Мамлекеттик патенттик-техникалык китепкана өзүнүн фондун жаңы кызыктуу жана пайдалуу басылмалар менен толуктады. Бул китептер китепканага Кыргыз Республикасынын Улуттук китеп палатасынан келип түштү.
Экология жана тоо иштери жаатындагы студенттер, аспиранттар жана адистер үчүн
«Взрывная подготовка горной массы к выемке при разработке сложноструктурных месторождений», «Научные труды Кулунатинского государственного заповедника», «Млекопитающие Юга Кыргызстана, проблемы их охраны» деген сыяктуу жаңы китептер пайда болду.
«Истории Кыргызстана (с древнейших времен до наших дней)» аттуу жаңы китеп Кыргызстандын тарыхынын негизги этаптарын чагылдырат. Кыйла тереңирээк иүилдөө үчүн ар бир теманын аягында кошумча адабияттардын тизмеси келтирилген.
Баштоочуларга, ошондой эле тажрыйбалуу менеджерлерге «Деловое совершенство» китептер сериясынан Дүйнөлүк уюмдун китепканасынын «Качество делает деньги» деген жаңы китеби кызыктуу болот. Бул басылмада негизги көңүл кайсы уюмдун болбосун ишмердүүлүгүндөгү адамдардын умтулуусуна жана корпоративдик маданиятка көңүл бурулат.
Башка басылмалар менен бирге «Большая энциклопедия ремесел», «Искусство теснения и чеканки», «Большая книга шитья», ошондой эле Кыргыз Республикасында жергиликтүү бюджетти башкаруу боюнча ченемдик-укуктук актылар, методикалык колдонмолор жана нускамалар жыйнагынын үчүнчү басылышы дагы алынды.


