• Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин директору Улан Мелисбек менен ИМБДУнун Генералдык директору Фрэнсис Гарринин эки тараптуу жолугушуусу болду
Publication date: 
18/12/2008

2008-жылдын 12-декабрында Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун (ИМБДУ) мүчө-өлкөлөрүнүн Ассамблеясынын 46-сериясынын отурумунун алкагында Кыргыз Реапубликасынын Мамлекеттик патент кызматынын директору Улан Мелисбек менен ИМБДУнун Генералдык директору Фрэнсис Гарринин жолугушуусу болду.

Жолугушуунун жүрүшүндө жетекчилер Кыргызпатент менен Интеллектуалдык менчиктин бүткүл дүйнөлүк уюмунун мындан ары кызматташуусунун келечегин талкуулашты.

Биргелешкен ишмердүүлүктүн төмөндөгүдөй артыкчылыктуу багыттары аныкталды: Кыргызстанда интеллектуалдык менчик системасын жакшыртуу, маалыматтык технологияларды колдонуу, адистерди даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу, ошондой эле интеллектуалдык менчикти коргоо, анын ичинде 2007-жылы Кыргызстан тараптан кабыл алынган салттуу билимдерди коргоо жөнүндө мыйзам жаатында биргелешкен иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү .