Автордук укук объектилерин пайдалануучулардын эсине

Колдонуучулар үчүн

Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин колдонуучуларга: телерадиокомпаниялар, театрлар, филармониялар, коомдук тамактануу жайлары (кафе, бар, ресторандар), фонограмма чыгаруучулар, концерттик оюн-зоок иш-чараларын уюштуруучулар, контент-провайдерлер, соода борборлору жана башкалар кирет.

“Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин колдонуу үчүн автордук сый акылардын минималдык өлчөмү жөнүндө” Жобонун  5-пунктуна ылайык, бардык колдонуучулар Кыргызпатент менен автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин колдонуу укугуна лицензиялык келишим түзүүгө милдеттүү. Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин лицензиялык келишимсиз пайдалануу автордук укук жана чектеш укуктар чөйрөсүндөгү мыйзамдарды бузууга жатат.

Колдонуучулардын ар бир категориясы боюнча лицензиялык келишимдердин шарттары жана автордук сый акынын өлчөмү менен төмөнкү шилтемелер аркылуу таанышса болот.