Кыргызстандын мамлекеттик патент кызматы интернет сайттардын контентине кийлигишпейт. Бул туурасында бүгүн Кыргызпатенттин деректири Улан Мелисбек билдирди.
Анын айтуусунда, Кыргызпатентти сайттардын контенти кызыктырбайт. “Бирок көзөмөлдөөчү органдар, күч структуралары, же Коопсуздук кеңеши тигил же бул сайттан мыйзамдарга туура келбеген нерсени тапса жана аны жабууга буйруса, биз баш ийүүгө милдеттүүбүз. Албетте, сайттарды кимдир бирөөгө эле жакпай калган үчүн жабып салууга жол берилбейт”, - дейт Улан Мелисбек.
Кыргызпатенттин деректиринин маалыматында, алар домендик аталыштарды администрациялоо менен гана алектенишет. “Биз kg зонасында домендик аталыштарды каттоодо товардык белгилердин ээлеринин укуктары бузулбашына гана көз салабыз, тартипке келтиребиз”, - деп белгиледи ал. Улан Мелисбектин айтуусунда, сайттарды каттоо иши учурда Кыргызстандагы монополист “Азия инфо” компаниясы жана келечекте башка интернет-провайдерлер тарабынан улантыла бермекчи. (М.Ибраева)
БИШКЕК, 10-апрель. (КАБАР).
http://kyr.kabar.kg/2009/04/10/kyrgyzstandyn-mamlekettik-patent-kyzmaty-internet-sajttardyn-kontentine-kijligishpejt/print/
