• English
  • Кыргызча
«Слово Кыргызстана плюс» гезитинин редакциясы «Азия Инфодон» домен наамын кайтарып берүүнү талап кылууда
Publication date: 
16/03/2010

Ушул иш боюнча жардам сурап Кыргызпатентке «СК плюстун» башкы редактору Асель Оторбаева кайрылган.

Белгилүү болгондой, мартын башында «Слово Кыргызстана» басма үйүнө таандык болгон sk.kg домен наамы «Азия Инфонун» администрациясы тарабынан жеке жакка өткөрүлүп берилген. Акыркы мезгил ичинде бул сайт иштеген эмес. Басма үйүнүн мурдагы жетекчилигинин түшүндүрүүсүндө бул сайт зарыл болгон талаптарга жооп берген эмес жана калыбына келтирүүнү талап кылуучу. Бирок, жакынкы күндөрү «СК плюстун» башкы редактору сайтты калыбына келтирүү маселесин койгон кезде, домендин жеке жакка таандык экендиги билинди жана мурда кыргызстандын мамлекеттик ММКсынын материалдары жайгаштырылып келген жерде эми Россияда мергенчиликти сүйүүчүлөр үчүн маалыматтар коюлган.

«Профилдик ведомствонун башчысы катары Сизден суранарым, гезитке – жоюлуп кеткен басма үйүнүн укук мураскерине өзүнүн домендик наамын кайтарып берүүгө жардам бериңиз, анткени «СК» жетекчилиги ошондой эле «Азия Инфо» дагы бул принципиалдуу мамлекеттик маселени эске алышкан эмес, же мекеменин жоюлуу жагдайын пайдаланып, аны жеке жакка бере салган» – деп айтылат «СК плюстун» башкы редакторунун Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбекке кайрылуусунда.

Кыргызпатенттин жетекчилиги «Азии Инфонун» дарегине расмий кат жөнөткөн, анда тагыраак айтканда мындайча белгиленген: «мамлекеттин расмий маалыматтык ресурсу болуп саналган «sk.kg» домен наамынын мындай берилиши массалык маалымат каражаттары жагдайындагы Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатына каршы келет».

«sk.kg» домен наамынын берилүү фактысын баяндоо менен Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек, «Азия Инфонун» бүтүндөй дүйнөдө кабыл алынган жол-жоболорду бузуп, алдын ала кабардандырбастан доменди жаңы ээсине бериши биринчи эле болуп жаткан окуя эмес экендигин белгиледи.