• English
  • Кыргызча
  • Русский
KG домендик аталыштарын башкаруунун башталышы жергиликтүү домендик рынокто атаандаштыкты өнүктүрөт
Publication date: 
10/04/2009

Кыргызстанда KG домендик аталыштарын башкаруунун башталышы жергиликтүү домендик рынокто атаандаштыкты өнүктүрөт. Мындай маалыматты Президент Курманбек Бакиведин 7-апрелде кол койгон жарлыгына ылайык, KG домендик аталыштарын башкарууну колго алуучу орган катары таанылган – Кыргызпатенттин деректири Улан Мелисбек билдирди.

Анын айтуусунда, буга чейин Кыргызстанда домендик аталыштарды каттоо жана башкаруу ишин жеке бир компания жүргүзүп келген. “Алар доменддик аталыштарды каттоого 100 доллар алышкан. Ал эми учурда компаниянын жетекчилиги менен жолугушуудан кийин 60 долларга чейин арзандады. Бирок бул баа да өтө жогору. Себеби сайттарды техникалык колдоого алуунун наркы 10 долларга жетпейт. Биздеги домендик аталыштарды каттоонун тарифи коңшу мамлекеттерге салыштырмалуу өтө кымбат”, - деп кошумчалады Улан Мелисбек.

Кыргызпатенттин деректиринин пикиринде, домендик аталыштарды каттоонун кымбат болушунан улам Кыргызстанда сайттардын саны аз болуп эсептелет. “Интернет республикага баш баккандан бери 15 жылдан ашык убакыт болсо дагы, учурда бизде болгону 1,4 миң гана сайттар бар”, - дейт ал. (М.Ибраева)

БИШКЕК, 10-апрель. (КАБАР).
http://kyr.kabar.kg/2009/04/10/kg-domendik-atalyshtaryn-administraciyaloonun-bashtalyshy-zhergilikt%d2%af%d2%af-domendik-rynokto-ataandashtykty-%d3%a9n%d2%afkt%d2%afr%d3%a9t/print/