызпатенттин алдында Авторлор кеңешинин кеңешүүчү органын түзүү менен авторлордун мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууну координациялоо. Авторлор кеңеши жөнүндө жобону Кыргызпатент бекитет;
- Кыргызпатенттин алдында Чектеш укук ээлеринин кеңешинин кеңешүүчү органын түзүү жолу менен чектеш укук ээлеринин мүлктүк укуктарын жамааттык негизде башкарууну координациялоо. Чектеш укук ээлеринин кеңеши жөнүндө жобону Кыргызпатент бекитет;
- Кыргызпатенттин алдында Ойлоп табуучулардын кеңешинин кеңешме органын түзүү жолу менен ойлоп табуучулардын ишмердүүлүгүн координациялоо. Ойлоп табуучулардын кеңеши жөнүндө жобону Кыргызпатент бекитет;
- ойлоп табуучуларга, автордук жана чектеш укуктардын ээлерине алардын ыйгарым укуктарын жүзөгө ашыруу жагынан көмөк көрсөтүү;
- авторлордун жана чектеш укук ээлеринин, чыгармаларды, автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучулардын эсебин алууну ишке ашыруу;
- чыгармаларын пайдалангандыгы үчүн автордук жана чектеш укук ээлерине акыны Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жыйноо, бөлүштүрүү жана төлөп берүү;
- улуттук авторлордун жана чектеш укук ээлеринин чыгармалары чет өлкөдө жана чет өлкөлүк авторлор менен чектеш укук ээлеринин чыгармалары Кыргыз Республикасында пайдаланылгандыгы үчүн авторлор менен чектеш укук ээлеринин мүлктүк укуктарын башкаруу боюнча чет өлкөлүк уюмдар менен кызыкчылыктарды өз ара өкүлдөө тууралуу макулдашууларга ылайык акы жыйноо, бөлүштүрүү жана төлөп берүү;
- автордук укуктун коомдук кенчке өчкөн объектилерин пайдалангандыгы үчүн түшкөн каражаттардын, ошондой эле үч жыл бою талап кылынбаган автордук акынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка каражаттардын эсебинен түзүлгөн Интеллектуалдык менчиктин мамлекеттик фондусунун каражаттарын жыйноо жана бөлүштүрүү;
- патенттик-техникалык маалымат тармагында мамлекеттик саясатты калыптандырууну жана өнүктүрүүнү координациялоо;
- патенттик-техникалык продукцияны чакан жана орто бизнестин субъектилеринин пайдалануусуна көмөк көрсөтүү;
- патенттик-техникалык маалымат чөйрөсүндө мамлекеттик кызыкдар уюмдарды, юридикалык жана жеке жактарды маалымдагыч жана аналитикалык маалыматтар менен камсыздоо;
- Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдерине ылайык өз компетенциясынын чегинде эл аралык кызматташууну жана патенттик-техникалык маалыматты алмашууну уюштуруу жана координациялоо;
- патенттик-техникалык маалымат системасынын абалын баалоо жана өнүгүү багытын болжолдоо, аны өркүндөтүү жана өнүктүрүү, улуттук жана мамлекеттик маалымат ресурстарын калыптандыруу жана рационалдуу пайдалануу боюнча изилдөөлөрдү өткөрүү;
- маалыматтык отчетторду чыгаруу жана Кыргыз Республикасындагы патенттик-техникалык жетишкендиктер жөнүндө маалымат таратуу;
- көргөзмөлөрдү уюштуруу жолу менен патенттелген илимий-техникалык иштелмелердин инновациялык потенциалын жүзөгө ашурууну колдоого жана ата мекендик технологиялардын инновациялык долбоорлорун эл аралык рынокко чыгарууга көмөк көрсөтүү.
IV. Кыргызпатенттин укуктары
6. Кыргызпатент төмөнкүдөй укуктарга ээ:
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө интеллектуалдык менчик системасын түзүү, укуктук коргоо жана иштетүү маселелери боюнча сунуштарды киргизүүгө;
- Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында интеллектуалдык менчикти коргоо тармагында мыйзамдардын бирдей колдонулушун камсыз кылуу максатында бардык министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор, уюмдар, ошондой эле интеллектуалдык менчик объектилерин пайдалануучулар аткарууга милдеттүү болгон нускамаларды чыгарууга жана түшүндүрмөлөрдү белгиленген тартипте берүүгө;
- белгиленген тартипте интеллектуалдык менчик боюнча эл аралык келишимдерди түзүү жөнүндө сунуштарды киргизүүгө, өз компетенциясынын чегинде тиешелүү эл аралык уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүгө жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн тапшыруусу боюнча көрсөтүлгөн келишимдерге кол коюуга;
- интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоого байланышкан маселелерди чечүү үчүн ата мекендик жана чет өлкөлүк адистерди тартууга;
- интеллектуалдык менчиктин көйгөйлүү маселелери боюнча илимий-изилдөө, көргөзмө, конкурстук жана башка иштерди уюштурууга жана жүргүзүүгө;
- Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкананын базасында маалыматтар базаларын түзүү жолу менен маалымат ресурстарын калыптандырууга;
- мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо жөнүндө сунуш киргизүүгө;
- интеллектуалдык менчик объектилерин коргоого байланыштуу документтердин бирдиктүү формасын белгилөөгө;
- автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдаланууга ыйгарым укуктуулугун ырастоочу документтердин болушун автордук жана чектеш укуктарды пайдалануучулардан талап кылууга;
- автордук жана чектеш укуктарды пайдалануучулардан автордук акыны алууга жана төлөп берүүгө карата бухгалтердик документтердин жана авторлорго же бөлөк уюмдарга төлөөнүн жүзөгө ашырылышынын мыйзамдуулугун ырастоочу документтерди милдеттүү түрдө берүүсүн талап кылууга, бул талап аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- бардык автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалануучулардан Кыргызпатентте катталган тиешелүү лицензиялык келишимдин болушун, ошондой эле пайдаланылып жаткан чыгармалардын тизмесинин ай сайын берилип турушун талап кылууга, бул талап аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- концерттик жана театрдык оюн-зоок аянттардын ээлерин чыгармачыл жамааттар жана концерттерди уюштуруучулар менен аларда Кыргызпатентте катталган лицензиялык келишимдер болгон учурда гана келишим (контракт) түзүүгө милдеттендирүүгө, бул талап аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- автордук жана чектеш укуктардын пайдалануучуларын автордук жана чектеш укуктардын объектилерин пайдалангандыгы үчүн өз убагында автордук акы чегерүүгө милдеттендирүүгө, бул талап аткарылбаган учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- автордук жана чектеш укуктардын пайдалануучусу автордук акынын суммасын төлөп берүүдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүүгө;
- штаттан тышкары эксперттерди күтүүгө, алардын санын, ыйгарым укуктарын аныктоого. Алардын эмгек акысын төлөп берүүнүн тартиби Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аныкталат;
- министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин, администрациялык ведомстволордун жана уюмдардын патенттик кызматтары аркылуу ойлоп табуучулук жана патент-лицензия иштери боюнча зарыл болгон маалыматтарды, ошондой эле интеллектуалдык менчиктин башка объектилери жөнүндө статистикалык маалыматтарды Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте алып турууга;
- илимий-техникалык жана патенттик-маалымат продукциясынын, ошондой эле инновация жана интеллектуалдык менчикти коргоо жаатындагы иштер менен кызмат көрсөтүүлөрдүн баасын жана тарифтерин белгиленген тартипте аныктоого, анын ичинде чет өлкөлүк валюта менен аныктоого, аталган продукциялар, иштер менен кызмат көрсөтүүлөр үчүн мамлекеттик бааларды жана тарифтерди киргизүү жөнүндө сунуш даярдоого;
- интеллектуалдык менчик тармагындагы иштерди аткаруу жана кызмат көрсөтүү үчүн Кыргызпатенттин алдында белгиленген тартипте уюмдар менен топторду түзүүгө;
- ведомствого караштуу мекемелердин бюджеттен тышкаркы каражаттарды натыйжалуу пайдаланышын контролдоону ишке ашырууга;
- маалыматтык, ченемдик, илимий, усулдук жана окуу материалдарын басып чыгарууга жана сатууга;
- интеллектуалдык менчик объектилерин баалоо жана коммерциялаштырууга көмөк көрсөтүү боюнча иштерди уюштурууга;
- интеллектуалдык менчикти укуктук коргоо маселелери боюнча көргөзмөлөрдү, конференцияларды, семинарларды, тегерек үстөлдөрдү жана башка иш-чараларды, анын ичинде алардын эл аралык түрлөрүн уюштурууга;
- Кыргызпатент системасынын кызматкерлери үчүн дене тарбиялык ден соолукту чыңдоочу жана спорттук-массалык иш-чараларды өткөрүүгө.
V. Кыргызпатенттин ишин уюштуруу
7. Кыргызпатентти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти дайындоочу жана бошотуучу директор жетектейт.
8. Кыргызпатентте статс-катчынын жана директордун орун басарынын кызмат орундары караштырылган.
Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кеңештин сунушу жана директордун макулдугу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат жана бошотулат. Статс-катчынын милдети жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча кеңеш тарабынан бекитилген статс-катчы жөнүндө жобо менен белгиленет.
Директордун орунбасары директордун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан кызмат ордуна дайындалат, түздөн-түз директорго баш ийет жана Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүн өздөрүнө жүктөлгөн милдеттеринин чегинде уюштурат.
9. Кыргызпатенттин борбордук аппаратынын штаттык кызмат орундары жана структурасы Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
10. Кыргызпатенттин директору:
- Кыргызпатенттин системасынын ишин уюштурат жана жалпы жетекчиликти ишке ашырат, Кыргызпатенттин ишинин ички тартибин аныктайт;
- Кыргызпатенттин директорунун орунбасарларынын ортосундагы милдеттерди бөлүштүрөт;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берет:
- Кыргызпатент жөнүндө жобонун долбоорун;
- Кыргызпатенттин кызматкерлеринин жогорку штаттык саны жөнүндө сунуш-тарды;
- Кыргызпатенттин директорунун орунбасарларынын талапкерлери боюнча сунуштарды;
- белгиленген тартипте Кыргызпатенттин кызматтарына кызматкерлерди дайындайт жана кызматтан бошотот;
- буйруктарды чыгарат, структуралык бөлүктөрдө жана ага караштуу мекемелерде аткарылышын текшерүүнү уюштурат;
- эл аралык уюмдар менен болгон мамилелерде Кыргызпатенттин атынан чыгат;
- кредиттерди, анын ичинде валюталык каражаттарды тескейт;
- өзүнүн жеке транспортун кызматтык максатта пайдаланышкан кызматкерлерге белгиленген тартипте акчалай компенсация төлөп берүү жөнүндө чечим кабыл алат;
- аттестациянын жыйынтыгы боюнча Кыргызпатенттин мамлекеттик кызматкерлерине класстык чиндерди ыйгарат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, ошондой эле жамааттык келишимдерге ылайык, Кыргызпатенттин кызматкерлеринин эмгегин колдоо тууралуу чечим кабыл алат;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.
11. Интеллектуалдык менчик тармагындагы мамилелердин иштешинин жана өнүктүрүүнүн маанилүү маселелерин кароо үчүн Кыргызпатентте курамы 9 кишиден турган коллегия түзүлөт. Коллегиянын курамына кызматы боюнча директор (коллегиянын төрагасы), статс-катчы жана директордун орунбасары киришет. Кыргызпатенттин директору Кыргызпатенттин коллегиясынын ишмердүүлүгүн уюштурат жана жетектейт.
Коллегияга Кыргыз Республикасынын Өкмөт Аппаратынын өкүлү, Кыргызпатенттин жана ага караштуу ведомстволук уюмдардын жетекчи кызматкерлери мүчө боло алышат, алар Кыргызпатенттин директорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан бекитилет.
Кыргызпатенттин коллегиясы:
- Кыргызпатенттин ишмердигинин негизги маселелерин, кабыл алынган чечимдердин, токтомдордун, буйруктардын жана Кыргызпатенттин башка ченемдик актыларынын аткарылышынын натыйжаларын карайт;
- өз компетенциясынын чегинде жоболорду, усулдук, укуктук иштелмелерди жана Кыргызпатенттин башка ченемдик документтерин бекитет жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна жана бекитүүсүнө берет.
Коллегиянын чечими коллегия мүчөлөрүнүн жалпы санынын көпчүлүк добушу менен кабыл алынат жана Кыргызпатенттин коллегиясынын токтому менен ишке ашырылат. Добуштар тең бөлүнгөн учурда төрага добуш берген чечим кабыл алынат.
Бул чечим менен макул болбогон коллегия мүчөлөрү өз пикирин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө билдире алышат.
12. Өнөр жайлык менчиктин жана селекциялык жетишкендиктердин объектилерине укуктук коргоо берүү боюнча Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүн өркүндөтүү максатында Кыргызпатенттин алдында Апелляциялык кеңеш түзүлөт, ал аталган объектилер боюнча келип чыгуучу талаштарды өзүнүн компетенциясына ылайык кароо боюнча баштапкы милдеттүү орган болот.
13. Күнүмдүк өндүрүштүк маселелерди оперативдүү чечүү жана структуралык бөлүктөрдүн ишмердүүлүгүн координациялоо үчүн Кыргызпатенттин алдында Илимий-техникалык кеңеш (ИТК) түзүлөт, анын персоналдык курамын Кыргызпатенттин директору бекитет. ИТК анын туруктуу жана убактылуу жумушчу топтору тарабынан даярдалган маселелерди карайт.
14. Кыргызпатент интеллектуалдык менчик объектилерин каттагандыгы жана аларга коргоо бергендиги үчүн, анын ичинде Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу, Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуу-суна Протокол, Евразиялык патенттик конвенция, өнөр жай үлгүлөрүн эл аралык депонирлөө жөнүндө Гаага макулдашуусу боюнча, интеллектуалдык менчик тармагындагы дагы башка эл аралык келишимдер боюнча түшкөн каражаттардын, экспертиза жүргүзгөндүгү жана башка юридикалык маанилүү аракеттер үчүн, ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген, башка жактан келип түшкөн каражаттардын эсебинен каржыланат.
15. Кыргызпатент белгиленген тартипте тиешелүү органдарга статистикалык, бухгалтердик жана башка отчеттуулук боюнча маалыматтарды даярдоону жана берип турууну камсыз кылат.
| Attachment | Size |
|---|---|
| shema_upr.doc | 31 KB |
