Бул ведомствонун адистештирилиши өтө жайылтылбаган мүнөздө болгону менен, жарандардын анын ишмердүүлүгүнө кызыгуусуна тоскоолдук жок экендиги белгилүү болду. Мамлекеттик патент кызматы менен кыргызстандыктардын аз гана санынын иши бардай көрүнгөн. Бирок, «Вечерканын» «түз байланышындагы» анын төрагасы Улан Мелисбекке суроолор жамгырдай жаады.Суроолордун көпчүлүгүнө чиновник ошол эле жерде жооп берип жатты, айрым бирлерин жзып алды, ал эми дагы башка кайрылгандар менен көйгөйдү кыйла толугураак териштирүү үчүн өз кабыл алуусуна убакыт белгиледи.
Идеялардын генератору
Самат ИБРАГИМОВ, Бишкек:
— Саламатсызбы, бул Улан Мелисбек бекен?
— Ооба, ошонун өзү.
— Сизге эң биринчи болуп менин коңгуроом жетти окшойт.
— Таптыңыз (күлөт). Сизди угуп жатам, Самат.
— Сиздерде ойлоп тбуучуларга колдоо көрсөтүү максатында өзүңөрдүн фондуңар бар дейт, ошонун чындык экендигин билейин дедим эле?
— Чынында эле Мамлекеттик патент кызматында мамлекеттик фонд бар. Андан акча ар кандай китептерди, календарларды, автордук укук темасында семинарларды, конференцияларды өткөрүүгө арналган көмөкчү адабияттарды чыгаруу үчүн бөлүнөт. Ошондой эле айрым учурларда биз ойлоп табуучуларга мамлекеттик алымдарды төлөөгө жардам беребиз. Интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо үчүн сумманы төлөө ар биринин эле капчыгына ылайык келе бербестиги белгилүү эмеспи. Атап айтсак, ойлоп табууну патенттөө - абдан узак, көп эмгекти талап кылуучу процесс жана көп акча турат. Бул деген Кыргызпатент өз каалоосу боюнча чегерип койгон баа эмес. Бул эл аралык стандарттар.
—Кимге жардам берүүнү, ал эми кимге жардам бербөөнү сиздер кандайча чечесиздер?
— Чечимдер коллегиалдуу кабыл алынат, бүтүндөй комиссия бар. Бардык жагдайлары эске алынат, ал эми өтүнмөлөр абдан көп. Бизди бул же тигил чыгарылыштын акчасын төлөй алышат деп ойлогондор көпчүлүк учурда жаңылышат. Биз саясатка, идеологияга тиешеси бар же кандйдыр бир тараптардын кызыкчылыгын көрсөтүүчү китептерди чыгарбайбыз. Бизге дал ошол коомдук кызыкчылыктар маанилүү. Мисалы, жакында биз мурда жарыяланууга мүмкүнчүлүктөрү жок болуп келген жаш таланттуу прозачылардын 7 китебин бсып чыгардык.
Азат ИМАНОВ, Бишкек:
— Мен ойлоп табуучумун жана силерге өтүнмө бергем. Эмдиги жылы патент алып калам го деп турам. Мен силердин фонддон үмүттөнсөм болобу? Ал продукциянын чыгарууну кеңири агымга коюуга жардам береби?
— Бардыгы түшүнүктүү. Ойлоп табууларды коммерциялаштыруу боюнча биз иш жүргүзбөй тургандыгыбазды айтууга туура келет. Бул Мамлекеттик фонддун да, Кыргызпатенттин да милдеттерине кирбейт. Бирок бүгүнкү күндө маселе абдан актуалдуу.
— Менин маселем силердин ведомстводо каралып бүткүчөктү мен кандайдыр бир эксперимент жүргүзө аламбы? Тажрыйбалардын натыйжалары силер тараптан эске алынабы?
— Патентке жөндөмдүүлүгүнүн жана өтүнмөлөрдү карап чыгуунун так талаптары бар. Биз регламентти катуу сактайбыз. Бирок негизинен ар бир ойлоп табуу индивидуалдуу. Башкача айтканда кандайдыр бир кошумча материалдар чындыгында оң чечимге өбөлгө түзүшү мүмкүн. Сиз өзүңүздүн өтүнмөңүздү кеңейте аласыз. Аны мүмкүн болушунча кайрылуунун биринчи айларында эле, алдын ала экспертизалоо учурунда жасаса дурус болмок. Бирок азыр деле материалдарды берүүгө кеч эмес.
Самат Рысалиев:
— Ойлоп табуучуларга өзүлөрүнүн идеяларын алга жылдырууда кантип жардам көрсөтүүгө болот?
— Техникалык ойлоп табуучу – жакшы менеджер эмес жана өз буюмдарын белгилүү кылууга дайыма эле жөндөмдүү боло бербейт. Ал эми мамлекеттик ведомстволор дүйнөлүк практикада колдонулуп жүргөндөй ойлоп табуучуларды өзүлөрү колдошот, же жеңилдиктерди жана бул ишти колго алуучу бизнес структуралардын финансылык өзгөчө жеңилдиктерин (преференцияларын) камсыз кылышат. Бир гана жери ойлоп табууну «иштетип кетүү» дайыма тобокелдүү иш – эгерде идея ордунан чыкпай калса, салынган акчаны жоготуп алууга болот. Ошондуктан сологойлор бүтүндөй дүйнө жүзүндө бир эле кыйынчылыкка дуушар болушат.
Тажрыйбам боюнча айтсам: 100 ойлоп табуунун ичинен саналуу бирдиктери гана пайдалуу болуп чыгат. Бирок биз турмушка колдонулуучу эң актуалдуу ноу-хауну белгилегенге аракеттенебиз. Таланттарды сыйлоо үчүн президенттин «Чыгармачылыкта жана ойлоп табуучулукта жетишкендиктери үчүн» деген атайын сыйлыгы уюштурулган. Жыл сайын Кыргызпатенттен 50 миң сомдон берилип турат.
Александр Чернов, Бишкек
— Кыргызстанда ойлоп табууну патенттөөнүн баалары бир топ жогору. Бул эмне менен байланыштуу?
— Бирок алар башка өлкөлөрдөгүгө караганда төмөн. Мындан бир аз эле мурда кош стандарттар бар болгон: чет өлкөлүктөрдөн чоң сумма алынгандыктын эсебинен, биздин жарандар аз төлөшкөн. Бирок мындан баш тартууга туура келди – Кыргызстан Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунда турат, ал буга окшогон преференцияларга жол бербейт. Мисалы Өзбекстанда патенттин баасы төмөнүрөөк, бирок БСУга алар мүчө эмес, ошондуктан белгилүү бир милдеттенмелер менен байланыштуу эмес.
Берилген өтүнмөнү текшерүүнүн стандарттуу жол-жобосу бар: берилген ойлоп табуу –концепциялык жаңы жана плагиат (уурдалган) болуп эсептелбей тургандыгын тактоо үчүн бүтүндөй дүйнөнүн маалымат базаларын аңтарып чыгуу керек. Бирок муну менен бизде: жеке жактар үчүн, чакан компаниялар үчүн, институттар үчүн, студенттер үчүн, аспиранттар үчүн жана башкалар үчүн жеңилдиктердин кеңири системасы бар. Факт жүзүндө толук баасын чоң ишканалар гана төлөшөт. Жыйынтыгында көпчүлүк учурда өтүнмө үчүн 20 доллардан ашыгыраак төлөшөт, демек толук баасы катары-400 долларга жакын. Европада, Россияда жана АКШда акыры келип өтүнүүчү көбүрөөк төлөйт.
Каракчыны ур!
Талант (фамилиясын атоодон баш тартты):
— Сиздер дайыма каракчылык продуктуларга каршы чыгып келесиңер. Андай болсо лицензияланган дисктерди арзаныраак кылууга болобу? Мына, мисалы, америкалыктар доллар менен иштеп табышат жана ошондой эле бакстарга сатып алышат. Ал эми биз болсок эмгек акыбызды сом менен алабыз, бирок сапаттуу дисктерди «жашылдарга» сатып алабыз. Бул пайдасыз!
— Талант, силер билесиңерби, Кошмо Штаттарда Майкл Жексондун акыркы альбомунун лицензияланган диски канча турат?
— Так билбейм.
— Болжол менен 50 доллар чамасында. Сиз айта аласызбы КРда дисктин баасы канча?
— Болжол менен 30 доллардын тегерегинде.
— Бул дайыма эле мындай эмес. Ал андан да кымбат турушу мүмкүн. Бардыгы укук ээсине, анын студия менен өз-ара мамилесине жараша болот. Ооба мен сиз менен сатып алуучулук жөндөмдүүлүк бизде салыштырмалуу төмөн дегенге макулмун. Кыргызпатент дагы баанын пайда болушуна таасир этпейт. Бул жерде мен укук ээси менен сатып алуучунун кызыкчылыктарын төп келтирүүгө умтулуу зарыл деп эсептейм. Биринчиси көп акча, күч аракет жумшайт, албетте пайда тапкысы келет. Ал эми экинчилери болсо сапаттуу продукт алгысы келет.
Омурбек Аламатов:
— Сиздер каракчылыкка каршы күрөшүп келесиздер, ал эми Кыргызпатенттин өзүндөгү бардык компьютерлерде лицензияланган программалык камсыздоо барбы?
— Мен ушул кызматка келгенде, биринчи кезекте ушул маселе менен иштедим, муну ар-намыстын иши деп эсептедим. Ведомствонун компьютерлеринин 70 пайызында Windowsка жана Officeге альтернатива катары – акысыз Ubuntu системалары орнотулду. Калган машиналарда “Майкрософт” фирмасынын лицензияланган программалары турат, бирок бара-бара аларды Linux негизиндеги акысыз системалар алмаштырмакчы. Ошентип каракчылык бизде ардакталбайт.
Наталья Беспалова:
— Жакында каракчылык продуктуларды жайылткандыгы үчүн www.torrent.kg сайты жабылды. Бирок биздин өлкөдө ушуга окшогон ресурстар көп – аларды дагы жаап салышабы?
— Бүгүнкү күндө парламентте кылмыштык жана кылмыштык-жазык мыйзамдарын, ошондой эле автордук укукту козгогон биздин үч мыйзам долбоорлорубуз жатат. Патент кызматында тезинен чечимдерди талап кылуучу көптөгөн көйгөйлөр топтолуп калды. Абдан жетилип калган көйгөйлөрдөн арылуунун үстүндө иштөөдөбүз, ал эми лицензияланбаган файлдары бар интернет-порталдар аладын ичинен эң эле олуттуусу эмес. Каракчылыктын деңгээлин төмөндөтүү үчүн биз буга тиешеси бар болгон салык, бажы жана башка структуралар менен натыйжалуу өз-ара аракеттенүүнү жөнгө салууга умтулуудабыз.
Андан тышкары, торренттер деп аталгандар менен болсо жагдай бир жактуу эмес: алар легалдуу эмес деп бүтүндөй дүйнө боюнча таанылган эмес жана башка өлкөлөрдөн алууга мүмкүн болгондой бул чөйрөдө тажрыйба аз. АКШда мындай сайттарга тыюу салынган, Европада көйгөйдүн үстүндө эми гана ойлоно башташты, Азиянын көпчүлүк бөлүгүндө болсо муну качырып киргендик катары да эсептешпейт. Ошондуктан мыйзамдарды иштеп чыгып, жаңы аныктамаларды берип жана бул көрүнүш кайсы укук бузууга кире тургандыгын талдоо керек. Бул жакында шымаланып кирише турган олуттуу иш.
Чычкандын уу-чуусу
Назира, Бишкек:
— Патенттик ишенимдүү өкүлдөргө байланышкан чыр-чатак кеңири резонанс алды. Ал өз артынан кандай натыйжаларды алып келет?
— Белгилүү болгондой, Интернете мени опузалап акча алган жатат имиш деп күнөөлөгөн аудио жазууну жайылтышты. Кийинчерээк муну жасаган адам атайын мени жаманатты кылуу үчүн жазуу монтаждалгандыгын мойнуна алды. Бул адам мындан ары иштөөгө моралдук укугу жок болгондуктан өзүн патентик ишенимдүү өкүлдүк кызматынан бошотуп коюуну суранды. Азыр мени ушул кишиге кысым көргөзгөн деп күнөөлөшүүдө, бирок муну буга дегеле тиешеси жоктор жасап жатышат.
Патентик ишенимдүү өкүлдөр – товардык белгилерди каттоо жана коргоо боюнча КРда чет өлкөлүк бизнесмендердин тапшырмаларын аткаруучу, чет өлкөлүк өтүнүүчүлөрдүн адвокаттары экендиги белгилүү. Алардын иштеринде акыркы убактарда негативдүү учурлар ушунчалык болуп кеткендиктен, бул системаны реформалоого мезгил жеткендиги таасын болду. Мисалы, ишенимдүү өкүлдөрдүн бири, чыгарылды, себеби 2004-жылдан бери башка мамлекеттин гражданы болуп эсептелчү экен, бул биздин ведомствонун ылайыктуу кызматтарга жиберген сурамынын натыйжасында белгилүү болду.
Дагы бир факт. Экинчи бир патенттик ишенимдүү өкүлдүн жубайы Кыргызпатентте иштейт экен. Албетте, белгиленген мөөнөттөрдү бузуп жана стандарттуу жол-жоболордон четтөө менен, «үй-бүлөлүк келишүү» принциби боюнча ал күйөөсүнүн өтүнмөлөрүн тариздеп келген. «Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө» Мыйзамды реформалоого мезгил жетти, ал ушуга окшогон учурларды эске алып, иш мыйзам алкагында жүргүзүлүүгө тийиш. Алар мезгил-мезгили менен өз квалификацияларын көтөрүп туруулары үчүн, ушул кызматтагыларды кайра аттестациялоого ниеттенүүдөбүз. Ылайыктуу документ депутаттардын кароосун күтүп жатат. Тилекке каршы бул бардыгына эле жагып жаткан жок жана менин дарегиме тескери көз караштагы пикирлер айтылды.
Алексей ИЛЬИН, студент:
— Эгерде Кыргызпатент улуттук домен аймагын башкаруучу болуп калса, жөнөкөй колдонуучу үчүн эмне өзгөрөт? ММКда жүрүп жаткан ызы-чуу эмненин тегерегинде болуп жатат?
— Бул маселеде «АзияИнфо» жеке компаниясы көп жылдар бою монополист болуп эсептелген жана менин көз карашымда домен наамдарын каттоого бааларды көтөрүп жиберген. Интернетти өнүктүрүү, байланыштын ишенимдүүлүгүн жана ылдамдыгын камсыз кылуу үчүн эч нерсе жасаган эмес. Биз ушул маселелерди мамлекет башкаруусун каалайбыз, ошондо көптөгөн көйгөйлөрдү болтурбай коюуга болот. Адистер күчтүү серверлерди АКШда орнотуп коюшту, дагы бири Ош шаарын үзгүлтүксүз байланыш менен камсыз кылмакчы. Башкалары колдонуучуларга Интернет берүүчү чоң компанияларда, ошондой эле Кыргызтелекомдо иштешет. Бул чаралар түйүндү мүмкүн болуучу өзгөчө кырдаалдардан жана хакерлердин массалык чабуулунан кепилденген коргоону сактайт. Андан тышкары домендерди каттоого баа күмөнсүз төмөндөйт.
Интернетти контролго алуучу эл аралык уюм ICANN биздин сурамга башкарууну мамлекеттик ведомствого өткөрүп берүүгө каршы эмеспис деп жооп берди. Эми мамлекеттин ичиндеги формалдуулуктар жөнгө салунууда: «KG» улуттук домен аймагын башкаруу борборун түзүүгө мүмкүндүк берүүчү документ ылайыктуу министрликтердин макулдашуусунан өтүүдө. Качан гана бул жол-жоболор аяктаган соң, кагаздар структураны каттоо үчүн Юстиция министрлигине жиберилет.
Жеке финансылык кызыкчылыктагы айрым бир бизнесмендердин куугунтуктоосунун айынан, тилекке каршы процесс жайлашы мүмкүн. ICANN жөнөкөй колдонуучулрдын кызыкчылыктарына зыян келтирбес үчүн, бардыгы өз-ара макулдашуу жана тынчтык жолу менен өтүп жаткандыгына ынангысы келет. Бул адмдардын тобу өзүлөрүнүн демилгелерин түртүү менен, бардык 700 миң интернет-колдонуучулардын атынан чыгып жатышат. Биз эл аралык ICANN уюмунун кызматкерлерин иш жүзүндө Дүйнөлүк желедегилер башкача ойлошо тургандыгына ынандыралы деп жатабиз.
Ким кандай ?
Виктор, Бишкек:
— Сиз жакындан бери чиновник болуп калдыңыз. Анын үстүнө жаш курагыңызда. Бул такта сиз өзүңүздү ыңгайлуу сезесизби?
— Мен ыңгайлуу сезем, анткени эмненидир жакшы жагына өзгөртө алам. Ошондой эле мага көңүл борборунда болуу көнүмүш болуп калган. Чиновниктер, жетекчилер пресс-кызматтардын, статс-катчылардын, орунбасарлардын артына жашынбоого тийиш деп эсептейм.
Чындыгында мамлекеттик структураларда пассивдүүлүк жана ашыкча консервативдүүлүк менен кагылышып калган учурлар болуп калат. Мезгил менен жарыша турган мезгилде. Албетте, тил табышып, тажрыйба жыйнаганга аракеттенем. Мен башкаруучу болууга үйрөнүп жатам. Ал эми чечим кабыл алуу жагында болсо, Кыргызпатентте бардыгы өз жайында. Кагаздар кечиктирилбейт, алыскы жащиктерде кармалып жатпайт.
Алия АБДИЕВА:
— Ведомствонун башчысы болгондон бери реформа жүргүзүү үчүн эмне иштерди жасадыңыз?
— Көнүмүш болуп калган айрым бир салттарды өзгөртүүнү жана техниканы өздөштүрүүнү колго алдым. Мисалы бүтүндөй ведомство качан бухгалтерия акча алып келип кайра санап чыгат жана айлык акыны же авансты берүүнү качан чечет деп акыйып отура беришчү экен. АКШдан келип мен кимдир-бирөөлөр акчалай алааарына айран таң калдым. Акчаны кызматкерлер жеке карталар менен банкоматтан ала тургандай кылып которууга буйрук бердим. Адегенде канааттанышкан эмес, бирок, алар жаңылыктын ыңгайлуулугун тез эле баалашты.
Буга кошумча кызматкерлерди корпоративдик байланышка өткөрдүм. Биздин кызматкерлер борбордун ар кайсы жериндеги үч имаратта жайгаштырылган жана маселелерди ыкчам чечүү абдан маанилүү. Ушундай болгондо иш создуктурууга да учурабайт. Ал эми Интернет менен реформалар чечкиндүү болду: мен жогорку ылдамдыктагы линияны алып келдим, бирок, иш менен байланышпаган бардык сайттар жабылды. Эч кандай көңүл ачуучу жана алагды кылуучу порталдар жок, жалаң гана кызматтык милдеттенмелер.
Кийинчерээк байкап калдым: коридордо өтүп баратсам кызматкерлер туш-тушка менден жашынып калышат. Мени көргөндө ыргып тура калышып, клтыраганга аз эле калышат. Эмне деген катаал тартипке негизделген мурдагы тарбия системасы? Өз-ара жумушчу мамилелерин түзүүнү колго алдым – азыр чоңдорду көргөндө эч ким кара терге түшпөйт. Жумушчу атмосфераны түздүм.
Токтобек АЙДАРОВ:
— Бюрократиялык тоскоолдуктар – булар менен биздин ар бирибиз кагылышабыз. Алардан кутулууга болобу?
— Мен өзүм ушунун душманымын, ошондуктан создуктурууну максималдуу жоготууга аракеттенем. Бул арзан турбайт. Мен ар бир арыздын келип түшүшүнө жана анын ведомстволук баскычтардан өтүүсүнө көз салып туруучу электрондук системаны түзгүм келет. Документтердин электрондук форматын пайдалануу менен дегеле кагазды колдонууну минималдаштырууга ниетим бар. Ошондо биз көп убакытты жана расмий каттарга кетүүчү каражаттарды үнөмдөйбүз. Андан тышкары, система резолюцияны күтүүдө кайсы этапта кыйынчылыктар пайда болгондугун баамдоого мүмкүндүк берет. Мындай система ар бир ведомстводо өздөштүрүлүшү керек – иштин натыйжалуулугу эселеп жогорулайт!
Биз бул системаны түзүүгө каражат издеп жатабыз. Жана сын айтуулардын толкуну менен кагылышуудабыз: буга каражат коротуп эмне кереги бар, эбактан бери эле кийинкиге калтырылып келбеди беле дешүүдө. Ал тургай мени кандайдыр бир өз кызыкчылыгын ойлоп жаткандыкта да күнөөлөөлөр болду.
Бардыгы жөнүндө аз-аздан
Айсулуу, село Лебединовка:
— Жазуучулар, акындар чыгармачылыкка өз укуктарын бекемдешет. Бизде ырларга – музыкалык чыгармаларга авторлук канчалык өнүккөн?
—Эгерде ойлоп табуучуларга өзүлөрүнүн ноу-хаусун патенттөө керек болсо, ал эми автордук укук объектисине мындай жол-жободон өтүү милдеттүү түрдө эмес. Автор тарабынан чыгарманын биринчи жарыяланган, угузулган же көрсөтүлгөн учурдан тартып автоматтык түрдө автордук укук бекилет. Алгачкы жолу чыгып жатканда өз атын атоо зарыл. Бирок эгерде адам ошондон кийин деле автордук күбөлүк алгысы келсе, анда албетте биздин ведомствого кайрыла алат. Сөздүн ыңгайы келип калды, айтып коеюн, каалагандар бизге көп кайрылышат. Дегинкисинде бизде өтө кичинекей өлкө болгондуктан, бирөөнүн интеллектуалдык менчигин кара ниеттик менен өзүнүкү кылып алуу деген болбойт-ал ошол замат эле оркоюп көрүнүп калат. Ошондуктан плагиат боюнча анчалык көйгөй жок.
Мелис АХМЕДОВ Караколдон:
— Бул Улан Мелисбек менен болуп жаткан ачык сүйлөшүүбү?
— Ооба, сиз туура түштүңүз.
— Сиз мага күйөө бала болосуз. Мен сиз менен бир аз сүйлөшөйүн дедим эле. Сиздин кайын атаңыз – менин аялымдын бир тууганы болот.
— Сиз менен таанышкандыгым абдан жагымдуу, Мелис Хайдарович!
— Менин суроом мындай. Мен сүрөтчүмүн жана мен тарткан, ат менен келаткан карыянын сүрөтүн (Айтматовдун «Гүлсарат» деген чыгармасына арналган) акча белгисин -Улуттук банк чектелген серия менен чыгарган юбилейлик монетаны кооздоо үчүн пайдаланышкан. Акчаны телевизордон көрүп, дароо түшүндүм – менин колум! Мен акчалай сыйлыкка талапкер боло аламбы?
— Мен сизди түшүндүм. Бул мүмкүн, эгерде сиз өзүңүздүн авторлугуңузду далилдей алсаңыз. Бир эле чыгармага ар түрдүү адамдар талапкерлик кылган да учурлар болот. Биз кандай кылышты билбей калабыз. Ал кимге таандык экендигин биз кантип аныктайбыз? Ошондуктан далилдер керек. Андан дагы, авторлор мындай мурда кезиккендигинен шек санабастан жакындаштырылып окшоштурулган сүрөттөрдү тартып коюшат.
— Ооба дал ошондой эле болду. Акча белгисиндеги негизги сүрөт меники, ал эми фонун болсо оюу менен жасалгалап коюшкан.
— Кайталап коеюн, эгерде өзүңүздүн авторлугуңузду далилдесеңиз анда сый акыга илинишиңиз мүмкүн. Келиңиз, биздин адистер сизге консультация беришет.
Жумабек:
— Техникалык жактан али иштелип чыга элек идеяга патент алсам болобу?
—Идея эмес, дал ошол техникалык сыпаттама патенттелет эмеспи. Идея –бул сезилбеген, көзгө көрүнбөгөн нерсе. Ал туура сыпатталбаган болсо, кагаз бетинде бекемдөөгө мүмкүн эмес. Бул, ой жүгүртүү уникалдуу экендигине экспертиза жүргүзүп жана далилдөө үчүн зарыл. Бардыгын документтер түрүндө тариздеңиз дагы бизге куш келиңиз. Сизге 68–16–98 телефону боюнча консультация беришет. Ал эми Кыргызпатенттин Интернет-сайтында сиз көп кызыктуу маалыматтарды таба аласыз.
Руслан, компьютерчи:
— Кыргызпатенттин сайтынын кыргыз тилдүү версиясында абдан көп каталар жүрөт. Ошолорду оңдоп коюуга болобу?
— Албетте, аларды оңдоо керек. Бирок мен канчалык өлкөнүн патриоту болбоюн негизги кыргызча версиясын мыкты кылууга жетише албай келебиз. Анткени бизде иш кагаздары ушул кезге чейин орус тилинде жүргүзүлөт, ал эми бардык материалдар мамлекеттик тилге которулат. Айрым бир учурларда Манасты алып жүрүүчүлөрдө дагы пикирлер ар башка чыгат. Мисалы эмне үчүн бизде домен аймагы эмес домендик аймак? Бул планда суроолор жана кайчы пикирлер көп. Алар жалгыз эле Кыргызпатентте байкалбайт. Каргылачы, шаарда мындай туура эмес которулган канча көрнөктөр бар. Тим эле башыңды мыкчыйсың. Бизде азыр тил жапа чегүүдө. Абдан оор тема. Биздин лингвисттер айтышып отургандын ордуна иштөөлөрү керек!
Алина ИБРАЕВА, Пригородное айылы:
— Улан, көнүмүш суроо: сизде ой-тилектер, кыялдар барбы?
—Ооба, өзүмдүн өлкөм үчүн абдан чоң мааниси бар кандайдыр бир нерсе жасагандыгымды түшүнүп анан өлсөм дейм. Экзюперинин «Кичинекей канзада» деген чыгармасындагы күн сайын ойгонуу жана кандайдыр бир пайдалуу иш бүтүрүү жөнүндөгү сөздөрдү кайталаганды жакшы көрөм.
«Вечерканын» суроолору
— Сиздин жакында Аitmatov.kg деген сайтты сатып алгандыгыңыз белгилүү болду. Эмне үчүн?
— Бул чындыкка туура келбейт. Мен аны сатып алган жокмун, ал башка адамга таандык. Эске салып коеюн, «kg» аймагында менде бир дагы сайт жок. Айтмакчы, Айтматовдун жубайы – Мария-эже- Кыргызпатентке келип, «АзияИнфо» алардан ушул веб-ресурсту мыйзамсыз алып койгондугун айтып даттанган болчу, белгилүү болгондой ал Айтматов атындагы Фондго таандык болучу.
Аitmatov.org. сайтынын ээси болуп эсептелесиз дешсе анда иш башка. Ал 2007-жылдын аягынан бери мага катталуу. Бул Чынгыз Төрөкулович менен жолугушуудан кийин болгон. Биз анын «Тоолор кулаганда» аттуу китебинин бет ачарынын убагында Берн шаарында жолугушканбыз. Ал жерде анын жубайы Мария эже дагы бар болчу. Ошондо жазуучу анын чыгармачылыгынын бардыгын кучагына алып чагылдырган бир дагы түзүгүрөөк сайт жок экендигин айтып кеңешкен эле. Менин атым мыкты жана резонанстык долбоорлорго байланыштуу экендигин эске алган жана ал жөнүндө билген Айтматов ушуну колго алуумду сурангандай болгон. Мына ошентип мен аны каттоодон өткөргөм. Анын ортосунда айрым бир укук коргоочулар азыр аны менен соодалашып, атактуу кыргыз авторунун атын мага каршы пайдалнгылары келип жатат. Мен муну талкууга алып түшүндүрмө бергим да келбейт. Төмөндүк.
— Сиздин өткөндөгүңүз дүркүрөп турчу эле. Көптөрү сиздин Америкадан айткан бир топ катуу кат-макалаларыңызды эстеп калышыптыр. Бүгүн Сиздин көз караштарыңыз канчалык өзгөрдү?
— Албетте, көп нерселерге мен өз көз карашымды өзгөрттүм. Бирок ушуга окшогон суроолорду бергенде, көпчүлүк учурда саясый сырды билгилери келишет. Бул жерде дагы саясаттан кеттим деп эбак эле билдиргендигимди белгилеп койгум келет. Өз сөзүмдү кармайм. Мен ага кайрылган дагы жокмун. Ооба менин кызмат орунум чындыгында саясый. Бирок бул деген бийлик менен оппозициянын ортосундагы кандайдыр бир күрөшкө менин катышуум керектигин түшүндүрбөйт. Мен республикага жайылтылбаган адистик чөйрөдө иштөө үчүн келдим. Мага ушундай шарттарды түзүп бергендиктери үчүн бийликтегилерге ыраазычылык билдирем. Бирок менин үн катпай калышым өзүмдүн либералдык көз караштарымдан баш тарткандыгымды билдирбейт. Жөн гана саясатка кийлигишпестен, бийликке эмес, өзүмдүн өлкөмө жардам берип иштей берүүгө артыкчылык бердим. Болду, саясат аягына чыкты! Туруктуулук орноду. Мага окшогон прагмативдүү адамдар республика үчүн пайдалуу болгон эмне ишти жасоого боло тургандыгы тууралуу ойлоно башташты.
— Бирок сиз дайыма сын көз карашта болуп келгенсиз.
- Ооба мен сын көз карашта болуп келгем. Бирок, адам чет өлкөдө жүргөндө, өзгөчө аргасыздан жүргөндө сын айткандан башка эч нерсе калбайт экен. Азыр ведомствонун жетекчисинин кызмат орунун ээлеп туруп, сындай бериш көпчүлүк учурда негизсиз болоорун түшүндүм. Мамлекеттик кызмат иш жүзүндө - жооптуу ишмердүүлүк. Мурда өзүмдүн бышып жетилбегендигиме, тажрыйбасыздыгыма, талапчылдыгыма байланыштуу көп нерселерди түшүнө бербептирмин. Кандайдыр бир маанилүү нерсеге жетишүү үчүн, коом биринчи кезекте бышып жетилүүсү, буга эволюциялык жол менен келүүсү зарыл. Ал үчүн убакыт керек.
— Кыргызстандык ойлоп табуучулар күн өткөн сайын «картайып баратышат» -алардын орточо курагы өсүүдө деген пикирлер бар. Бул ушундайбы?
— Тилекке каршы ушундай. Алардын көпчүлүгү Союз убагында окушуп, беделдүү конструкциялык уюмдарда же жогорку класстагы лабораторияларда иштешкен. Билим берүүнүн деңгээли бизде советтик мезгилдерде эле начарлай баштаган. Аны көтөрүү үчүн иштеш керек болот. Тилекке каршы, буга көп күч, каражаттар, адамдык ресурстар жана убакыт керек.
— Кыргызпатент жалпы билим берүү ишмердүүлүгүнө кандай салым кошо алат?
— Бизде бул боюнча бир нече ойлор бар. Мисалы көпчүлүк окуу жайларында –ПТУларда, ЖОЖдордо, мектептерде - өзүлөрүнүн сайттары жок. Алар үчүн бул кымбат тургандыктан, анын баасына шылтоолоп демилге көтөрүүнү каалашпайт. Домен аймагын башкаруу укугун өткөрүп алгандан кийин биз аларга акысыз домендерди беребиз, ошондо окуу жайлар виртуалдуу дүйнөгө тезирээк жуурулуша баштайт, бул акыры келип педагогдорго, окуучуларга жана алардын ата-энелерине пайдалуу болот.
Андан тышкары, өкмөттүк эмес уюмдар, кайрымдуулук уюмдары же жөнөкөй жарандар тарабынан кайсы болбосун коомдук пайдалуу демилгелер үчүн Интернет-барактарды түзүп жана кармоого мүмкүндүк берилет. Бул үчүн мүмкүндүктөр бар – биздин кубаттуу серверлерибизде эркин эстутумдун көп запасы бар.
Жакшыны жарат
Курбанхан МАТАЕВА, пенсионер:
— Улан Мелисбекович, саламатсызбы! Ден-соолугуңуз кандай? Мен оорулуу, баспаган чоң энемин. Нанга жардам берип коюңузчу! Эгерде бергиңиз келбесе же бере албасаңыз уялбай эле айта бериңиз. Мен түшүнөм, азыр ыйык Рамазан күндөрү эмеспи.
— Курбанхан–апа, иш жүзүндө биздин ведомствонун бюджетинде улгайган жана жардамга муктаж адамдар үчүн чыгымдар караштырылган эмес. Бирок мен жеке өзүм сизге жардам берем. Өзүнүздүн координаттарыңызды айтсаңыз. (Ошол эле жерден жардамчысына кайрылып, байбиченин телефон номерин жазып алууга көрсөтмө берет).
өздүк иши
Гурман–экстраверт
Улан Мелисбек 1975-жылы 31 мартта туулган. Мыкты билим алган: Түркиядагы Мармар университетин (экономика жана финансы факультети), Кыргыз улуттук университетин «юриспруденция» адистиги боюнча. Андан тышкары кошумча Бүткүл дүйнөлүк соода институтун (Берн шаары, Швейцария) жана Страсбургда (Франция) интеллектуалдык менчик боюнча академияны бүтүргөн. Орус, кыргыз, англис, түрк тилдеринде эркин сүйлөйт. Ал эми өзүнүн карьерасын турфирманын менеджери болуп иштөө менен баштаган, андан кийин Quattro Communications компаниясынын ээлеринин бири болуп эсептелген, патенттик ишенимдүү өкүл болгон, эми мына он айдан бери Улан Мелисбек Кыргызпатентти жетектөөдө.
Биз аңгемелешип жаткан адамга бир канча жыл ата мекенден алыста, АКШда жүрүүгө туура келген. Азыркы учурда анын үй-бүлөсү Калифорнияда жашоосун улантууда.
Көп чиновниктерден айырмаланып, Мелисбек өзүнүн шыктануулары жөнүндө канааттангандыкта айтып берет. Мисалы, ал тамак жасаганды абдан жакшы көрөт экен.
— Кулинария — менин ышкыбоздугум! — деп көтөрүңкү добуш менен айтып калды биздин кейипкер–гурман.
Калифорнияда анын сонун ашканасы бар, бул анын үйүндөгү эң сүйүктүү жайы. Бир мезгилде ал сүйүктүү кулинариялык рецептер китебиндеги жазылгандардын бардыгын өз колу менен жасап чыгууну чечет. Алардын жарымын жасап даамын татып көрдү. Ал эми калгандарына минтип колу тийбей келет- убакыт жетишпейт.
Андан тышкары Улан Мелисбек жаратылышка чыкканды жакшы көрөт. Ошондо ал өзүнүн жашоо принцибин бузат, ал өзүн жашоодо тынчы жок экстраверт деп эсептеген менен - дал ошол жакта, жалгыз болуп кайтуудан ырахат алат.
“Түз байланыштагы” стенограмманы Андрей ОРЕШКИН менен Гульчехра КАРИМОВА даярдашты.
Сүрөт Сергей МЕДВЕДЕВдики.
http://members.vb.kg/2009/09/11/linia/1.html

