• English
  • Кыргызча
  • Русский
Интеллектуалдык менчик боюнча стратегияны иштеп чыгуу үчүн кызматташууга КРнын Юстиция министрлиги ачык
Publication date: 
03/03/2010

Бул жөнүндө бүгүн, 2010-жылдын 3-мартында мекеменин башчысы Курмантай Абдиев интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча, КРнын Улуттук стратегиясын иштеп чыгууга байланыштуу маселелерди талкуулоого арналган ИМБДУнун делегациясы жана Кыргызпатенттин өкүлдөрү менен жолугушуусу учурунда билдирди.

Жолугушууда ИМБДУнун делегациясын Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн директору Михал Свантнер, ИМБДУнун көз карандысыз кеңешчиси Рон Маршан, ИМБДУнун Европанын жана Азиянын кээ бир өлкөлөрү боюнча бөлүмүнүн кызматкери Александр Матвеевдер көрсөтүштү. Кыргызпатент тарабынан жолугушууга статс-катчы Бакыт Кененбаев, Укук жана эл аралык келишимдер бөлүмүнүн башчысы Бакыт Самаков жана бөлүмдүн башкы адиси Гульназ Асакеевалар катышты.

Бакыт Кененбаев биздин өлкөдөгү жаңы Улуттук стратегияны иштеп чыгууда Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюму тарабынан көрсөтүлө турган колдоого ылайык, ИМБДУ менен Кыргызпатенттин ортосундагы келишүүлөр жөнүндө министрге маалымдады.

Сүйлөшүүнүн темасын улантуу менен г-н Свантнер, эгерде иштеп чыгууга бардык кызыкдар болгон тараптар - өкмөт, парламент, министрликтер жана ведомстволор, бизнес-коомдоштуктар, финансылык чөйрө биргелешип катышса гана мындай стратегия ийгиликтүү болуп кала тургандыгын белгиледи. Бул процессте өзгөчө роль Юстиция министрлигине берилет, анткени, Стратегияны ишке ашыруу, колдонулуп жаткан мыйзамдарга Кыргызстанда ИМди кыйла натыйжалуу пайдаланууга мүмкүндүк бере турган жана укук ээлеринин кызыкчылыктарын жакшыраак коргой турган өзгөртүүлөрдү киргизүүнү болжоштура тургандыгын айтты. Ал салттуу билимдерди коргоо жөнүндө мыйзам кабыл алынган аз гана өлкөлөрдүн бири болуп Кыргызстан эсептелээрин эскертүү менен, интеллектуалдык менчик тармагындагы КРнын мыйзамдарына жогору баа берди. Көз карандысыз эксперт г-н Маршан жаңы стратегияны иштеп чыгууда өзгөчө көңүлдү аны ишке ашыруудан маанилүү пайда табууга мүмкүн болгон чакан жана орто бизнеске буруу керектигин эске салды.

Өз кезегинде Юстиция министри Курмантай Абдиев өлкөнү өнүктүрүү үчүн интеллектуалдык менчик жаатындагы жаңы стратегиянын маанисин толук өлчөмдө түшүнө тургандыгын жана өзү тарабынан бул багытта ИМБДУнун өкүлдөрү менен, ошондой эле ИМ чөйрөсүндөгү мыйзамдарды жакшыртуунун үстүндө иш алып баруунун жүрүшүндө тыгыз өнөктөштүк түзүлүп калган Кыргызпатент менен кызматташууга даяр экендигин билдирди. «Мыйзамдын күчү – анын аткарылышында». – деп эскертти министр, – Ошондуктан, жаңы стратегия турмуш чындыгына шайкеш гана болбостон, жергиликтүү өзгөчөлүктөрдү дагы эске алуусу абдан маанилүү. Биз Стратегияны иштеп чыгуу процессинде кызматташтык жана консультациялар үчүн дайыма ачыкпыз».

URL:
http://patent.kg/ru/news/2010/03/03/justice