Алымдар

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2016-жылдын 3-октябрындагы

                                                                                                                                                  № 523 токтому менен бекитилген

 

Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, селекциялык жетишкендиктерди патенттөө, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товардын чыккан жерлеринин аталыштарын каттоо, товарлардын чыккан жерлеринин аталыштарын пайдалануу укугун берүү жана патенттик ишенимдүү өкүлдөрүн каттоо үчүн алымдар жөнүндө
ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2018-жылдын 5-январындагы № 3 токтомунун редакциясына ылайык)

(үзүндүлөр)

бөлүмЖалпыжоболор

1. Бул жобо Кыргыз Республикасынын Патенттик мыйзамында, “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө”, “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” жана “Патенттик ишенимдүү өкүлдөр жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган юридикалык маанилүү аракеттерди ишке ашыруу үчүн алымдарды төлөөнүн тартибин, өлчөмүн жана мөөнөттөрүн, ошондой эле алымдарды төлөөдөн бошотуу жана алардын өлчөмүн азайтуу үчүн негиздерди белгилейт.

2. Алымдардын өлчөмдөрү эсептик көрсөткүчтөрдө белгиленет жана улуттук валютада төлөнөт.

Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди, өнөр жай үлгүлөрүн, товардык белгилерди, тейлөө белгилерин, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын каттоого, товар чыгарылган жерлердин аталыштарын пайдалануу укугун берүүгө (мындан ары – өнөр жай менчик объектилери), селекциялык жетишкендиктерди каттоого өтүнмөлөр Кыргыз Республикасынын резиденттери эместер тарабынан берилген учурда алым Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы төлөө күнүндө аныктаган курсу боюнча – алымдын белгиленген өлчөмүнө эквиваленттүү өлчөмдө эркин конвертацияланган валютада төлөнүшү мүмкүн.

3. Ойлоп табуулардын, пайдалуу моделдердин, селекциялык жетишкендиктердин жалгыз автору болуп эсептелген жана өз атына патент сураган, же ойлоп табууга, пайдалуу моделге, селекциялык жетишкендикке патенттин жалгыз ээси болуп эсептелген адамдарга алым төлөө боюнча ушул Жобонун II жана IV бөлүмдөрүндө белгиленген төмөнкү жеңилдиктер берилет:

а) Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучулары же аларга теңелген адамдар, ошондой эле ден-соолугу боюнча мүмкүнчүлүгү чектелген, 1-топтогу майыптыгы бар адамдар алым төлөөдөн толугу менен бошотулат;

б) жеке жактар, алардын жашаган жерине карабай, алымдын өлчөмүнөн 10% төлөшөт;

в) коммерциялык эмес уюмдар, илимий-изилдөө мекемелерин жана жогорку окуу жайларды кошуп, алардын жайгашкан жерине карабай алымдын өлчөмүнөн 10%төлөшөт.

4. Ушул Жобонун I бөлүмүнүн 3-пунктунда каралган жеңилдиктер, интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берген өтүнмө ээсинин арызы боюнча, эгерде жеңилдик болуп алым төлөөдөн бошотуу эсептелсе, алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документтин ордуна берилет, же эгерде жеңилдик болуп анын өлчөмүн азайтуу эсептелсе, көрсөтүлгөн документ менен чогуу берилет.

Алым төлөөдөн бошотууга же азайтылган өлчөмдөгү алымды төлөөгө укук берүү өтүнмө ээсинин статусун ырастоочу белгиленген үлгүдөгү документтин көчүрмөсүн берген учурда ишке ашырылат.

5. Ушул Жобонун I бөлүмүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн өтүнмө ээлеринин статусу өтүнмө ээлеринин жашаган жердеги же турган жердеги өлкөнүн мыйзамдары боюнча аныкталат.

6. Эгерде өз атына патент сураган өтүнмө ээлери бир нечелеп саналса, анда тиешелүү жеңилдик тарифи качан бардык өтүнмө ээлери ушул Жобонун I бөлүмүнүн 3-пунктунда көрсөтүлгөн адамдардын кайсы бир категориясына таандык болгон учурда гана колдонулат.

Эгер ар кандай категориядагы адамдардан турган өтүнмө ээлеринин тобу патентти өз атына сураса, анда алым минимумдук жеңилдиктери бар өтүнмө ээсинин ставкасы боюнча төлөнөт.

7. Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ болуп төлөнгөндүгү жөнүндө банктын штампы басылган төлөм тапшырмасынын көчүрмөсү, же алымдын акчалай же өздүк эсептен которуу жолу менен төлөнгөндүгү жөнүндө банктын дүмүрчөгү эсептелет.

Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмөнүн, патенттин же күбөлүктүн каттоо номерин жана алым төлөнгөн иш-аракеттин аталышын камтууга тийиш. Эгерде өтүнмөгө каттоо номери бериле элек болсо, аталган документ алым төлөнгөн иш-аракеттин аталышы менен катар өнөр жай менчик объектисинин же селекциялык жетишкендиктин аталышын, ошондой эле биринчи автордун аты-жөнүн же өтүнмө ээсинин аталышын камтууга тийиш. Төлөнгөн алымдын өлчөмүнүн шайкештиги аны төлөө датасына аныкталат.

8. Ушул Жободо белгиленген өлчөмдөн ашык төлөнгөн, же алым төлөнгөн иш-аракет ишке ашпай калган учурларды кошпогондо, төлөнгөн алым кайтарылып берилбейт.

Мындай учурларда өтүнмө ээсинин, анын өкүлүнүн же алым төлөгөн адамдын өтүнүч каты боюнча, алымдын ашыкча төлөнгөн суммасы белгиленген тартипте кайтарылып берилет, же өтүнүч кат берген адамдын өтүнүчү боюнча алымдардын ушул Жобосунда каралган башка төлөмдөрдүн эсебине чегерилет.

II бөлүм. Ойлоп табуулар жана пайдалуу моделдер

23

Аппеляциялык кеңешке каршылыгын билдирүү:

– ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент берүүдөн формалдуу же алдын ала экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган баш тартуу жөнүндө чечимге;

75

– ойлоп табууга патент берүүдөн маңызы боюнча экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган баш тартуу жөнүндө чечимге;

150

– ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент берүүгө каршы

200

 24

Мөөнөтүнөн өткөн ар бир ай үчүн, бирок 12 айдан ашык эмес, өтүнмө ээсинин мыйзамда белгиленген мөөнөтүн өткөргөндүгүн калыбына келтирүү:

– Апелляциялык кеңешке формалдуу же алдын ала экспертизанын же маңызы боюнча өтүнмөнүн экспертизасынын жыйынтыгында кабыл алынган ойлоп табууга, пайдалуу моделге патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршылык арызын берүүнү

30

Патент алууга укукту өткөрүп берүү жөнүндө арыз берүү үчүн алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ арыз менен кошо берилет.

Арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда, арыз берилбеген болуп эсептелет.

III бөлүм. Өнөр жай үлгүлөрү

Алымдын багытталышы

Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен)

42

Апелляциялык кеңешке төмөнкүлөр боюнча каршылыгын билдирүү:

– формалдуу жана алдын ала экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге;

75

– маңызы боюнча экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге;

150

– өнөр жай үлгүсүнө патент берүүгө каршы

200

43

Мөөнөтүнөн өткөн, бирок 12 айдан ашык эмес, ар бир ай үчүн өтүнмө ээси мыйзамда белгиленген мөөнөтүнөн өткөргөндүгүн калыбына келтирүү:

– Аппеляциялык кеңешке формалдуу же алдын ала экспертизанын, же маңызы боюнча экспертизанын жыйынтыгында кабыл алынган өнөр жай үлгүсүнө патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге каршылыгын берүү

30

Арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ берилбеген учурда, арыз берилген жок деп эсептелет.

IV бөлүм. Селекциялык жетишкендиктер

Алымдын багытталышы

Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен)

59

Апелляциялык кеңешке каршылыгын билдирүү:

– экспертизанын патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимине;

50

– кызыкдар адам тарабынан жаңылыгына карата;

50

– патентти жараксыз деп таануу жөнүндө

100

60

Өтүп кеткен мөөнөттөрдү калыбына келтирүү:

– жаңылыгына экспертиза жүргүзүүдө кызыкдар жактын каршылыгын Апелляциялык кеңешке берүүнү (кечиктирилген ар бир ай үчүн);

20

– патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине Апелляциялык кеңешке даттануу берүүнү;

10

– патентти жараксыз деп таануу жөнүндө Апелляциялык кеңешке каршылыгын берүүнү

20

Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ өтүнмө ээси патент берүү жөнүндө чечимди алган күндөн баштап 2 айдын ичинде берилет.

Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган 2 айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн. Бул учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйөт.

Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган мөөнөттө берилбеген учурда, селекциялык жетишкендикти каттоо жана патент берүү, ошондой эле бул жөнүндө маалыматтарды жарыялоо жүргүзүлбөйт.

V бөлүм. Товардык белгилер, тейлөө белгилери, товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары

Алымдын багытталышы

Алымдын өлчөмү (эсептик көрсөткүчтөр менен)

76

Апелляциялык кенешке төмөнкүлөр боюнча каршылыгын билдирүү:

– алдын ала экспертизанын жыйынтыктары боюнча товардык белгиге өтүнмөнү кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечимге;

100

– алдын ала экспертизанын жыйынтыктары боюнча товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмөнү кароого кабыл алуудан баш тартуу жөнүндө чечимге;

100

– товардык белгини каттоодон баш тартуу жөнүндө экспертизанын алдын ала чечимине;

200

– билдирилген белгилемени экспертизалоонун натыйжасында кабыл алынган товардык белгиге өтүнмө боюнча чечимге;

300

– билдирилген белгини экспертизалоонун жыйынтыгында кабыл алынган товар чыгарылган жердин аталышына өтүнмө боюнча чечимге;

300

– товардык белгини каттоого каршы;

400

– товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы;

400

– товар чыгарылган жердин аталышын каттоонун жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүктүн күчүн токтотууга каршы

400

77

Апелляциялык кеңешке арыз берүү:

– товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө;

500

– жалпыга белгилүү товардык белгинин жалпыга белгилүүлүк статусун жоготуусу жөнүндө

500

78

Өтүнмө ээси өткөрүп жиберген, мыйзамда белгиленген мөөнөттү калыбына келтирүү:

– алдын ала экспертизанын натыйжасында кабыл алынган чечимге каршылыгын Апелляциялык кеңешке билдирүү

30

– билдирилген белгилемеге экспертизанын натыйжасында кабыл алынган чечимге каршылыгын Апелляциялык кеңешке билдирүү

30

Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ объектини каттоо жөнүндө экспертизанын чечимин өтүнмө ээси алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.

Алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ аталган эки айлык мөөнөт аяктаган күндөн тартып үч айдын ичинде берилиши мүмкүн. Мындай учурда алымдын өлчөмү 50%га көбөйтүлөт.

Белгиленген өлчөмдө алым төлөнгөндүгүн ырастоочу документ белгиленген беш айлык мөөнөттө берилбеген учурда, товардык белгини каттоо жана каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялоо, товардык белгиге күбөлүк берүү жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүү жүргүзүлбөйт.

Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2000-жылдын 24-августундагы N 520

токтому менен бекитилди

Кыргыз Республикасында жалпыга

белгилүү товардык белгилер жөнүндө

ЖОБО

(КР Өкмөтүнүн 2001-жылдын 15-майындагы N 233, 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилер жөнүндө Жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилерди таанууга байланышкан иштерди жөнгө салат жана ал өнөр жай менчигин коргоо боюнча Париж конвенциясынан (мындан ары – Париж конвенциясы), Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп эсептелген Интеллектуалдык менчик укуктарынын соода аспектилери боюнча Макулдашуусунан (ТРИПС) келип чыккан милдеттенмелерди ишке ашырууга багытталган.

Бул Жобо керектөөчүлөрдү товарды даярдоочуларга, анын сапаттарына же чыгарылган жерине карата адашуудан сактоо, ошондой эле жалпыга белгилүү товардык белгилердин ээлеринин кызыкчылыгын коргоо, товардык белгилердин өздөрүн көп жолу жана бейчеки пайдаланып, аларды башка түргө айландыруудан сактоо максатында “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларына ылайык иштелип чыккан.

I. Жалпы жоболор

1. Интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы (мындан ары – Кыргызпатент) Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгилерди коргоо тармагында бирдиктүү мамлекеттик саясатты ишке ашырат, товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндөгү арыздарды карап чыгуу үчүн, товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө чечим кабыл алат, жалпыга белгилүү товардык белгилерди мамлекеттик каттоону ишке ашырат, жалпыга белгилүү товардык белгилердин Мамлекеттик реестрин жүргүзүп, (мындан ары – Реестр), күбөлүктөрдү берет, Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү деп табылган товардык белгилер жөнүндө расмий маалыматтарды жарыялайт, ошондой эле жалпыга белгилүү товардык белгилерге байланыштуу талаштарды карап чыгат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө арыздарды Кыргызпатенттин атынан карап чыгууну, товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө чечим чыгарууну жана жалпыга белгилүү товардык белгилерге байланыштуу талаштарды карап чыгууну ишке ашыруучу орган болуп Кыргызпатенттин Апелляциялык Кеңеши эсептелет (мындан ары – Апелляциялык Кеңеш), Апелляциялык Кеңеш товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таанууда жана аларга байланыштуу талаштарды карап чыгууда ушул Жобону жана Кыргыз Республикасынын башка нормативдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.

3. Укуктук коргоо жалпыга белгилүү товардык белги катары узак мезгилден бери тынымсыз пайдалануунун негизинде таанымал болуп калган жана белгилүү гана даярдоочунун товарлары үчүн мүнөздүү белгилерге берилет.

Жалпыга белгилүү товардык белги, өз белгилүүлүгүнө ээ болгон бардык товарларга карата корголот. Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо, эгер көрсөтүлгөн товарларга карата бул товардык белгини башка жактын пайдаланышы керектөөчүлөр арасында жалпыга белгилүү товардык белгиге өзгөчө укук ээси менен ассоциацияланса жана мындай ээлик кылуучунун мыйзамдуу кызыкчылыктарын кысымга алуу мүмкүн болсо, ал жалпыга белгилүү болуп таанылгандар менен бирдей болбогон башка товарларга да таралат.

Жалпыга белгилүү товардык белгини укуктук коргоо мөөнөтсүз колдонулат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

4. Товардык белги Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү деп ал жалпыга белгилүүлүктүн талаптарына жооп бергенде, жалпыга белгилүү товардык белгилердин Реестрине киргизилгенде жана Кыргызпатент ал белги жөнүндө расмий түрдө жарыялаган учурда эсептелет.

5. Жалпыга белгилүү товардык белги узак мезгилден бери тынымсыз пайдалануунун негизинде баарына кеңири белгилүү болуп калган учурда ал Кыргыз Республикасында коргоого алынуу тийиш болгон, Кыргыз Республикасынын аймагында ага окшош башка товардык белгилердин алдында артыкчылыктуу коргоого алынат.

6. Бул Жобонун нормалары ошондой эле тейлөө белгилерине карата да колдонулат.

II. Товардык белгилерди жалпыга белгилүү деп таануунун талаптары

7. Товардык белги төмөндөгү талаптарга жооп бергенде Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү деп табылат:

– кайсы бир товардын түрүн Кыргыз Республикасынын чыныгы керектөөчүлөрү ошол товарга карата пайдаланылуучу белгини таанышы, же ушул товардын түрүн таратуучу каналдарды ушул товар менен камсыз кылууга катышкан адамдардын товарга колдонулуучу товрдык белгини таанышы, же болбосо кайсы бир товарларга тиешеси бар ишкер чөйрөлөрдүн ушул товарларга колдонулуучу товардык белгини таанышы; муну менен бирге товрдык сапатынын деңгээли жөнүндө өлкөдөгү же дүйнөлүк рыноктогу түшүнүк товардык белги менен байланыштуу болушу керек;

– товардык белгинин башынан бери башкалардан айырмаланып турган жактарынын болушу, же болбосо аны тынымсыз пайдалануунун жыйынтыгында ээ болгон айырмачылыктарынын болушу;

– республиканын аймагында же дүйнөлүк рынокто пайдаланылышы жана рекламаланышы;

– республикада же дүйнөлүк рынокто узак мезгилден бери тынымсыз пайдалануунун жыйынтыгында коммерциялык кадыр-баркка ээ болушу.

8. Апелляциялык кеңеш чечим чыгарган учурда жогоруда аталган талаптарга жооп берген факторлор менен катар бул Жободо көрсөтүлбөгөн кошумча талаптарга жооп берген дагы башка факторлор эске алынышы мүмкүн.

8-1. Товардык белги жана белгилөө, эгер бир түрдүү товарларга карата пайдалануу үчүн арналган, башка жактын бирдей же аралашып кетүү деңгээлине чейин окшош товардык белгисинин артыкчылык датасынан кийин кеңири белгилүү болсо, жалпыга белгилүү товардык белгилер болуп таанылышы мүмкүн эмес.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

III. Товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануунун жол-жоболору

9. Товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу үчүн негиз болуп кызыкдар адамдын Апелляциялык кеңешке берген арызы эсептелет. Арыз берүүдө белгиленген өлчөмдө алым төлөнүшү зарыл.

Ошондой эле товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу үчүн негиз болуп кызыкдар адамдын “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 25-статьяларына ылайык Апелляциялык кеңешке берилген нааразылык арызы эсептелет. Эгерде товардык белгини жалпыга белгилүү деп таанышуу үчүн аракеттер менен мурда каттоого алынган товардык белги боюнча каттоосу күмөн туудуруп жаткан товардык белгинин катталгандыгы жөнүндө маалыматтар жарыяланган күндөн тартып беш жылдан кечикпестен Апелляциялык кеңешке нааразылык арызы берилиши керек.

Бул норма каттого алынган же акниетсиз пайдаланылып жаткан товардык белгилерге карата колдонулбайт.

10. Товардык белгини жалпыга белгилүү деп таанытуу үчүн арызга төмөндөгү документтер тиркелиши мүмкүн, алар:

– товардык белгини тынымсыз пайдаланылып жаткандыгын ырастоочу документтер, муну менен бирге документтерде кайсы күндөн бери анын пайдаланыла баштагандыгы; ушул товардык белгиси бар товарлар кайсы калктуу пунктта сатылса ошол калктуу пункттардын тизмеси; ушул товардык белги кайсы товарга карата колдонулса, ошол товарлардын тизмеси; аны пайдалануунун жолдору: иш жүзүндө же үстүртөн пайдалануу; товарды керектөөчүлөрдүн жылдык орточо саны; товар чыгаруучунун экономиканын белгилүү секторунда рыноктогу абалы, ж.б.;

– товардык белгинин Кыргыз Республикасынын аймагында коомдун тиешелүү секторунда, ошондой эле андан сырткары жерлерде белгилүүлүгүнүн даражасын ырастоочу документтер;.

– товардык белгинин дүйнөдө пайдаланылган мөөнөтүнүн узактыгын жана анын географиялык масштабын ырастаган документтер;

– товардык белги менен тааныштыруу боюнча бардык жасалган иштер жөнүндө, анын ичинде аны рекламалоо жана жайылтуу, ошондой эле ал кайсы товарга карата колдонулса, ошол товардын жарманкелерде же көргөзмөлөрдө бет ачары өткөрүлгөндүгү жөнүндө документтер;

– товардык белгини Кыргыз Республикасында рекламалоо боюнча чыгымдар жөнүндө (беш жыл үчүн жылдык финансалык отчеттор);

– товардык белгинин пайдаланылышын же белгилүүлүгүн чагылдырган бардык каттоолор же аны каттатуу үчүн берилген өтүнмөлөр жөнүндө;

– товардык белгиге карата укуктарды Париж башка мүчө-өлкөлөрүндө ийгиликтүү ишке ашыруу – жалпыга белгилүүлүгүн таануу экендиги жөнүндө;

– товардык белгинин баасы (баалуулугу) жөнүндө;

– ушул товардык белги кайсы товарга арналса, ошол товарды чыныгы керектей турган керектөөчүлөрдүн тиешелүү чөйрөсүндө суроо-жооп жүргүзүүнүн жыйынтыктары жөнүндө;

– товардык белгинин жалпыга белгилүүлүгүн аныктоо үчүн маанилүү болгон башка маалыматтардын чыныгы экендигин ырастоочу документтер.

11. Керектөөчүлөрдүн арасында суроо-жооп жүргүзүү кызыкдар тараптардын талабы боюнча көз карандысыз укуктуу уюмдар тарабынан жүргүзүлүшү мүмкүн. Керектөөчүлөрдү суроонун жыйынтыгы атайын корутунду түрүндө жазылып, анда төмөндөгү маалыматтар болушу керек, алар:

– кайсы товардык белгиге карата суроо-жооп жүргүзүлсө, ошол белгинин сүрөтү;

– суроо-жооп качан жана каерде жүргүзүлгөн;

– суралган адамдардын саны жана алардын курамы; суроо-жооп өткөрүү учурунда коомдун төмөндөгү катмарлары эске алынышы керек:

а) ушул товардык белги колдонулган товардын түрүн чыныгы керектегендер же керектей тургандар;

б) ушул товардык белги колдонулган товардын түрүн таратуучу каналдарын ушул товар менен камсыз кылууга катышкандар;

в) ушул товардык белги колдонулган товардын түрлөрүнө тиешеси бар ишкер чөйрөлөр;

– суралгандар жөнүндө маалыматтар (жынысы, курагы, иштеген иши, ж.б.);

– суралгандардын жоопторун талдоонун жыйынтыгы (ушул товардык белги менен белгиленген товардык сапаты, товардык белги жана анын ээси жөнүндө маалыматтардын булагы; ушул товардык белги менен билдирилген товарлар, ж.б.),

Корутундуга социологиялык суроо-жооп жүргүзгөн уюмдун жетекчиси кол коюп, мөөр басып ырасташы керек.

Корутундуда баяндалган маалыматтардын чыныгы экендиги үчүн социологиялык суроо-жооп жүргүзгөн уюм жоопкер болуп эсептелет.

12. Товардын жогорку сапаттуулугун, анын товардык белгисин пайдалавуунун узактыгын, үзгүлтүксүздүгүн, тынымсыз пайдалангандыгын жана пайдаланылган өлчөмүн далилдөөчү документ болуп өнөр жайдын тиешелүү тармагынын укуктуу органдарынын, товарлар менен продукциялардын сапатын көзөмөлдөөчү органдардын, соода уюмдарынын, керектөөчүлөрдүн бирикмелери менен коомдорунун тыянактары (баяндоо каттары), сапат сертификаттары менен аттестаттары эсептелет.

13. Апелляциялык кеңеш товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө арызды ал берилген күндөн тартып төрт айдын ичинде карап чыгышы керек.

Апелляциялык кеңеш берилген материалдарды карап чыккандан кийин товардык белги коюлган талаптарга жооп берет деп тапса, арызды канааттандыруу, товардык белгини Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү деп таануу, аны Реестрде каттоо жөнүндө чечим чыгарат.

Эгерде товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу үчүн келтирилген далилдер жетишсиз болсо, Алелляциялык кеңеш берилген арызды канааттандыруудан жана товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

Апелляциялык кеңештин чечимин буздуруу ал чечим алынган күндөн тартып алты ай ичинде ишке ашырылышы мүмкүн.

14. Апелляциялык кеңеш кызыкдар тараптын “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11, 25-статьяларына ылайык берилген нааразылык арызы боюнча материалдарды карап чыгып, товардык белгини коюлган талаптарга жооп берет деп тапса, товардык белгини Кыргыз Республикасынын аймагында жалпыга белгилүү деп таануу, аны Реестрде каттоо, жана талаштуу товардык белгинин каттоосун жоюу жөнүндө чечим чыгарат. Эгерде келтирилген далилдер жетишсиз болсо ал берилген нааразылык арызын канааттандыруудан жана товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануудан баш тартуу жөнүндө чечим чыгарат.

15. Апелляциялык кеңеш товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жана аны Реестрде каттоого алуу жөнүндө чечим чыгарганда Кыргызпатент күбөлүк берип, ал жөнүндө расмий бюллетенде бир айдын ичинде маалымат жарыялайт.

Күбөлүктүн формасын жана анда көрсөтүлүүчү маалыматтардын курамын Кыргызпатент белгилейт.

16. Кызыкдар адамдын арызы же жалпыга белгилүү товардык белгинин ээсинин демилгеси боюнча жана далилдер жетиштүү болсо, Апелляциялык кеңеш жалпыга белгилүү товардык белгинин жалпыга белгилүүлүк статусу алынып салынгандыгы жөнүндө чечим чыгарууга укуктуу. Мындай учурда Апелляциялык кеңештин чечими боюнча Реестрде тиешелүү жазуу жазылат. Арыз берүүдө белгиленген өлчөмдө алым төлөнүшү керек.

IV. Жалпыга белгилүү товардык белгилерди учуратуу

17. Ушул Жобого ылайык жалпыга белгилүү товардык белги деп таанылган жана талаштуу товардык белгилер, фирмалык аталыштар же домен аталыштары менен кагылышкан товардык белгилер жалпыга белгилүүлүк статусун алган учурдан тартып артыкчылыктуу укуктук коргоого ээ болушат.

18. Эгерде кайсы бир товардык белги же анын маанилүү бөлүгү жалпыга белгилүү башка товардык белгинин кайталоосу, окшош жасалмасы, котормосу же тамгасы өзгөртүлгөн түрү болсо жана ал башка товардык белги менен чаташтырылып кетиши мүмкүн болсо, эгерде бул белги же анын маанилүү бөлүгү каттоого алуу үчүн өтүнмөнүн негизи болсо, же жалпыга белгилүү товардык белги колдонулуучу товарлар менен окшош товарларга карата каттоого алынган товардык белгилер талаштуу деп эсептелет.

Кайсы бир товарга карата колдонулуп жаткандыгына карабастан товардык белги каттоого алуу жөнүндө өтүнмөнүн негизи болсо же катталган болсо жана эгерде бул белги же анын маанилүү бөлүгү жалпыга белгилүү башка товардык белгинин кайталоосу, окшош жасалмасы, котормосу же тамгасы өзгөртүлгөн түрү болсо бул белги жалпыга белгилүү товардык белгиге карама-каршы турган белги деп эеептелет, эгерде:

а) ал кайсы бир товарларга карата колдонулган учурда анын ушул товарларга байланышы бар экендигин түшүндүрсө, каттоого алуу жөнүндө өтүнмөнүн негизи болсо же каттоого алынса жалпыга белгилүү товардык белгинин ээсине жана анын кызыкчылыктарына залал келтире турган болсо;

б) бул белгини колдонуу жалпыга белгилүү товардык белгинин айырмалуу жактарына залал келтире турган болсо же аны начарлатып жибере турган болсо;

в) бул белгиде жалпыга белгилүү белгинин айырмалуу жактары акниетсиз пайдаланылса.

Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу Апелляциялык кеңеш жөнүндө ЖОБО

Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматынын коллегиясынын 2010-жылдын 14-июлундагы № 8 токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын

Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына караштуу

Апелляциялык кеңеш жөнүндө

ЖОБО

(Кыргызпатенттин 2017-жылдын  21-декабрындагы токтомунун редакциясында)

I. Жалпы жоболор

II. Апелляциялык кеңештин милдеттери

III. Апелляциялык кеңештин иш-милдеттери

IV. Апелляциялык кеңештин укуктары

V. Апелляциялык кеңештин ишин уюштуруу

VI. Корутунду жоболор

I. Жалпы жоболор

1. Кыргыз Республикасынын Интеллектуалдык менчик мамлекеттик кызматына (мындан ары – Кыргызпатент) караштуу Апелляциялык кеңеш Кыргыз Республикасындагы өнөр жай менчик объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоо жөндөмдүүлүктөрү маселелери боюнча талаш-тартыштарды кароо боюнча милдеттүү баштапкы орган болуп саналат, ошондой эле ушул Жобо жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен Апеляциялык кеңештин компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарын ишке ашырат.

2. Кыргызпатентке караштуу Апелляциялык кеңеш (мындан ары – Апелляциялык кеңеш) интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо боюнча Кыргызпатенттин ишмердүүлүгүн жакшыртуу максатында түзүлөт.

3. Апелляциялык кеңеш өз ишмердигинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп саналган интеллектуалдык менчик объектилерин коргоо жаатындагы эл аралык келишимдерди, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын, ошондой эле ушул Жобону жетекчиликке алат.

II. Апелляциялык кеңештин милдеттери

4. Апелляциялык кеңештин негизги милдеттери болуп төмөндөгүлөр саналат:

а) Кыргыз Республикасында өнөр жай менчик объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоо жөндөмдүүлүктөрү маселелери боюнча талаш-тартыштарды сотко чейин кароо, каралган арыздар жана каршы болуулар боюнча чечим чыгаруу;

б) өнөр жай менчик объектилерине жана селекциялык жетишкендиктерге коргоо документтеринин ээлеринин, өтүнмө ээлеринин укуктарын, ошондой эле Кыргызпатенттин чечимине каршы болууларды жана өнөр жай менчик объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди каттоого же коргоо документтерин берүүгө каршы болууларды кароодо башка жеке жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарын коргогон мыйзамдар менен камсыз кылуу;

в) Апелляциялык кеңешке берилген арыздарды жана каршы болууларды кароо практикасынын негизинде интеллектуалдык менчик жаатындагы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жакшыртуу боюнча сунуштарды даярдоо;

г) эл аралык практикада жана Апелляциялык кеңеште аларды кароо практикасын талдоонун негизинде арыздарды жана каршы болууларды кароонун тартибин жакшыртуу;

д) интеллектуалдык менчик жаатында талаш-тартыштарды чечүүнүн маселелери боюнча эл аралык кызматташууга катышуу.

III. Апелляциялык кеңештин иш-милдеттери

5. Апелляциялык кеңеш өзүнө тагылган милдеттерге ылайык төмөндөгү иш-милдеттерди аткарат:

– өнөр жай менчик объектилерине өтүнмө боюнча эксперттөөнүн чечимине каршы болууларды, анын ичинде товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала чечимге каршы болууларды карайт;

– селекциялык жетишкендиктерге өтүнмө боюнча эксперттөөнүн чечимине каршы болууларды, анын ичинде жаңылыкка селекциялык жетишкендикке эксперттөө жүргүзүүдө түшкөн каршы болууларды карайт;

– коргоо документтерин берүүгө каршы болууларды, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында өнөр жай менчик объектилерин каттоого каршы болууларды карайт;

– селекциялык жетишкендиктерге коргоо документтерин берүүгө каршы болууларды карайт;

– Апелляциялык кеңеште каршы болууларды кароонун жашырындуулугун камсыз кылат;

– Кыргыз Республикасында жалпыга белгилүү товардык белгини, тейлөө белгисин таануу жөнүндө арызды карайт;

– жалпыга белгилүү товардык белгинин жалпыга белгилүү статусун жоготууну таануу жөнүндө арызды карайт;

– арыздарды жана каршы болууларды кароодо чечим чыгарат.

IV. Апелляциялык кеңештин укуктары

6. Апелляциялык кеңеш төмөндөгүлөргө укуктуу:

а) каршы болууну берген жактан, ошондой эле башка кызыкдар жактардан чечим чыгаруу үчүн керектүү кошумча маалыматтарды суроо жана алар менен кат алышуу;

б) Апелляциялык кеңештин талаш-тартыштарды кароо практикасын жалпылаган жыйынтыгын Кыргызпатенттин басылмаларында белгиленген тартипте жарыялоо;

в) өзгөчө учурларда билдирилген талаптар иштин айкындалган кырдаалына жараша чегинен чыгат;

г) өзүнүн чечими менен атайын таанууларды талап кылган маселелерди тактоо үчүн көз карандысыз эксперттерди дайындоо;

д) алар тарабынан мыйзам бузуулар же алардын ишинде олуттуу жетишпестиктер табылганда кызматкерлерге, Кыргызпатенттин түзүмдүк бөлүмдөрүнө жана анын ведомствого караштуу уюмдарына, ошондой эле патенттик ишенимдүү өкүлдөрүнө карата жекече чечим чыгаруу;

е) Апелляциялык кеңештин компетенциясына кирген маселелер боюнча симпозиумдардын, конференциялардын, кеңешмелердин, семинарлардын ишине ж.б.у.с., ошондой эле эл аралык кызматташууларга катышуу;

7. апелляциялык кеңеш төмөндөгүлөргө милдеттүү:

а) коллегиялуулук принцибине ылайык арыздарды жана каршы болууларды кароону жүзөгө ашырат;

б) каршы болууларга жана арыздарга алып келүүчү факторлорду объективдүү баалоону, сунуш кылынган материалдарды толук жана ар тараптуу изилдөөнү камсыз кылуу;

в) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык негизделген жана далилденген чечимдерди кабыл алуу;

г) зарыл учурларда каршы болууларды жана арыздарды кароонун жашырындуулугунун камсыз кылуу;

д) каршы болууларды жана арыздарды кароодо өтүнмө ээлеринин, коргоо документтеринин ээлеринин, ошондой эле башка жактардын укуктарын жана мыйзамдык кызыкчылыктарын сактоону жана коргоону камсыз кылуу.

V. Апелляциялык кеңештин ишин уюштуруу

8. Кыргызпатенттин Апелляциялык кеңеши Апелляциялык кеңештин төрагасын, анын орун басарын, мүчөлөрүн жана катчысын түзөт.

Апелляциялык кеңештин төрагасы болуп Кыргызпатенттин директору саналат.

9. Апелляциялык кеңештин курамы Кыргызпатенттин директорунун буйругу менен 7 мүчө санында Кыргызпатенттин абдан компетенттүү кызматкерлеринен жана анын ведомствого караштуу уюмдарынан бекитилет. Апелляциялык кеңештин отурумундарында талаштарды ачык жана айкын карап чыгуу максатында, Апелляциялык кеңештин чечим кабыл алуусуна, добуш берүүгө укугу жок коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу жана байкоочу кеңештин мүчөсү катышууга укугу бар.

Апелляциялык кеңештин катчысы болуп, Апелляциялык кеңештин чечимдерин кабыл алууда добушка укугу жок, иш кагаздарын жүргүзүү иш-милдетин аткарган туруктуу иштеген кызмат адамы саналат.

Даттанууларды, каршы болууларды же арыздарды кароого катышуучулар менен туушкандыкта, өз ара туугандыкта турган жак, ошондой эле экспертиза жүргүзүүдө талаш болгон чечимди чыгарууга же өнөр жай менчик объектилерине жана селекциялык жетишкендиктерге талаш болгон коргоо документтерин берүү жөнүндө чечимге катышкан жак Апелляциялык кеңештин курамына кире албайт.

10. Апелляциялык кеңештин төрагасы Апелляциялык кеңештин ишмердүүлүгү үчүн жеке жоопкерчилик тартат, каршы болууларды кароо боюнча Апелляциялык кеңештин ишин уюштурат жана жооп берет, отурумду алып барат, анын чечимдеринин аткарылышын камсыз кылат, ошондой эле Апелляциялык кеңештин орун басарынын, мүчөлөрүнүн жана катчыларынын жоопкерчилик деңгээлин белгилейт.

Апелляциялык кеңештин төрагасы жок болгондо анын иш-милдеттерин Апелляциялык кеңештин төрагасынын орун басары аткарат.

11. Талаш-тартыштарды чечүүдө Апелляциялык кеңештин мүчөлөрү көз карандысыз жана чыгарылган аныктамалардын, чечимдердин мыйзамдуулугун жана негиздүүлүгүн камсыз кылуу менен мыйзам негизинде так туура иш алып барат.

VI. Корутунду жоболор

12. Бул Жободо караштырылбаган учурлар үчүн Кыргыз Республикасынын Граждандык процессуалдык кодексинин ченемдери колдонулат.

13. Ушул Жобо күчүнө кире электе берилген арыздар андан кийин каралат жана анын таасирине түшөт.

Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун ЭРЕЖЕЛЕРИ

Кыргыз Республикасынын Убактылуу Өкмөтүнүн
2010-жылдын 9-июлундагы
N 117 токтому менен
бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун
ЭРЕЖЕЛЕРИ

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263, 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

I. Жалпы жоболор

1. Бул Эрежелер (мындан ары – Эрежелер) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңешке арыздарды, каршы пикирлерди берүүнүн жана аларды кароонун тартибин белгилейт.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы Апелляциялык кеңеш (мындан ары – Апелляциялык кеңеш) Кыргыз Республикасында өнөр жай менчик объектилерин жана селекциялык жетишкендиктерди коргоого жөндөмдүүлүк маселелери боюнча талаш-тартыштарды карап чыгуу боюнча милдеттүү түрдөгү баштапкы орган болуп эсептелет, ошондой эле бул Эрежелер жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актылары менен Апелляциялык кеңештин компетенциясына кирген башка ыйгарым укуктарды ишке ашырат.

Апелляциялык кеңештин курамы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматынын алдындагы уюмдарынын эң компетенттүү кызматкерлеринин 7 мүчөсүнөн түзүлөт жана Кыргызпатенттин буйругу менен бекитилет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

II. Апелляциялык кеңешке берилүүчү каршы пикирлер жана арыздар

3. Апелляциялык кеңешке Кыргыз Республикасынын Патент Мыйзамына, “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө”, “Селекциялык жетишкендиктерди укуктук коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана белгиленген тартипте күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучу болуп эсептелген эл аралык келишимдерге ылайык төмөнкүдөй каршы пикирлер жана арыздар берилиши мүмкүн:

1) ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге, селекциялык жетишкендикке патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө чечимге;

2) товардык белгини, тейлөө белгисин жана товар чыгарылган жердин аталышын каттоодон баш тартуу жөнүндө алдын ала экспертизанын чечимине;

3) 1900-жылдын 14-декабрында Брюсселде, 1911-жылдын 2-июнунда Вашингтондо, 1925-жылдын 6-ноябрында Гаагада, 1934-жылдын 2-июнунда Лондондо, 1957-жылдын 15-июнунда Ниццада жана 1967-жылдын 14-июлунда Стокгольмдо кайра каралып чыккан 1891-жылдын 14-апрелиндеги Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна (мындан ары – Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусу) ылайык товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон алдын ала баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;

4) 1989-жылдын 28-июнундагы Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго (мындан ары – Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протокол) ылайык товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон алдын ала баш тартуу жөнүндө экспертизанын чечимине;

5) ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге, патент берүүдөн баш тартуу жөнүндө формалдык же алдын ала экспертизанын чечимине;

6) селекциялык жетишкендикке өтүнмө берүүгө каршы;

7) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон баш тартуу жөнүндө өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган чечимге;

8) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна ылайык өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон биротоло баш тартууга;

9) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго ылайык өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча товардык белгини, тейлөө белгисин каттоодон биротоло баш тартууга;

10) өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган товарлар чыгарылган жерлердин аталышын каттоого жана пайдаланууга укук берүүгө жана товарлар чыгарылган жерлердин катталган аталышын пайдаланууга укук берүүнү каттоодон баш тартуу жөнүндө чечимге;

11) өтүнмө берилген белгини экспертизанын жыйынтыгы боюнча кабыл алынган товардык белгини, тейлөө белгисин каттоо жөнүндө чечимге, анын ичинде төмөнкүдөй учурларда:

– экспертиза тарабынан белгинин бир же бир нече элементтерин коргоодон чыгарганда;

– белгини каттоо суралып, өтүнүүчү берген товарлардын тизмеси экспертиза тарабынан өзгөргөндө;

12) (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

13) (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

14) ойлоп табууга патентти, анын ичинде Евразия патенттик конвенциясына ылайык алынган ойлоп табууга, өнөр жай үлгүсүнө, пайдалуу моделге, селекциялык жетишкендикке патент берүүгө каршы;

15) товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы;

16) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна ылайык товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы;

17) Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго ылайык товардык белгини, тейлөө белгисин каттоого каршы;

18) товар чыгарылган жердин аталышын каттоого жана товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна күбөлүк берүүгө каршы;

19) товарлар келип чыккан жерлеринин аталыштарын каттоонун же товарлар келип чыккан жерлеринин аталышына пайдаланууга укук берүү күбөлүгүнүн күчүн токтотуу жөнүндө;

20 (КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263, 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

4. Апелляциялык кеңешке төмөнкүдөй арыздар берилиши мүмкүн:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында товардык белгини жалпыга белгилүү деп таануу жөнүндө;

2) жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин жалпыга белгилүү статусун жоготкондугу жөнүндө.

III. Каршы пикирлерди жана арыздарды берүүнүн шарттары жана тартиби

5. Бул Эрежелердин 3-пунктунун 1-5, 7-11-пунктчаларында жана 4-пунктунун 1-пунктчасында каралган каршы пикирлер жана арыздар өтүнүүчү тарабынан тикелей же анын өкүлү аркылуу берилет.

Бул Эрежелердин 3-пунктунун 6, 14-19-пунктчаларында жана 4-пунктунун 2-пунктчасында каралган каршы пикирлер жана арыздар кайсыл жак болбосун тикелей же анын өкүлү аркылуу берилет.

Каршы пикирлер же арыздар мамлекеттик же расмий тилдерде берилет.

Чет өлкөлүк юридикалык жактар же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган жеке жактар же алардын патенттик ишенимдүү өкүлдөрү эгер Кыргыз Республикасы катышкан эл аралык макулдашууда башка тартип белгиленбесе, каршы пикирлерин, алар боюнча Апелляциялык кеңешке кат алышат жана Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлдөр аркылуу отурумдарга катышышат.

Өкүл же патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу берилген каршы пикирге же арызга Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык таризделген ишеним кат тиркелет.

Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары туруктуу жашаган чет өлкөлүк юридикалык жактын же жеке жактын кызыкчылыктарын өкүлдөөгө Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүлгө ишеним катты ушул өтүнүүчү өзү же өтүнүүчү берген тийиштүү ишеним каты бар анын патенттик ишенимдүү өкүлү бере алат. Акыркы учурда айтылган ишеним каттын экөө тең же тийиштүү түрдө таризделген алардын көчүрмөлөрү көрсөтүлөт.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

6. Каршы пикирде же арызда төмөнкүлөр көрсөтүлүшү керек:

– ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө, товардык белгиге, тейлөө белгисине жана товар чыгарылган жердин аталышына, селекциялык жетишкендикке өтүнмөнүн каттоо номуру, ал эми коргоо документи тууралуу талаш-тартыш болгондо, документтин номуру, каршы пикирди берген жеке жактын фамилиясы, аты же юридикалык жактын аталышы жана кат алышуу үчүн дареги;

– даттануу берилген чечимге карата талаш-тартыштын мааниси;

– сунушталган жана бардык ага каршы көрсөтүлгөн объектилердин салыштыруу талдоосун кошкондо, өтүнүүчүнүн бардык далилдерин жана жүйөлөрүн толугу менен көрсөтүү (коргоо документин берүүдөн баш тартууда);

– өтүнүүчүнүн пикири боюнча анын талаптарынын жана каршы пикирлеринин негизи болгон жүйөлүү далилдер жана негиздүү жагдайлар;

– талаш-тартыш предмети боюнча өтүнүүчүнүн так билдирилген талаптары.

Апелляциялык кеңешке каршы пикир же арыз эки нускада берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

7. Бул Эрежелердин 3-пунктунун 1-4, 7-11-пунктчаларында каралган каршы пикирлер өтүнүүчү чечимди алган күндөн тартып, үч айдын ичинде берилет.

Бул Эрежелердин 3-пунктунун 5-пунктчасында каралган каршы пикирлер өтүнүүчү чечимди алган күндөн тартып эки айдын ичинде берилет.

Бул Эрежелердин 3-пунктунун 6-пунктчасында каралган каршы пикирлер өтүнмө жөнүндө маалыматтарды жарыялаган күндөн тартып, алты айдын ичинде берилет.

(4-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

(5-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бул Эрежелердин 3-пунктунун 14-пунктчасында каралган каршы пикирлер патенттин колдонуунун бардык мөөнөтүндө берилет.

“Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 3 жана 4-беренелеринде белгиленген талаптар бузулган учурда ушул Эрежелердин 3-пунктунун 15-пунктчасында каралган каршы пикир каттоону колдонуунун бардык мөөнөтүндө берилет, ал эми “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинде белгиленген негиздемелер боюнча – расмий бюллетенге каттоо жөнүндө маалыматтарды жарыялаган күндөн тартып беш жыл өткөнгө чейин берилет.

Бул Эрежелердин 3-пунктунун 16-17-пунктчаларында каралган каршы пикирлер товардык белгини, тейлөө белгисин каттоонун бардык мөөнөтүндө берилет.

Бул Эрежелердин 3-пунктунун 18-пунктчасында каралган каршы пикирлер товар чыгарылган жердин аталышын каттоону, товар чыгарылган жердин аталышын пайдаланууга укук берүүнүн күбөлүгүн колдонуу мезгилинде берилет.

Бул Эрежелердин 3-пунктунун 19-пунктчасында каралган каршы пикирлер товарлар келип чыккан жерлердин аталыштарын каттоонун же товарлар келип чыккан жерлердин аталышын пайдаланууга укук берүү күбөлүгүн колдонуу мөөнөтүндө берилет.

(11-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Бул Эрежелердин 4-пунктунун 1-пунктчасында каралган арыз товардык белгинин каттоосун колдонуу мезгилинде берилет.

Бул Эрежелердин 4-пунктунун 2-пунктчасында каралган арыз жалпыга белгилүү болгон товардык белгинин каттоосун колдонуу мезгилинде берилет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263, 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

8. Каршы пикирге же арызга каршы пикир же арыз берүү үчүн белгиленген өлчөмдөгү тийиштүү алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тиркелиши керек.

Бир түрдүү товарларга карата, ушул Эрежелердин 3-пунктунун 2, 3, 4, 7, 8, 9-пунктчаларында караштырылган каршы пикирге, берилген белгилемени каттоого “Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5-беренесинин 1-бөлүгүнүн 1, 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн товардык белгинин ээсинин макулдугу тиркелет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263, 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

9. Каршы пикир же арыз берген күн болуп Апелляциялык кеңешке каршы пикир же арыз берүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документти тиркөө менен бул Эрежелердин талаптарына ылайык таризделген каршы пикир же арыз берген күн эсептелет.

Берилген каршы пикири же арызы ушул Эрежелердин талаптарына туура келбесе же каршы пикир же арыз менен бирге белгиленген өлчөмдө алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, каршы пикир же арыз берилбеген болуп эсептелет.

Алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тариздөө тартибин бузуу менен берилсе жараксыз болуп эсептелет, ал эми каршы пикир же арыз өтүнүүчүгө оңдогонго кайтарылып берилет. Каршы пикирди же арызды карап чыгуунун мөөнөтү оңдолгон документ берилген күндөн тартып эсептелет.

10. Каршы пикир же арыз берген жак же анын өкүлү Апелляциялык кеңештин чечиминин бүтүмү жарыяланганга чейин берген каршы пикирин же арызын кайра сурап ала алат. Мында каршы пикир же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилбейт.

11. Өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы же берилбеген болуп эсептелген каршы пикирди же арыз бергендиги үчүн төлөнгөн алым кайтарылып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.

12. Өтүнүүчү тарабынан каршы пикирдин өткөрүлгөн мөөнөтү өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык калыбына келтирилиши мүмкүн.

Өтүнүч кат каршы пикирди берүүнүн мөөнөтүнүн өтүп кетишинин жүйөлүү себептерин тастыктоону камтышы керек жана ага каршы пикирдин өткөрүлгөн мөөнөтүн калыбына келтирүү үчүн белгиленген өлчөмдө алым жана каршы пикир үчүн алым төлөгөндүгүн тастыктаган документ тиркелиши керек.

Өтүнүч кат менен бирге каршы пикирди берүү мөөнөтүнүн өтүп кеткендигинин жүйөлүү себептерин тастыктаган, белгиленген өлчөмдө көрсөтүлгөн алымдарды төлөгөндүгүн тастыктаган документ берилбесе, өтүнүч кат жана каршы пикир берилбеген болуп эсептелет.

Эгер алым белгиленгенден аз төлөнгөн жана/же анын төлөгөндүгүн тастыктаган документ болбогон учурда, каршы пикир же арыз берилбеген болуп эсептелет.

13. Өтүнүүчүнүн өтүнүч каты боюнча алымдын ашык төлөнгөн суммасы же каршы пикир берүүнүн мөөнөтүнүн өтүп кеткендигин калыбына келтирүү жана өтүнүч кат менен бирге каршы пикир берилбеген деп таанылган учурда каршы пикир үчүн алымдардын төлөнгөн суммасы кайтарылып берилет же башка алымдарды төлөөнүн эсебине белгиленген тартипте чегерилет.

IV. Каршы пикирлерди жана арыздарды каттоо жана кабыл алуу

14. Бул Эрежелердин II бөлүмүндө каралган каршы пикир же арыз болуп Апелляциялык кеңешке келип түшкөн бул Эрежелердин III бөлүмүндө каралган каршы пикир же арызды берүүнүн шарттарын канааттандырган жазуу түрүндөгү каршы пикир же арыз таанылат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

15. Апелляциялык кеңешке келип түшкөн каршы пикир же арыз катталат жана ага каршы номуру ыйгарылат.

16. Бул Эрежелердин 3-пунктунун 14-19-пунктчалары жана 4-пунктунун 2-пунктчасында каралган каршы пикирди же арызды карап чыгууга кабыл алуу жөнүндө талаш-тартышка түшкөн коргоо документинин ээсине каршы пикирдин же арыздын көчүрмөлөрүн тиркөө менен кабарлоо жиберилет.

Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна же Белгилерди эл аралык каттоо жөнүндө Мадрид макулдашуусуна карата Протоколго ылайык катталган товардык белгинин, тейлөө белгисинин ээсине жиберилүүчү кабарлоо белгинин ээсинин дарегине тикелей жөнөтүлөт. Мында мындан ары каршы пикир же арыз менен байланыштуу ишти жүргүзүү ушул Эрежелердин III бөлүмүнө ылайык Кыргызпатентте катталган патенттик ишенимдүү өкүл аркылуу ишке ашырылат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

17. Эгер каршы пикир же арызды берүү ушул Эрежелердин III бөлүмүндө каралган шарттарды канааттандырбаса, каршы пикир же арыз кайтарылып берилип, берилбеген болуп эсептелет.

V. Каршы пикирлерди жана арыздарды карап чыгуунун мөөнөтү

18. (1-абзац КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

Өтүнүч кат жүйөлүү себептери көрсөтүлүп, жазуу түрүндө берилет жана эгер ал даттанууну же арызды кароонун жарыяланган мөөнөтүнө чейин үч жумушчу күндөн мурда келип түшсө, кабыл алынат.

Ушул Эрежелердин 3-пунктунун 14-пунктчасында каралган каршы пикирлер Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып, алты айдын ичинде каралып чыгат.

Ушул Эрежелердин 4-пунктунун 1-2-пунктчаларында каралган арыздар Апелляциялык кеңеш тарабынан ал келип түшкөн күндөн тартып, төрт айдын ичинде каралып чыгат.

(КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 20-январындагы № 37 токтомунун редакциясына ылайык)

19. Каршы пикирин же арызын кабыл алуу жөнүндө Апелляциялык кеңеш тарабынан кабарлоо жиберилген кайсы жак болбосун Апелляциялык кеңешке жүйөлүү себептерин көрсөтүү менен коллегиянын отурумунун мөөнөтүн жылдыруу тууралуу өтүнүч кат менен кайрыла алат.

Өтүнүч кат жазуу түрүндө берилиши керек жана эгер ал даттанууну карап чыгуунун жарыяланган мөөнөтүнө чейин үч жумушчу күндүн ичинде келип түшсө, эске алынат.

Бул учурда Апелляциялык кеңештин отурумун өткөрүүнүн жаңы датасы дайындалат, бул тууралуу каршы пикирди же арызды кароонун бардык катышуучуларына билдирилет.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

20. Апелляциялык кеңеш иш боюнча өндүрүштү төмөнкүдөй учурларда токтотууга милдеттүү:

– эгер талаш-тартышка түшкөн укук мамилеси укук мураскорлукка уруксат берсе, каршы пикирди же арызды карап чыгуунун катышуучусу болуп эсептелген жаран (жеке жак) каза болсо же юридикалык жак жоюлганда же кайра өзгөртүлүп түзүлсө – чыгып калган жактын укук мураскорун аныктаганга чейин;

– жарандык сот ишинде же административдик тартипте каралып чыгуучу башка иш чечилгенге чейин бул ишти карап чыгуу мүмкүн эмес болгондо.

Иш боюнча өндүрүш токтотулгандан кийин мыйзамдарда каралган бардык мөөнөттөрдүн ичинде токтотулат.

Иш боюнча өндүрүш иштин бүтүшүнө кызыкдар болгон юридикалык жактын арызы боюнча же анын токтоп калышына негиз болуп калган кырдаалды четтеткенден кийин Апелляциялык кеңештин демилгеси боюнча кайтадан башталат.

VI. Апелляциялык кеңештин отурумунда каршы пикирди же арызды карап чыгуу

21. Каршы пикирди же арызды карап чыгуу курамында бештен кем эмес мүчөсү бар Апелляциялык кеңештин отурумунда жүргүзүлөт.

22. Каршы пикирди же арызды карап чыгууда каршы пикир же арыз берген жак, талаш-тартышка түшкөн коргоо документинин ээси жана/же өкүлү жана Кыргызпатенттин экспертизасынын тийиштүү бөлүмүнүн төрагасы катыша алат.

Каршы пикир же арыз берген жак, коргоо документинин ээси өзү, ошондой эле анын ыйгарым укугу тиешелүү түрдө таризделген ишеним кат менен тастыкталган өкүлү аркылуу каршы пикирди же арызды карап чыгууга катыша алат.

Апелляциялык кеңеш башка жактарга добуш берүү укуксуз катышууга уруксат бере алат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

23. Каршы пикирди же арызды карап чыгууда катышууга укугу бар жана Апелляциялык кеңештин отурумунун өткөрүлө турган күнү жана орду жөнүндө кабарлоо алган кайсы болбосун жактын келбей калышы каршы пикирди же арызды карап чыгууга тоскоолдук келтирбейт.

Апелляциялык кеңеш ошол отурумда тараптардын келбегендигине байланыштуу, каршы пикирди же арызды карап чыгуу мүмкүн эместигин таанып, отурумду өткөрүү мөөнөтүн жылдырууга укуктуу.

24. Апелляциялык кеңеште иш мамлекеттик же расмий тилдерде жүргүзүлөт. Иш жүргүзүлүп жаткан тилдерди билбеген талаш-тартыштарга катышкан жактарга котормочу аркылуу талаш-тартыштын материалдары менен таанышууга жана Апелляциялык кеңештин ишине катышууга укук берилет.

Апелляциялык кеңештин отурумунда жаздыруу аппаратурасы Апелляциялык кеңештин макулдугу менен гана пайдаланылат.

25. Апелляциялык кеңештин отурумун төрага жетектейт.

Төрага Апелляциялык кеңештин отурумун ачат жана каршы пикирди же арызды кароого катышуучу адамдарды, Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүн тааныштырат.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

26. Маңызы боюнча каршы пикирди же арызды карап чыгууда төрага тарабынан каршы пикирди же арызды жарыялоодон башталат.

Ишти андан ары карап чыгуу, эреже катары төмөнкүдөй ырааттуулукта жүргүзүлөт:

– тараптарды жана Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүнүн суроолоруна жоопторду угуу;

– зарыл болгон учурда, эксперттер чыгып сүйлөшөт.

27. Апелляциялык кеңештин отурумунун протоколу Апелляциялык кеңештин катчысы тарабынан жүргүзүлөт.

Отурумдун протоколуна Апелляциялык кеңештин төрагасы жана катчысы кол коет.

28. Зарыл учурда Апелляциялык кеңеш өз чечими менен атайын таанууну талап кылган маселелерди түшүндүрүү үчүн көзкарандысыз экспертизаны дайындоого укуктуу. Бул адистерге карап чыгууга берилүүчү материалдар өтүнүүчү жана каралуучу талаш-тартыштын маңызы жөнүндө маалыматтарды камтыбашы керек.

Көзкарандысыз экспертизаны жүргүзүү зарыл болгон билими бар компетенттүү адистерге тапшырылышы керек.

Көзкарандысыз эксперт зарыл учурда Апелляциялык кеңештен кошумча материалдарды суроого укуктуу.

Көзкарандысыз эксперттин корутундусу төмөнкүлөрдү камтышы керек:

– жүргүзүлгөн изилдөөлөргө толук баяндоо;

– жыйынтыгы боюнча чыгарылган корутунду;

– Апелляциялык кеңеш тарабынан берилген суроолорго негизделген жооптор.

Апелляциялык кеңешке корутунду жазуу түрүндө берилет. Көзкарандысыз эксперт корутундуну толук жана так бербеген учурда, Апелляциялык кеңеш кайрадан экспертизаны жүргүзүүнү белгилөөгө укуктуу, аны жүргүзүүнү ошол эле экспертке же башка көзкарандысыз экспертке же эксперттик комиссияга тапшырылат.

VII. Чечимдин күчүнө кириши

29. Апелляциялык кеңештин чечими маңызы боюнча каршы пикирди же арызды карап чыккандан кийин Апелляциялык кеңештин мүчөлөрүнүн кеңешүүсүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынат.

Чечим Апелляциялык кеңештин катышуучу мүчөлөрүнүн жалпы санынын жөнөкөй көпчүлүк добушу менен кабыл алынат. Добуштар тең болгон учурда, Апелляциялык кеңештин төрагасынын добушу чечүүчү болуп эсептелет.

Апелляциялык кеңеш тарабынан кабыл алынган чечимдин корутундусун каршы пикирди же арызды карап чыгууга катышкан тарапка төрага жарыялайт.

30. Апелляциялык кеңештин кайсы мүчөсүнүн болбосун өзгөчө пикири болсо, ал чечимге тиркелет.

31. Апелляциялык кеңештин чечими жазуу түрүндө баяндалат, төрага жана талаш-тартыштарды карап чыгууга катышкан Апелляциялык кеңештин бардык мүчөлөрү тарабынан кол коюлат.

Ушул Эрежелердин II бөлүмүндө каралган каршы пикирди же арызды карап чыгуунун жыйынтыгы боюнча каршы пикирди же арызды канааттандыруу, жарым-жартылай канааттандыруу же баш тартуу жөнүндө чечим чыгарылат.

32. Апелляциялык кеңештин жүйөлүү чечими түзүлөт жана каршы пикирин же арызын берген жакка, ошондой эле коргоо документи же каттоо талаш-тартышка түшкөн учурда – коргоо документинин ээсине чечим чыгарылган датадан кийин бир айдын ичинде жөнөтүлөт. Зарыл болгон учурда чечимдин көчүрмөсү Кыргызпатенттин тийиштүү бөлүнүштөрүнө жиберилиши мүмкүн.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)

33. Апелляциялык кеңештин чечими аны кабыл алган күндөн тартып күчүнө кирет.

34. (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

35. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурда Апелляциялык кеңештин чечими менен макул болбосо, каршы пикирди билдирген тарап чечимди алган учурдан тартып, алты айдын ичинде сотко даттанууга укугу бар.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 20-майындагы № 263 токтомунун редакциясына ылайык)