• English
  • Кыргызча
  • Русский
Кыргызпатенттин Илимий-техникалык кеңешинин кезектеги отуруму
Publication date: 
07/10/2009

2009-жылдын 7-октябрында У.Мелисбектин төрагалыгы астында Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик патент кызматынын Илимий-техникалык кеңешинин (ИТК) кезектеги отуруму болду.

Күн тартиби боюнча “КРнын “Фирмалык аталыштар жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, КРнын жашыруун ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрин алып баруунун тартиби, мамлекеттик органдар тарабынан салттуу билимдерди каттоонун жана пайдалануунун убактылуу тартибинин долбоору каралды, ошондой эле интеллектуалдык менчик тармагында эскерткичтин бет ачаары болду.

Күн тартибине ылайык “КРнын “Фирмалык аталыштар жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, КРнын жашыруун ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрин алып баруунун тартиби, мамлекеттик органдар тарабынан салттуу билимдерди каттоонун жана пайдалануунун убактылуу тартибинин долбоору жөнүнө баяндамалары менен Укук башкармалыгынын Ченемдик укуктук камсыз кылуу жана методология бөлүмүнүн башкы адиси Людмила Хмилевская чыгып сүйлөдү.

Андан тышкары, Интеллектуалдык менчик объектилерин камтыган продуктуларды жана товарларды изилдөө жана экспертизалоо башкармалыгынын начальниги Тимур Адилов Илимий-техникалык кеңештин кароосуна интеллектуалдык менчик тармагында эскерткичтин долбоорун койду.

Илимий-техникалык кеңештин мүчөлөрү даярдалган материалдар менен таанышып жана баяндамачылардын сөздөрүн уккан соң талкууга алынган маселелер боюнча пикир алмашышты жана сунуштарын айтышты.

Жыйынтыгында эскертүүлөрдү эске алуу менен “КРнын “Фирмалык аталыштар жөнүндө” Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоору, ошондой эле КРнын жашыруун ойлоп табууларынын мамлекеттик реестрин алып баруунун тартиби бекитилди.